16 февраля 2016 г. 13:20 1204

Өз колуң менен кагазга кат жазуу, аны салуу үчүн конверттин коозун тандоо, почтага жөнөткөн соң жообу качан келет деп, почтальон байкени күтүү союз маалын эскерткен көз ирмемдерден. Азыр борбордун айрым жерлеринде, айылдын эски тамдарында калган эскилиги жеткен почта кутучалары ошол убактарды эске салып турат. Анткени менен алар колдонуудан эбак чыкканына карабай дагы да болсо керек экенин тымызын билгизүүдө

Интернет кутучаларын бош, почточуну ишсиз калтырды

Бадырайта “Сагынычтуу салам кат” деп тема коюп, почта кутучалары аркылуу кат жөнөтүү учурунда мода эле десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле окууга тапшырсаң, айылдан кабар же болбосо жазылган газетаңдын кезектеги санын күтсөң дагы почта кутучаңды караар элең. Азыр болсо кат жөнөтүү, кат алуу илгерки союз маалына салыштырмалуу ыңгайлуу болгону менен, айрым мүчүлүштүктөрү бар. Интернеттин пайда болуусу бул кутучаларды бош, ал эми почточу байкени ишсиз калтырды.

Биринчи почта кутучалары колдонулганга чейин, адамдар почта кутучасы катары ар кандай буюмдарды колдонуп келишкен. Мисалы: мүшөктөрдү бактарга байлап, кат салуу үчүн дарактарды оюп коюшкан. Кийин 1852-жылы Англияда тарыхта эң биринчи почта кутучалары колдонууга берилген. Кыргызстанда электрондук почта 1994-жылдан баштап өнүгө баштаган. Мына ушул убакка чейин адамдар кадимки эле телеграф, почта кызматын колдонушкан.

Почта кутусуз эл түйшөлүп келет

Бүгүнкү күндө почта аркылуу пенсия, жөлөкпул алып, гезиттерге жазылса жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөсө болот. Ошондой эле интернет аркылуу сатып алган товарларды жеткирүү кызматын колдонууга да мүмкүн. Бирок убагында почта түйүндөрү менен почта кутучалары тыгыз байланышта болсо, азыркы тапта экөө эки ажырым жолго түшкөн. Почта кутучаларынын иштен чыгуусу заманбап почтачы байкелерди, тактап айтканда, курьерлерди жана турак-жай жашоочуларын бир топ эле түйшөлтүп келет. Гезиттер, брошюркалар менен булганган подьезддер, эшикке кыстарылган коммуналдык төлөм барактарынын жоголуп кетиши, үй ээси жок болсо почта аркылуу жиберилген буюмду берүү үчүн кайра эртеси келүү жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөр почта кутучасынын азыр да болсо канчалык керек экенин көргөзүп тургандай.

Домкомубузга подьездибиздеги почта кутучаларын оңдоо сунушун киргизгенибизде “аны азыр эч ким колдонбойт, эгер кааласаңар өзүңөр оңдотуп алгыла деди” дейт Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган Афанасья Сергеевна. “Деги эле почта кутучаларын кайрадан колдонууга киргизүү керек. Себеби, алар абдан ыңгайлуу. Коммуналдык дүмүрчөктөрдү, же кандайдыр бир башка нерселер болсо биздин батирдин номери жазылган кутучага салып коюп кете беришет эле. Орусияда азыркы тапка чейин почта кутучалары бар. Атүгүл алар жакшыртылып, заманбапташтырылган. Кыргызстанда болсо эшикке кыстарып, же полго таштап кетишет. Эгер бир-эки күн үйүңдө жок болуп калсаң, төлөм барактарың жоголуп да кетет. Ар кайсы жерге кыстарылган барактар таштанды болуп, айлана-чөйрөнү булгап да жатат,” – дейт ал өз сөзүндө.

Почточу үй ээси чыккыча күтүүсү керек

Атайын маалыматтарга ылайык, учурда почта аркылуу кат жөнөтүү саны өсүүдө. Буга кошумча өлкөбүздө гезиттердин көбөйүшү кыргыз почта кызматына дагы да болсо талап бар экенин көргөзүүдө. Бирок кезектеги гезитти жеткирүү үчүн почточу кыштын ызгаар, жаздын баткак күндөрүнө карабай, ар бир үйдүн эшигин каккылап, ээси чыккыча күтүүсү керек. Ал эми шаардагы көп кабаттуу үйлөргө гезит жеткирүү кыйынчылыктары айтпасак дагы түшүнүктүү болсо керек.

Гезит таркатып эмгектенген Өткүр мырза: “Ишибизге көп кабат үйлөрдө орнотулган домофондор тоскоол болот. Почта кутучаларын кайрадан орнотсо жакшы болот эле. Биздин ишибизди брондолгон эшиктер, домофондор оорлотуп коёт. Ошондуктан ар бир үйдүн сыртына почта кутучаларын батиринин номери менен орнотуп койсо жакшы болот эле. Кээде ушундай кыйналып барып, домофонун бассаң үйүндө эч ким жок болуп калат. Үйүндө киши жок болсо телефон чалууга, же болбосо кошунасынын эшигин тыкылдатууга туура келет. Эгер ошондойдо почта кутучасы болгондо салып коюп кете берет элек”, – деди.

Күн-түн дебей кат салуу үчүн даярдалган почта кутучалары адамдарды бири-бири менен байланыштырган негизги нерселерден. Бул кутучалардын маанилүүлүгүн жоготконун анын өздүк майрамынын белгиленбей калышынан да баамдасак болот. Буга чейин 2-август дүйнө жүзү боюнча “почта кутучасынын күнү” катары майрамдалып келген. Азыркы тапта болсо анын туулган күнүн гана эмес, почта кутучасын кантип колдонуу керек экенин да унутуп койдук.

Учурда Түштүк Корея мамлекетинде окуп жаткан Нурсултан почта кызматын колдонгон элдин аздыгына карабай, кат жөнөтүү үчүн негизги көчөлөрдө почта кутучалары орнотулган дейт.

“Бул жакта чет элдик жаран үчүн кат жөнөтүү кыйын. Почта кутучалары, же почта кеңсеси кайда экенин билүү үчүн жашаган жериңден, же мейманканалардан сурооң керек. Себеби бул кутучалар шаардын негизги көчөлөрүндө гана орнотулган. Кат жөнөтүү үчүн почтадан конверт сатып аласың. Катыңды жазып бүтүп, адресин англис, же корей тилинде жазасың. Андан соң катыңды таразага тартасың. Себеби бул жакта каттын салмагына жараша акы төлөнөт. Анан аны көчөдөгү, же болбосо почтанын ичиндеги кутучага саласың. Башкаларды билбейм, бирок мен үчүн бул абдан ыңгайлуу. Эгер Кыргызстанда ар бир үйдө болбосо дагы, ушул мамлекеттегидей, негизги көчөлөргө почта кутучаларын орнотуп койсо ыңгайлуу болмок”, – деди.

Орусияда учурда 50 000 000 почта кутучасы колдонулат

Технологиянын өнүгүшү, интернет-революциянын өрчүшү почта кутучаларынын жок болуп кетишине себеп болду. Бирок айрым мамлекеттер мурунку көлөмү чоң, жасалгасы ары жупуну, ары жөнөкөй почта кутучаларын заманбапташтырып, жаңыдан иштеп чыгышты. Коддор, же атайын ачкычтар менен ачылган почта кутучаларын колдонуу жашоочулар үчүн ыңгайлуу болсо, аны иштеп чыгып жаткан ишкана үчүн кирешелүү булак.

• Орусия мамлекетинде учурда 50 млн. почта кутучасы колдонулат. Булардын теңинен көбү подъезддерде орнотулган. Ар бир колдонуучунун өзүнүн ачкычы бар.

• Америка почта кызматы дүйнөнүн эң чоң почта кызматтарынын катарына кирет. Жалпысынан бул жакта 546 000 кызматкер иштейт. Келген каттар компаниянын өздүк машиналары аркылуу таркатылат. Ар бир үйдүн эшигинин алдында, же короосунда почта кутучалары орнотулган. Америка почта кутучалары өзүнүн формасы менен да айырмаланат.

• Японияда почта кутучалары “Т” формасында жана кызыл түстө. Кутучалар шаардын негизги көчөлөрүндө жайгашылган. Заманбап почта кутучаларынын алдыңкы бети айнек болгондуктан кат салынганы, же салынбаганы почта кызматкери үчүн бат билинет. Ошондой эле Япония креативдүү өлкө болгондуктан, өзгөчө почта кутучаларын кездештирүүгө болот.

• Коңшулаш Казакстан мамлекетинде дагы учурда заманбап почта кутучалары колдонулат. Мындай кутучалардын бирөөсү 6000 теңгеден жогору бааланат. Алар борбордун көп кабаттуу үйлөрүндө орнотулган. Ошондой эле бул кутучаларды колдонууда атайын мыйзамдар иштелип чыккан.

Почта кутучасы бул маданияттын символу десек болот. Убагында шаар менен шаарды, айыл менен айылды байланыштырып турчу мындай ыкманын доорун өлкөбүз бүтүрүп койгону менен, өнүккөн мамлекеттер аларга жаңы дем берип, кайрадан колдоно баштады. Кептин кыскасы, бир топ ыңгайлуулуктарды алып келе турган почта кутучалары өлкөбүздө кайрадан колдонула баштаса жакшы жөрөлгө болмок.

PS: Албетте бул кутучаларды мурункудай эмес, өз маданиятыбызга ылайыктуу кооздосок да болот. Мисалы, жер тамдардын алдында толук боз үй келбетиндеги почта кутулары болсо, почточу, же курьер таштай турган катын, эсеп дүмүрчөгүн, же гезит-журналын түндүгүнөн ылдый салмак дагы, үй ээси эшигин ачып алып алмак. Ал эми көп кабат үйлөрдүн кутулары жарым боз үй келбетинде болмок. Тагыраак айтканда, бир аз гана томпоюп чыгып турмак. Ал эми колдонуу ыкмасы жогоруда айтылгандай эле иштелмек. Андан сырткары, анын бетинин айнек болушун, эшиги чип менен ачылуусун, «түндүгү» кат салаарда ылдый ачылып, кайра өзү көтөрүлүп жабылып калуусун (суу кирбеш үчүн) усталар бат эле жасап коймок. Баса, бул кутулар көп кабаттуу үйлөрдө подъезддин ичинде эмес, сыртында турса жакшы болгудай…

Таңчолпон Бакытбек кызы