29 декабря 2015 г. 10:05 450

Жаңы жыл – Кыргызстанда көптөн бери калыптанып калган майрамдардын бири. Бул майрам элдерге шаан-шөкөт менен эс алууну гана тартуулап тим болбой, бир кыйла чыгымдарга да учуратат

Ар жылы кыш айында келе турган жаңы жыл майрамын өзгөчө маанай менен тосуп алуу эл ичинде салтка айланып калган. Кооздолгон балаты, жагымдуу белектер, жасалгаланган дасторкон, миң түркүн салюттар бул майрамдын негизги атрибуттары.

Жаңы жылда сатуучулардын чөнтөгү калыңдайт

Декабрь айынын кирип келиши менен дүкөндөрдө азык-түлүк баасы кымбаттайт. Майрам жакындаган сайын сатуучулардын капчыктары кампайып, бир жылдык соода жүргөндөй киреше түшөт. Базарларда болсо алуучулардын арбындыгынан бут коёрго орун табылбайт. Демейде бош турган орундар жаңы жылдык товарлар менен толтурулуп, кыска убакытта акчалуу болууну самагандар көбөйөт. Мына ушул көрүнүштөн улам, жаңы жыл өлкөбүздөгү эң чоң майрамбы деген да ойдо каласың.

“Жаңы жыл майрамынын жакшы жагы демейде дээрлик өтпөгөн товарлардын аз убакытта сатылып кетишинде”, – дейт сатуучу болуп иштеген Кундуз айым. “Майрам жакындаган сайын биздин дүкөндүн жетекчиси бааларды көтөртүп турат. 31-декабрь күнү баалар 3-4 эсе жогорулайт. Бирок алуучулар буга эч кандай каршылык көрсөтүшпөйт. Кайра тескерисинче, кымбатынан, сапаттуусунан бер дешет. Көбүнчө таттуу-тарапалар, салаттарга керектүү азыктар сатылат. Эң өтүмдүүлөрү торттор жана ичимдиктер. Баарынан кызыгы, бул майрамда кымбат азыктар өтөт”, – дейт ал.

Кыргыздар бул үй-бүлөлүк майрамга баланча акча коротуу керек деп белгилүү бир сумманы коюшпайт. Болгону майрамдык дасторкон үчүн керектүү нерселерди алуу абзел дешет. Үй кожойкеси Салтанат айым: “Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, аны жакшы тосуш керек”, – дейт. “Бул майрамды биздин үй-бүлө чыдамсыздык менен күтөбүз. Бир-эки күн калганда балдарым балатыны кооздошот. Майрам күнү дасторкон жаябыз. Салтка айланган салаттарды жасайбыз. Белек беришебиз. Туура түнкү он экиде салют аттырабыз. Кыскасы, жакшы майрамдайбыз. Мусулманчылыкта жаңы жыл тосууга болбойт деп айтышат. Жаңы жылда Кудайдан тилек кылып, жакшы жыл болушун каалайсың. Андыктан, бир жылда бир келүүчү үй-бүлөлүк майрамды тосуш керек деп ойлойм”, – деди ал майрам тууралуу пикирин билдирип жатып.

Мындан сырткары, биз 4 кишиден турган жаңы жылдык дасторконго орточо эсеп менен канча акча керектелерин болжолдуу эсептеп көрүп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келдик:

• Оливье салатына 700 сом (колбаса, консервадагы бурчак, кукуруза, жумуртка, майонез ж.б)

• Ичимдиктерге 500 сом (шампан, шире, шарап, суу)

• Татуу-тарапага жана тортко 1000 сом (конфет, торт, печенье)

• Мөмө-жемишке 600 сом (ананас, мандарин, алма, курма, банан)

• Бир үндүк эти 1000 сом

• Эки килограмм уй эти 760 сом

• Салюттарга 1000 сомдун тегерегинде (питарлар, фейерверктер ж.б)

• Кошумча салаттарга 1200 сом

• Ошондой эле бир балаты 1000 сомдон жогору. Оюнчуктары менен 1500-2000 сомго барат.

• Жалпы эсептегенде 10 000 сомго чукул акча кетет экен.

Үйдө жаңы жыл тосуу мода эмес

Акыркы убактарда кыргыздар мурункудай болуп жаңы жылды үйдөн тоспой калышкан. Достор, туугандар жана жоро-жолдоштор менен кафеде, ресторанда же болбосо түнкү клубдарда тосуу модага айланып баратат. Алдын ала популярдуу кафелерде столдор ээленип, тамак-ашка тапшырык берилет. Көңүл ачуучу жайлар болсо, бири-биринен өткөн шоу-программаларды даярдап, атактуу ырчыларды, таланттуу алып баруучуларды чакырып, кардарлардын көңүлүн бурууга аракет кылат.

Ушундан улам, сурамжылай келгенибизде “Салкын-Төр” тойканасынын жетекчиси Алексей жыл сайын жаңы жылды тойканада майрамдагысы келген кардарлар көбөйүп баратканын төмөнкүдөй билдирди: “Биздин тойкана жаңы ачылганына карабай, кардарларыбыз аябай эле көп. Жаңы жылдык жамаат шаан-шөкөттөрү (корпоратив) азыртан эле башталды. Кечелерибизди атактуу алып баруучулар жетектеп, ырчылар коштойт. Бир адамга 2400 сом алабыз. Бул сумманын ичине биринчи, экинчи, үчүнчү тамагы, муздак закускалар, шоу программа жана музыка кирет. Негизи, бул орточо сумма. Ал эми башка тойканаларда бир топ эле кымбат.”

Алексейдин айтуусунан улам, биз шаардагы атактуу тойканалардын, барлардын жаңы жыл алдындагы суммасына көз чаптыра кетүүнү туура көрдүк:

• “Москва” кафеси. Бир адамга 2000 сом, шоу-программасына 500 сом. Сумманын ичине үч түрдүү тамак кирет

• “Барсук” бары. Бир адамга 3500 сом. Мунун ичинде шоу программа, музыка, тамактары бар.

• “Center Bar” – 2500 сом. Шоу программа, бар каралган.

• “Тюбетейка” тойканасы – 2000 сом. Сумманын ичинде шоу программа, бар, кухня, музыка жана тейлөө жагы кирет.

• Салкын-Төр тойканасы – 2400 сом. Тамак, шоу программа, тейлөө суммада каралган.

Ал эми, капчыктуу адамдар жаңы жылды өз мекенинде эмес, чет өлкөдө тосууну каалап, ысык жактарга учуп кетишет. Майрам алдында тур фирмалардан атайын жаңы жылдык турлар уюштурулуп, майрамды тосууга ылайыкташтырылган өлкөлөр тандалып алынат.

“Travel shop” тур фирмасынын менеджери Кристина: “Кардарлар жаңы жылды ысык өлкөлөрдө тосууну каалашат. Анткени менен турлар майрам алдында кымбаттайт. Эгер акчаңызды үнөмдөйм десеңиз, майрамдан кийин учканыңыз оң”, – деп, жаңы жылдык турларга токтоло кетти:

• Тайланд – эки адамга 9 күнгө 1347 доллар. Мунун ичине эки тарапка билет, отелде жашоо, эртең мененки тамак, экскурсия кирет.

• Түркия – бир жумага 1300 -1400 доллар. Отель, барыш-келиш, тамак жана экскурсия баага киргизилген.

• Шри-Ланка – виза менен отелде жашоого эле 1700 доллар керектелет.

• Малайзияга болсо, эң арзан дегенде 3300 доллар сарпталат.

Бөбөктөрдүн жаңы жылы кымбат

Мектептерде, бала бакчаларда жаңы жыл тосуу ата-энелерге эле мүшкүл жаратат. Майрам жакындаган сайын балдардын белегине, кийимине, чач жасалгасына жана мугалимин куттуктоого бир топ акча чогултулат. Акыркы кездерде мектептерге жаңы жылдык театрлар келип, балдар мурдагыдай болуп өздөрү концерт даярдабай калышкан. Албетте, андай кечеге кирүү үчүн билет сатып алыш керек.

Эки кызын мектепте окуткан Жылдыз айым: “Эки кызымдын майрамына эле 3000 сомго жакын акча кетет. Майрамдык кечелер 27-28-декабрларда башталат. Ага чейин кийимин алып, белек-бечкегине акча берүү керек. Балдарым башкалардан кем болбосун деп бир эле жолу кийсе дагы, жакшынакай кийим алып бересиң. Мугалимине эле быйыл 500 сомдон чогулттук. Театр келет экен деп, ага 200дөн бердик. Ал эми белегине 300 сомдон, аяз-атанын куржунуна 50 сомдон топтодук. Айтор, балдардын көңүлү деп берип эле жатабыз. Айлап тапканыбыз ушинтип эле кетип калат. Эң негизгиси, кыздарымдын көңүлү үчүн кылып жатам. Бербей койсоң дагы болбойт. Балдар томсоруп калат”, – деди.

Базарлардын кийим саткан катарларында жаңы жылдык костюмдар толуп кеткен. Алардын орточо баасы төмөнкүдөй:

• Кыздардын кыргыз кийими – 300 сомдон 600 сомго чейин. Балдардыкы – 500 сомдон жогору. Материалы канча жука болсо, баасы ошончо арзан болот

• Кыздардын ханбийке көйнөгү 700 сомдон жогору. Балдардын ханзаада костюму 600 сомдон жогору

• Балдардын “Зорро”, “Человек паук” сыяктуу костюмдары 600 сомдон жогору

• Жаныбарлардын костюмдарынын жакшылары 800 сомдон ашат

• Жылтырактардын жукалары 10-15 сом, калыңдары 50-80 сом

• Маскалар, таажылар 5 сомдон 200-300 сомго чейин барат.

Жыйынтыгында, орточо алганда карапайым үй-бүлө үчүн жаңы жыл тосууга 6000-8000 сомдой акча керектелет. Бул сумма алардын бир айлык кирешеси болушу мүмкүн. Кыскасы, той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей, майрамды тосууда да жакшылап ойлонуп, ашыкча ысырапка малынуудан сактана жүрсөк болгудай.

Таңчолпон Бакытбек кызы