“Кул эч качан мырза боло албайт. Мырза мырза болбогону үчүн эмес, малай малай болгону үчүн ошондой”, – деп илгери бир кесиптешим көп айтчу. Кимдин сөзүнөн цитата келтиргени эсимде жок, бирок кийин жазгандарын окуп көрсөм өзү деле мырза боло албаптыр деген жыйынтыкка келдим.

Кеп анда деле эмес. Кеп ошондогу сөзүнүн чындыгы турмушта көп жолу далилденгенинде. Байкап көрсөм көп эле киши сөзсүз өзү сыйына турган башка адамды, башка мамлекетти, системаны, бийликти издеп турат экен. Сыйынмайынча тура албайт жана башкаларды да сыйына турган нерсеси жок элестете албайт.

Алыс барбай эле соцтармактагы азыркы кызыл чеке чабыштарды карасаң, бир топторунун пикиринде Садыр Жапаровду сындасаң – адаханчысың, Мадумаровду сындасаң – садырчысың. Экөөнү тең сындасаң – атамбаевчисиң, аны да сындасаң – жээнбековчусуң. Жок эле дегенде Текебаевге бир сыйра жабыштырып чыгышат. Адам өзүнүн эле оюн айтып жатат деген жыйынтык үч уктаса түшүнө кирбейт. Бул айрыкча фейк армиялардын үрөөнөктөрүнө тиешелүү, анткени аларга ошондой буйрук берилет. Бирок чоң эле аттуу-баштуу кишилерден деле ошондой ой жүгүртүүнү байкагам.

Геосаясатта, идеологияда да ушундай эле көрүнүш. Орусияны же исламисттерди сындасаң – батышчылсың, Батышты сындасаң – орусчулсуң. Үчөөнү тең сындасаң – сөзсүз Арстан Алайга сыйынган сектадасың. Геосаясаттагы кул мүнөздөрдүн оюнда Кыргызстан сөзсүз башка бирөөгө кошулуп кетиши керек же жок эле дегенде башка бирөөгө кызмат кылып, көзүн карап турушу керек. Өз алдынча саясат жүргүзүү, эгемендик деген түшүнүктөрдү жининдей жаман көрүшөт.

Чүмкөнгөндөрдү сындасаң – жылаңач басып кетүүнү жактап жаткан болосуң, чечингендерди сындасаң – артта калган караңгысың же жапайысың. Баарын сындап, “чүмкөнбөй деле, чечинбей деле жарашыктуу кийинип жашабайлыбы” деп өз оюңду айтсаң – булардын оюнда акылдан айныган бир бечарасың. Ушул айтылган тараптагылардын жактоочулары көп учурда сөзсүз ушундай түшүнүшөт. Анткени кимдир-бирөөгө сыйынгандар же жалданып иштегендер башкаларды да сөзсүз бирөөнүн этегине намаз окуйт же анын акчасына иштейт деп ойлошот. Башкача болушу мүмкүн экени эч кимисинин мээсине кирбейт. Кирсе мээси жарылып кетет.

Мындай адамдар көбүнчө “кул жана кожоюн” категориясында гана ой жүгүртө алышат. Кул болуп көнгөн адам сөзсүз өзүнө кожоюн издейт. Кожоюну жок жашоо алар үчүн кызыксыз жана маанисиз. Кулдукка көнгөндөр кожоюндарын да оңой алмаштырышат. Кечээ Эшматты жактап жүргөндөр эртең Ташматты, бүрсүгүнү Кошматты андан да катуураак жакташат. Жактап эле тим болбой, сөзсүз башкаларга акыл үйрөтүүгө өзүн укуктуу сезишет.

Кул мүнөздөр кожоюнунун (адам, өлкө, система) эң чоң акмакчылыктарын да актоого даяр. Ошол эле учурда кенедей эле жакшылыгын көкөлөтүүгө кынык алган. Бирок кожоюну алмашып кетсе аларга да ушундай эле кызмат кыла беришет.

Кул мүнөздөрдүн адамдык да, улуттук да өзөгү жок. Өзөгү бар адам эч качан кул мүнөз болбойт.

Кул мүнөздүк биринчи иретте өз алдынча ой жүгүртүү, адамгерчилик нарк-насил жана мамлекетибиздин эгемендиги үчүн кооптуу. Ал билим берүү системасына, маданиятка жана идеологияга түздөн-түз таасир этүүдө. Азырынча анын дарысы табыла элек. Саясатчыларыбыз диний чөйрөгө барса такыба көрүнүп, улутчул чөйрөгө барса Манастын осуятын саймедиреп, либералдарга барса эркиндикти кеп кылып көнүшкөн. Элибиздин кыйла бөлүгү кыргыздын өз кызыкчылыгынан, нарк-насилинен, тилинен жана маданиятынан диний көз карашын, башка мамлекеттин зоболосун, укуктук түшүнүктөрүн өйдө коет.

Жок эле дегенде мамлекеттик кызыкчылык жаатында бийлик менен элди чындап бириктире турган Кумтөр, Жетим-Тоо, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Кемпирабад маселелери бириктирбей эле ажырымды күчөтүп келатат. Болбосо ушулардын баары жарандарыбыздын мекенчилдик, эгемен мамлекет тууралуу канында уктап жаткан түшүнүктөрү чукуранып ойгонууусуна жакшы эле шарт түздү эле.

Эгерде мындай өнөкөттөн өз убагында арылбасак, анын залакасын жалпы эл көргөнү калды. Арылыш үчүн жок эле дегенде ушул маселени чечүүнүн жолдору жөнүндө ачык, ыйманга камчы баспаган, ар ким өз күнөөсүн да моюнга алган талкуу зарыл. Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет. Болгону, аны тунук акылга, нарктуу сөзгө жууш керек.

Жыргалбек Касаболот