27 января 2016 г. 12:20 1651

Акыркы убактарда үйлөнөрүн үйлөнүп алып, кайра ошол үй-бүлөсүнүн арабасын тарта албаган эркектер көбөйүүдө. Тагдырдын бир аз эле оор кырдаалына кабылганда аялынын, балдарынын жүгүн көтөрө албай таштап кеткен чабал эрлердин саны кыргыз коомунда күн санап өсүүдө

Аялзатынын ар бир аккан көз жашын Кудай санап турат дегендей, заманыбызда эркектердин жосунсуз жоруктарынан азап чеккен айымдар көп. Учурунда айтылган жылуу сөздөргө ишенип, үй-бүлө курууга макулдугун берген кыздардын көп бөлүгү аз убакыт өтпөй эки же андан көп балдарын кучактап жалгыз калууда.

Чынында, курулган никелердин тез урашына эркектердеги сабырдуулуктун жетишсиздиги себеп болуп жаткандай. Андан сырткары, жаштарда идеалдуу үй-бүлө кандай болору тууралуу түшүнүк да калыптанган эмес. Ал эми дүйнөлүк статистикага токтоло турган болсок, жалпы эле үйлөнүүнүн алгачкы жылы эле ажырашуулар көп болот экен. Көпчүлүк ажырашуулар үйлөнгөндөн 3-5 жыл өткөндөн кийинки кризистик учурларда байкалат.

24 жаштагы Жаркынай аттуу келин:

“Жолдошумда үй-бүлөнү багайын деген ой жок болчу. Өзүм Ысык-Көл облусунан болом. Бишкекке алтынчы классымда келип окуп жүрүп, турмушка чыккам. 17 жашта болчумун. Күйөөм менден төрт жаш улуу эле. Башында үйлөнгөнгө чейин баары жакшы эле болчу. Үйлөнгөндөн алты айдай өткөндө белин оорутуп алып, иштебей калды. Анан өзүм тигүүчү болуп иштей баштадым. Ортодо эки балалуу болдук. Кийин күйөөм үйгө токтобой, көчөдө көп баскандыктан ажырашып кетүүгө туура келди. Ал үй-бүлөнү багайын деп ойлочу да эмес. Үй-бүлөсүнө, карыган ата-энесине таянып эле отура берчү. Эртең менен кетсе кечинде, тактап айтканда, таң атканда келчү. Мени басынткандан башка эч нерсе билген жок. Азыр бир айда, же болсо эки айда бир балдарын көргөнгө келет, бирок алимент төлөбөйт”, – деп каңырыгы түтөйт.

Көпчүлүк жаштарда ортодо жаралган сүйүү түгөнбөчүдөй сезилет. Адистердин айтымында, үйдө бала төрөлгөн соң алгачкы сүйүү сезимдери басаңдайт. Ортолорунда руханий байланышы бар күчтүү үй-бүлөлөр гана мындай учурда өз никелерин сактап кала алат. Бирок көпчүлүк кыргыз жаштары алгачкы эле көңүл калууда ажырашып тынат.

Сотко кайрылгысы келбеген энелердин саны арбын

Жогорку Соттун өкүлү Айнура Токтошева: “Быйыл алименттен качкандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк. Алимент төлөтүү боюнча арыздар биринчи инстанцияга – райондук анан шаардык сотторго келет. Жыл сайын андай арыздар көбөйүүдө. Мисалы, 2013-жылы 5 миңден, 2014-жылы болсо, 6 миңден жогорулаган. Эгер алимент төлөбөсө жаза кодексинин 162-беренесине ылайык 2 жылга камакка алынат”, – дейт.

Маалым болгондой, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2013-жылы 53 578 нике кыйылып, 9 052 ажырашуу болгон. 8 087 бала толук эмес үй-бүлөдө калган. 2 330 бала ата-энесинин бирөөсү жок, көпчүлүгү атасыз жана эки же андан көп баласы менен калган.

Учурда үй-бүлө очогу бузулгандан соң, өз милдетин аткаруудан качкан аталардын саны арбып барат. Алсак, 2014-жылы 1 257 алимент төлөбөгөн жана карыз болгон кыргызстандык эркектерге издөө жарыяланган. Ошол эле учурда сотко кайрылгысы келбей, балдарын өз алдынча баккан энелердин саны да көп.

Укук коргоочулардын айтымында алимент төлөбөгөндөргө карата жоопкерчилик күчөтүлүп, айыппул үч эсе жогорулаганы менен абал эч өзгөрүүсүз бойдон калууда. Ички иштер министрлигинин маалымдоосу боюнча алимент төлөбөгөндөрдүн 50 пайыздан жогорусу чет жакка чыгып кеткендер. Ошондой эле булардын саны жыл сайын арбып барат.

Соттун чечими чыкса да күйөөм алимент бербей жатат деген Гүлбайра төмөнкүлөргө токтолду: “Жолдошум менен 2013-жылы ажырашып тынганбыз. Ортобузда үч бала бар. Үчөө тең менин колумда. Өзүм иштебегендиктен, аз да болсо алимент төлө деп жолдошума айтсам, баш тартып койгон. Кийин сотко кайрылып жатып, алимент кестиргем. Бир ай төлөп берди. Бирок эки жылдан бери бере элек. Сотко кайрылсам, жолдошуң менен чечишип ал, болбосо милицияга арыз жаз деген. Жаман болсо да балдарымдын атасы деп арыз жазбай олтурам. Өзүнө чалсам ана берем, мына берем деп эле жок”, – деди.

Алимент тууралуу өз ара макулдашууга болот

Адвокат Асель Рысбаева: “Эгер ата-энелер өз ара макулдашып алимент өлчөмүн белгилеп алышса сотко кайрылуунун кажети жок. Ата-эне жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Учурда ажырашуунун саны көбөйүүдө, жана анын кесепетинен ата-эненин бирөөсү балдарын жалгыз багууга мажбур болууда. Эгерде ажырашкан ата-эне балдарын багуу маселеси боюнча бир келишимге келе алса, өз ара алимент тууралуу макулдашуу түзүүгө болот. Анда алименттин өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби көрсөтүлөт. Мындай учурда сотко кайрылуунун кажети жок. Анткени нотариалдык жактан күбөлөндүргөн макулдашуу аткаруу барагынын күчүнө ээ. Эгерде алимент төлөөчү тарап өз милдетин аткарбаса, макулдашууну анын иштеген жерине жөнөтүп, айлык акыдан кармап калса болот”, – дейт.

Сот аркылуу алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогон учурда, жашы жете элек балдардын алименти ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүлүп алынат:

• Бир балага – ата-эненин иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарымы берилет.

• Эгерде, алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-эне туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса, же эгерде анын иштеп тапканы жана кирешеси жок болсо, эгерде ата-энесинин иштеп тапканынан башка кирешесинен алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу.

Азыркы маалда жумушсуздукту шылтоо кылып, жашы жетпеген балдарын багуудан баш тарткан ата-энелер көп. Эмгек акынын, ошондой эле кирешенин жоктугу ата-энени бала багуу милдетинен бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга милдеттүү. Белгиленген сумма орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша болобу, же алиментти кыймылдуу, же кыймылсыз мүлк менен эсептелген үлүшкө жараша менчигине берүү жолу мененби, айтор, кандай болгон күндө да төлөп берүүгө милдеттүү.

Мисалга Чуй облусун алсак, орточо эмгек акынын өлчөмү 12 000 сом болсо, бир балага 3000, эки балага 4000, үч же анда көп балага 6000 сом бөлүнөт”, – дейт Асел айым. Ошондой эле адвокаттын айтымында, эгерде алимент төлөөчү тарап таптакыр эле милдетин аткаруудан баш тартса, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 162-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жаза катары үч эсе айып төлөйт же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргыз мамлекетинин үй-бүлөлүк кодексине ылайык, учурдагы алимент өлчөмү бир балага беш жүз сомго жетпеген акча. Өлкө боюнча минималдуу эмгек акы 900 сом, орточо эмгек акы 12 435 сом болгондуктан, минималдуу айлык алган эркек киши бир балага айына болгону 225 сом төлөсө, орточо айлык алган киши 3 миң 108 сом төлөйт. Тагыраагы, тапкан акчасынын 25 пайызын берет.

Эркектер аталык милдетин унутуп койгон

Психолог Чынара Термечикова: “Эркектер каалаган максаттары ишке ашпай калса, маселени чечпей качып кетет. Азыркы жаштар бири-бирин тандаганда ката кетирип, турмуштук баалуулуктарына маани беришпейт. Ошондой эле түгөйлөр эмоционалдык жактан бышып жетилбегендиктен, үй-бүлө курууга даяр болбой туруп никеге туруп алышат. Көбүнчө эркектер турмуштун оош кыйышында эмне кылам, оор абалда кантип иштейм, үй-бүлөмдү кантип багам деп көп ойлонушпайт. Мен үй-бүлөнү камсыз кыла аламбы деп ой толгобой туруп, өз милдетин билбей туруп үйлөнүшөт. Ошону менен башында айтылган кыялдар ишке ашпай калган күндөн тартып чатак башталат. Мисалы, аялынын “сен мага баландай убада бербедиң беле” деп талап кылганы эркектин ачуусун козгоп, аягы ажырашуу менен бүтөт.

Азыркы учурда эркек ата катары өз милдетин унутуп койгон. Ажыраштым болду, бала сеники деп таштап кеткен учурлар көп болуп жатат. Бирок эки айрым жолго түшкөн күндө да, абийир деген болуш керек. Адам өз канынан жаралган баланын алдындагы милдетти унутпоосу керек. Ата-эне экөө эки башка жашап жатса да, баланын тарбиясына бирдей салым кошуулары керек. Бирок, азыркы күндө эркектерде жоопкерчилик деген нерсе жок болуп баратат. Жеңил турмушка качыруу, бир нерсе өзү каалагандай болбой калса маселени чечпей качып кетүү эркектерде адатка айланды”, – дейт. Психологдун айтымында ажырашуудан мурда маселени чечкенге аракет кылса, үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүн.

Жогорудагы сандар тастыктап тургандай, жаштар, анын ичинде үй-бүлөлүк турмушка даяр болбой туруп никеге аттанган жигиттер кыргыз үй-бүлөсүнүн эртеңине балта чаап жаткансыйт. Болжол менен өлкө боюнча алимент төлөшү керек болгондордун 60 пайызы төлөбөй келет. Үй-бүлөнү сактай албай калган күндө дагы, баланын алдындагы аталык жоопкерчилигин аткара билүү ар бир эркекке таандык милдет экенин унутушпаса.

Таңчолпон Бакытбек кызы