18 декабря 2015 г. 14:05 416

Оюн биз жок эле башталган. Аны токтотууга күч жетпейт. Кошулайын десең, оюнчунун колундагы кагаз картасың. Ал чечет, сени оюнга кошууну же кошпоону. Бирок ойгонсоң, мунун баары балким түштүр…

Моюн сунбаганга мыйзамдын пайдасы тийбейт

Кыргызстанда бири-бирине окшогон бир нече окуя болду. Жайында Бишкектин Горький көчөсүндө террордук акцияга даярданып атат деген адамдар жок кылынды. Ноябрда түрмөдөн качкан 9 кылмышкердин 3өө абакта, 4өө сыртта өлтүрүлдү. Кечээ жакында аймактык милиционерди өлтүргөнгө катышкан делген 2 адам атылып, жашаган жерлеринен бир топ курал-жарак табылды. Эмне үчүн диний радикалдардан атып кутулуп атышат? Себеби бир эле. Алар мамлекеттин мыйзамдарына да, “чёрный” деп аталган чөйрөнүн эрежелерине да, мусулман шариятына да, ата-бабанын каада-салтына да чоочун. Ошондуктан радикалдардын мыйзамга баш иерине эч ким кепил боло албайт.

Буга окшогон окуялар дүйнөдө да болуп жатат. Террорчулуктун ислам дини менен байланышы жок экенин демократиялык мамлекеттердин лидерлери бир ооздон айтып чыгышты. Радикал жана экстремисттик топтордон алыс болгон мусулмандар бул сөздүн туура экенин билишет. Бирок кээ бир мусулман жаштардын канкор үгүтчүлөрдү ээрчип кетип атканы – факт.

Дүйнөдөгү акыркы кандуу кылмыштарды Францияда, Германияда жана АКШда туулуп-өскөн мусулман жарандары уюштурган. Бул көйгөй батыштык серепчилердин да башын оорутуп келет. Алардын баамында бул жаштардын ата-энелери батыш коомуна качкын катары келишкен. Убагында алар батыш коомунун жектөөсүнө тушугушкан. Мындай мамиле алардын үй-бүлөлөрүнө терс таасир берип, балдары өздөрү төрөлгөн коомго чоочун болуп өсүшкөн. Ара жолдо калган бул муунду акыры радикал топтор өз кызыкчылыгына колдоно башташкан.

Кээ бир мусулман серепчилер да: «Эмне үчүн кээ бир адамдар Кудайдын да, мамлекеттин да мыйзамдырына баш ийишпейт?» – деген суроо беришүүдө. Алардын баамында мыйзам ким тарабынан өкүм кылынбасын, эгер адам ага баш ийип, моюн сунбаса, ал мыйзам ага эч кандай пайда алып келбейт. Эң жогорку коомдук секичеде тургандар мыйзамга баш ийүүнүн үлгүсү болбой, аны каалаганындай бурмалай берсе, укукту көзгө илбөө илдети коомго тез эле жайылат. Исламдын 14 кылымдык тарыхында бийликти башкаларга тарттырып жиберем деп коркуп, өздөрү чыгарган кыска ойлуу эрежелерин Ыйык Курандын талаптарына теңеп жиберген өкүмдарлар да өткөн. Азыр да мусулмандык делген кээ бир мамлекеттерди ушуга окшогон заалымдар башкарып келет.

Демек, маселе адамдардын оңбой калгандыгында эмес. Маселе – адамга адам катары жана мыйзамга мыйзам катары мамиле кылынбай калганында.

Улутчулдар батыш бийлигине илешүүдө

ДАИШ деп атала баштаган, өздөрүн «Ислам мамлекети» дешкен террорчу топ менен Орусиянын Сириядагы кагылышуусу Европа саясатында таң калыштуу натыйжаларды бере баштады. Европа мамлекеттеринин үшүн алган сириялык качкындардын азаюусу же арбуусу бул эки күчтүн жоолашуусунун тутанып же басаңдашына байланыштуу болуп калды. Айрым батыштык серепчилер Владимир Путин уят-сыйытты жыйыштырып коюп, Жакынкы Чыгыштын качкындарын таш боордук менен Европага каршы пайдаланууда деп жазып жиберишти.

Владимир Путиндин авторитардуу жана улутчул лидердин үлгүсү болуп калганы эч кимге жашыруун эмес. Анын дүйнөдөгү аброюнун артуусу жер жүзүндөгү авторитардуу улутчул лидерлерге дем берип келет. Бул аптада дүйнөнүн авторитар-улутчул лидерлери менен демократиялык башкарууну каалаган мамлекеттердин төбөлдөрүнүн көңүлү Францияга бурулду. Себеп дегенде, үгүт иштеринин бир бөлүгүн орусиялык каржынын эсебинен жүргүзүп келген Марин Ле Пен менен анын жээни Марион Марешаль-Ле Пен деген айымдар жетектеген ашкере улутчул Элдик фронт Франциянын 13 шайлоо аймагынын 6сында бийликти алып коё жаздады. Алып коё жаздады дегенибизди кененирээк түшүндүрсөк, Францияда жергиликтүү шайлоолор эки тур менен өтөт. Жергиликтүү өкмөттү башкарууга мүмкүндүк берген 1910 мандатка быйыл 170 партия менен саясий топтордун 21,4 миң талапкери ат салышкан. Шайлоонун биринчи турунда Евробиримдиктен чыгуу жана сириялык качкындарды киргизбөө урандары менен чыккан Ле Пендердин партиясы жогорудагы натыйжага жетишкен. Белгилүү бир пайыздык бөгөттү ашып өтө алган партиялар экинчи турда кайра ат салышат. Азыркы президент Франсуа Оланд жетектеген Социалисттик партия улутчулдардын бийликке келүүсүнө бөгөт коюу үчүн талапкерлеринин тизмелерин кайра чакыртып, шайлоочуларын Николя Саркози жетектеген Республикалык партиянын талапкерлерин колдоого чакырган. Серепчилердин айтымында жергиликтүү шайлоолордо улутчулдарга бөгөт коюуга Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс да чоң салым кошкон. Биринчи турда шайлоого 49 пайыз гана шайлоочу келгенин көргөн Вальс элге улутчулдар бийликке келсе, жарандык кагылышуулар башталат деп, элди экинчи турга активдүү катышууга чакырган. Экинчи турга шайлоочулардын 58,5 келип, улутчул Элдик фронттун бир да өкүлү 13 аймактын биринин да башына келе албай калды. Ошентип, атайынбы, же кокустукпу, айтор, сириялык качкындарга каршы чыгып, орусиялык акча менен шайлоого кирген партия аз жерден Евробиримдиктин тымтыракайын чыгарып сала жаздады. Бул шайлоолор 2017-жылы өтчү парламенттик жана президенттик шайлоолордун репетициясы экенин билсек, маселе ушу менен токтоп калбашына көз жетет. Марага колу жетип туруп, утулуп калганына ызаланып ачуусу келген Ле Пен айым: «Бизди эч ким токтото албайт», – деп бекеринен айткан жок болуш керек.

Орустун оюну жаман…

Дүйнөлүк саясат карта менен ойногон кумар оюнундай эле болуп баратат. 20 жылдан бери текей оттогонсуп, мунай менен куралдан башка таянар тоосу жок экенин орустардын премьери Дмитрий Медведев жакында моюнга алды. Ушунча убактан бери же экономикасынын башка тармактарын жетишерлик өнүктүрө албаган, же мамлекеттик каналдарынан аракечтик менен бузукулукту токтотконго дарманы жетпеген орус бийлиги курал менен мунайга гана үмүт артып турганы айныгыс факт. Кудум ашынган кумарпоздорчосунан батыш менен орус тарап ортого коюлган олжонун кунун арттыргандан арттырып, дүйнөдөгү бардык аферист топтордун бүйүрүн кызытып турат. Кимисинин жеңинен көзүрдүн көзүрү суурулуп чыгып, ортодогу олжону кимиси баса жыгылары али белгисиз. Ал эми ортодогу олжо дегенибиз, өз өлкөсүнүн заалымдарынан кутулам деп дүйнө заалымдарынын колуна түшүп калган Жакынкы Чыгыштын калкы.

Эми куру сөздү куура бербей кепти Орусиянын мамдумасынын эки жолку эл өкүлү, Крымдын Орусияга кошулуусуна каршы чыккан жалгыз депутат Илья Пономаревго узаталы. Ал «Haqqin.az» маалымат булагына берген маегинде төмөнкү маанилүү нерселерге көңүл бурган. «Дүйнө базарларында мунайдын баасы 40 доллардан төмөн түшүп кетти. Мунайдын куну ылдыйлаган сайын Орусия Жакынкы Чыгыштагы абалды азыркыдан да катуу курчутууга мажбур. Биздин мамлекет мунайдын баасын көтөрүү үчүн дүйнөнүн башка жерлеринде да кырдаалды курчутууга кызыкдар. Ошондуктан, Сириядагы абал өзгөрсө да, тетири тарапка гана өзгөрүүсү мүмкүн. Бул жерде баш оорутуп ойлончу деле эч нерсе жок. Башаламандык күчөгөн сайын, мунайдын баасы да жогорулайт.»

Орусиядагы экономикалык кризис курчуганы менен кандайдыр бир өзгөрүү болушу мүмкүн эместей. Бирок, күн өткөн сайын туташ тутанып кетчү маселелер көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. Орус ак сөөктөрүнүн арасында да мамлекеттеги жана анын тегерегиндеги абалга нааразы болгондор көбөйүүдө. Анткени менен орусиялык элиталар Батышка анчейин ишене бербегендиктен, өз бийлигине кандайдыр бир каршылык көрсөтөрүн божомолдоо кыйын. Батыш алсыз жана ишенимсиз. Анын алыска көз чаптырган стратегиясы да жоктой. Бардык нерсе АКШдагы президенттик шайлоого чейин ырбап кете берет окшойт», – дейт «Справедливая Россия» партиясынын депутаты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык Жыйынга кайрылган жылдык сөзүндө исламдык риториканы колдонуусу, Татарстандын президенти Руслан Миннихановдун Түркия менен Орусиянын тирешинде тарапсыз болуп туруп алуусу «бир боор энебиздин» көзүрү өлкөсүнүн мусулмандары окшойт деген ойго да салат.

Саресеп