Адам баласынын аң-сезими илгертен эле окумуштуулар менен катар аны пайдалангысы келгендердин да кызыгуусун жаратып келген. Айрым башка тармактар сыяктуу эле, психология жаатында практика теориядан алдыга кеткени белгилүү. Кылымдар бою ата-энелер, жалпы коом психологиялык өзгөчөлүктөрдү байкап, аны тарбия максатында колдонууга аргасыз болушкан. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок ошону менен катар кишинин аң-сезимине, айрыкча акыл астына (подсознание) таасир этүүнүн ыкмаларын колдонууга айрыкча кызыккандар саясатчылар, диний ишмерлер, шоу-бизнес өкүлдөрү, ууру-кескилер, алдамчылар болгон. Сөзүбүз түшүнүктүү болушу үчүн булардын ар бирине мисал келтирели.

Ууру-кескилер, алдамчылар өз олжосун (кайсы бир адамды) коркутуп же алдап алыш үчүн анын акыл астындагы импульстарга таасир этишет. Мисалы, бандиттер адам даяр болбогон сөздөр менен “жүктөп”, жок жерден актанууга аргасыз кылышат. Алдамчылар көчөдө кетип бараткан эле кишини “сенин жолуң болбой калыптыр, капалуу жүрүптүрсүң” деп, чын эле ошондой абалда жүргөндөрдү кылтакка илишет.

Саясатчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү менен диний ишмерлер негизинен адамдардын чоң массасы менен иштегендиктен, алар бир эле учурда адамга таасир этүүнүн негизги ыкмаларын да, сүрмө топтун өзгөчөлүктөрүн да эске алууга аргасыз болушат.
Жалпысынан адамга таасир этүүнүн төрт жолу бар: 1) жүрүш-туруштун жугуштуулугу (ээликтирүү же ээлигүү); 2) ишендирүү; 3) ынандыруу; 4) тууроо (бирок бул таасир этүүнүн ыкмасы эмес, таасирленүүнүн жолу десек көбүрөөк туура болчудай).

Булардын ичинен эң байыркысы ээликтирүү (сезим жугузуу). Күлүп жаткандардын арасына барган киши бир аздан соң өзү да күлкүсү келип, ыйлап аткандардын арасына барса ыйлагысы келери маалым. Ызырынгандардын арасына барып калган көп кишилер анча-мынча убакыттан кийин өздөрү да ачуусу келе башташы мүмкүн.

Ишендирүү ыкмасы маалымат алып жаткан адамдын ага карата сынчыл мамилесин, маалыматты өз алдынча текшерип чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга багытталат. Анын негизги айырмачылыгы – таасирге туш болуп жаткан адамдын акылына эмес, көбүнчө сезимдерине басым жасайт. Сүйлөп жаткан адам өз таасирин күчөтүш үчүн кемшеңдеп ыйлап жибериши да мүмкүн. Мындай эмоциялык байланыш түзүлгөн абалда сүрмө топтогулар “Чыңгызхан 19 жигити менен бийликти алып койгону” жөнүндө карандай калпка деле ишене берет.

Ынандыруу – эң акыл-эстүү жолу, ал маалымат алып жаткан адам чечимди өз алдынча кабыл алышына жол берет. Ынандыруу логикалык жүйөлөрдү, фактыларды келтирип, чечимди кабыл алууну адамдын өзүнө калтырат.

Тууроо да адам баласынын таасирленишинин эң байыркы түрлөрүнүн бири. Адам кимдин кылык-жоругун туура деп эсептесе, аны өзү да туурай баштайт. Кыргызда муну “сыныктан башканын баары жугуштуу” деп коюшат.

Булардан тышкары, сүрмө топтун өз психологиясы бар. Анын негизги өзгөчөлүгү – кандай гана аң-сезимдүү адам болбосун, анын өздүгүн жалпы атмосферада эритип, ээликтирип жибергени. Мисалы, кандай гана интеллигент адам болбосун, өзү менен мүдөөсү бир сүрмө топко барганда өзү да агрессияга берилип, жалгыз жүргөндө өмүрү кылбай турган жоруктарды жасап жибериши мүмкүн.

Кыргызстан – массалык психологияга каршы ыплас ыкмалардын лабораториясы

Медиада жалпы коомго таасир этүүнүн акыркы убакта улам көбүрөөк колдонулуп жаткан принциптеринин бири – Овертон терезеси. Ага жалпысынан кайсы бир коом үчүн мүмкүн болгон көрүнүштүн чегин жылдыруу деп аныктама берсек болот. Анын өз этаптары бар. Адегенде коом үчүн таптакыр жат, алгылыксыз кайсы бир көрүнүш же ал тууралуу маалымат пайда болот. Коом ага даяр болбогондуктан адегенде дендароо абалга түшүп, болушунча каршылык көрсөтөт.

Бул принципти колдонгусу келгендер так ушул жерге эптүү кирип, ал көрүнүш тууралуу талкууну күчөтөт. Кээде терс көрүнүштүн жакшы жактары да бар экени, “бүт дүйнө жүзүндө” ал кадыресе эле көрүнүш экени улам көбүрөөк кеп боло баштайт. Кээде тескерисинче, маселени чечүүнү эмес, талкуулоону, ортодогу карама-каршылыкты атайылап күчөтүүнү максат кылган ток-шоулар, программалар чыга баштайт. Анан ал көрүнүштөрдү мүмкүн болушунча бейтарап терминологияга орошот (мисалы балдарды зордуктоо эмес, педофилия, жегичтик эмес, коррупция). Бара-бара коомчулук баягы көрүнүшкө көнүп, каяша айткысы келбей калат. Мисалы, кыргыз коомчулугу педофилияга, музейде чечингендерге, итке калпак кийгизгендерге, парламенттен сөгүнгөндөргө, Манаска акаарат келтиргендерге же бурмалагандарга таң калбай деле баратат. Бул коомчулуктун каршылыгы начарлап баратканынын даана белгиси.

Бул принципти Кыргызстандагы коомго психологиялык таасир этүүнүн сап башына коюп жатканыбыздын себеби – кылымдар бою өз каада-салты, көнүмүш жашоо механизмдери менен күн кечирип келген кыргыз эли үчүн кийин кирген ыкмалардын баары ушундай таасир этип, улам кийинкиси кирген сайын улуттун иммунитети начарлап баратканы. Тагыраагы, коом буларга каршы натыйжалуу иммунитет иштеп чыгууга жетишпей атканы.

Өлкө эгемендик алгандан бери эң чоң таасир эткен жагдайлардын бири болгон диний үгүттү алсак деле, ал бир жагынан саясатташып, улуттук кызыкчылыктан динди жогору коюуга аракет кылса, экинчи жагынан анын ыкмалары да өзгөрүп, мурда кыргыз коомуна мүнөздүү болбогон даават, мастурат, умра ж. б. көрүнүштөрү пайда болду.
Мындан тышкары, акыркы жылдары Кыргызстанда коомго психологиялык таасир этүүнүн салыштырмалуу жаңы эки багытын байкасак болот. Бири нааразылык акциялары, бири медиа тармагы.

Митинг технологияларынын ичинен эң көрүнүктүүлөрүн алсак, адегенде ОБОН (ажаан аялдарды алдыга салуу) пайда болду. Анын мүдөөсү – аял затына карата болгон аяр мамиленин өзүн пайдалануу. Тилекке каршы, бул легитимдүү коомчулукту, мамлекеттик түзүмдөрдү, анын ичинде милиция органдарын дискредитациялоонун эң натыйжалуу куралы болуп калды. Анткени сөгүнүп, ажылдап, эч нерсени укпай жаткан аялга теңелбей койсоң да ага жеңилген болосуң (анткени алар максатына жетет), жакалап, погонуңду жулуп жатканда чыдабай кетип жаткыра чапсаң да сен күнөөлүү бойдон каласың. “Төрт катын эле келип креслоңдон сүйрөп тышка чыгарып коет” деген сөздү уккан киши – кыргыз саясатындагы эң таасирдүү адамдардын бири, аны айткан аксакал болсо көзү өтүп кетти. Шакирттеринин асты Минскиде, арты бийликте. Тагыраак айтканда, ошолордун “Так мураскерлери”.

Кийин буга кошул-ташыл болгон ыкма – кайсы бир максаттуу топту бир нече ирет пайдалануу. Акыркы жолу бийлик алмашып жатканда болгон окуялардын катышуучусу жана күбөсү жакында өзү байкаган көрүнүштөрдү видео кайрылууда ачыкка чыгарды. Көрсө бир эле жаштардын тобу митингге бир облустун жашоочуларынын атынан кыйкырык-сүрөөн, шаан-шөкөт менен кошулуп, бир аз туруп акырын тарап кетип, кийин ошол эле топ таптакыр башка облустун атынан келип кошула берет экен. Бул бир эсе улам жаңы кызыккан адамдарды тартууга жардам берсе, бир жагынан митингге ар кайсы аймактардын өкүлдөрү кошулуп жаткандай таасир калтырууга багытталган. Бул сынчыл ой жүгүртө албаган адамдардан турган сүрмө топту кызытуунун кыйла натыйжалуу куралы. Кийин “Эмне колдодуңар эле?” деп сурасаң: “Элдин баары эле колдоп атпадыбы”, – деп кайра ошолорду айтат.

Ушул эле процесстерге катышкан адамдардын бир топтору троллдор армиясына тартылды. Алардын каржыланышы, байланыштары тууралуу бир топ иликтөөлөр чыккан, кызыккандар окуп алышаар. Болгону соцтармактар менен ачык акциялардагы принциптери, аларды башкаргандардын жана багыт бергендердин ыкмалары бир. Ошондуктан троллдордун жана алардан турган топтордун негизги белгилери тууралуу айрым пайдалуу маалыматтарды берип койгубуз бар.

Атап айтканда, мындай топтордун бир максаты – өздөрүн эл массасы, “көпчүлүк” катары көрсөтүү. Бул үчүн кайсы бир конкреттүү аккаунтта топтошкон чабуул коюлат. Адам ар бирине жооп берип эч качан жетише албайт, жетишсе да убактысы, ресурстары көбүрөөк кетет. Далилдүү, жүйөлүү жооп кайтарган кишинин жооптору кабыл алынбайт, анткени мындай таламай топтордун максаты – чындыкка жетүү эмес, тескерисинче аны айткан кишини жаман көрсөтүү.

Экинчи максаты – каяша айткан кишини сөзсүз күнөөлүүнүн, актануучунун абалына коюу. Бул үчүн бир сүйлөмдө бир нече калп айтылып, бир нече жалаа жабылат. Мисалы, “сен баланчага окшошоюн дептирсиң, бирок эч качан окшошо албайсың” деген сыяктуу баштан аяк ойдон чыгарылган сөздөр ошого багытталган. “Уурулугуңду токтоттуңбу?” деген суроого мыйзам алдында таза киши “ооба” деп да, “жок” деп да жооп бериши мүмкүн эмес. Троллдор атайын жанын жеп айткандай “баланчанын күчүгү” эмес экениңди далилдеш үчүн ага каршы айткан сөзүңдү издеш керек болот, бирок анда дароо башканын “күчүгү” кылышат. “Баланчадан акча алганыңды” алар эч нерсе менен далилдебейт, албаганыңды өзүң далилдесең актанып жаткан болосуң. Таптакыр эч бирин далилдей албаса айласы кеткенде келесоо кылып көрсөтүшөт, анткени жалданбаган адам өз оюн айтып атканын моюнга алуу – мындай топтор үчүн өлүмгө тете.

Жакшыны жаманга теңөө, жакшы менен жамандын айырмасын азайтуу. Бул бир чети Овертон терезесин кеңейтүүнүн ыкмасы (мисалы, халтура менен мыкты чыгармаларды атайын теңештирүү) деп эсептесек болот. Бир чети жок жерден өз баасын көтөрүүнүн жолу катары Роберт Гриндин “Бийликтин 48 мыйзамы” аттуу китебинде кеңири жазылган. Өз чыгармачылыгы түккө арзыбаса да Айтматовду жаманатты кылууга атайын багытталган талкуу уюштургандар ошондой максатты көздөйт. Сындачу адамынын ак-карасын толук окуп чыкпай туруп: “Сен ким элең, эмне кылып койдуң?” деп суроо койгон адамдарга жактаган диссертацияларың да, жазган эмгектериң да, кошкон салымың да таасир этпейт, анткени максаты башка.

Объектинин жеке мейкиндигине кол салуу. Бул эми кыз-келиндерге каршы көбүрөөк колдонула турган ыплас ыкма, бирок эркектерге, эркектик статуска каршы да көп колдонулат. Көбүнчө жеке турмушка асылуу, жөнү жок божомолдорду айтуу менен жасалат. Анын баарын жокко чыгарыш үчүн жеке турмушуңду ого бетер ачканга аргасыз болосуң, а бирок алардын көздөгөнү так ошол. Сөгүү, орой сөздөр менен асылуу, коркутуп-үркүтүү да ушуга эле кирет. Чындап келсе көбү бир муштумдан чыкпай турган немелер, эркексинген далай фейк аккаунттардын артында аял троллдор отурат, сөгүнүү болсо иттин уулу Байгаранын деле колунан келет, бирок анда алар өз максатына жеткен болот. Троллдор эч нерсесин жоготпойт, анткени алар эч кайсы адамдык, укуктук жана кесиптик эрежелерди сактабайт. Бир тарабы ошондой принциптерди сактап, экинчиси атайылап бузуп жаткан шартта оюн калыс болушу дегеле мүмкүн эмес.

Чектөө. Бул ыкма адамды жынысы, социалдык статусу, кесиби, жаш курагы боюнча кайсы бир жалган чектен чыгарбай, чөйрөсүн тарытууга багытталган. “Аял киши үйүндө эле отурбайбы” (ал эми аялдар – адам баласынын, демек элдин тең жарымы). Же тескерисинче “эркек башың менен аялдар менен айтышпай эле койбойсуңбу” (демек шыбап атса да отуруп беришиң керек экен). “Сен ошондой жерге иштеп көр” (шайланган кызматтагы адам шайлоочулардын алдында жооп берүүгө милдеттүү эместей). “Бул клоун да, ушу да президентпи?” (ал так ушу тапта бир кездеги кесибин унутуп коюп, октун астында жүргөнү, бүтүндөй бир улутту бириктирип жатканы менен эч кимдин иши жок). “Журналисттер саясатка тишиңер өтпөгөндөн кийин макалаңарды жазып тынч отурбайсыңарбы” (саясатты жазбаганда эмнени жазышы керек?) “60ка чыгып калыптырсың, бала-бакыраңды карап тынч эле отурсаңчы” (60тан ашкандар же баласын чындап эле карап аткандар дудук болушу керек деген мыйзам бар өңдөнүп). Ушундай баштан-аяк жалган түшүнүктөр чындап келсе бир гана максаты бар – ит талоон.

Троллдордун сүйүктүү терминологиясы/аргументациясы

Троллдор адамдын барк-баасын түшүрүүгө багытталган, квалификациясы жетпеген жерден өлчөп-ченөөгө мүмкүн болбогон сөздөрдү көп пайдаланышат. Мисалы акыркы жылдары колдонулган “даканса” деген сөздү мисал келтирели. “Аягына чейин” деп которулат. Эмненин аягына чейин? Бийликти алгычабы? Пир туткан адамың туура эмес иш кылса да колдойм дегениби? Же балким өлкөнүн түбүнө жеткичеби? Бул суроонун бир өңчөй так жообу болушу мүмкүн эмес, бирок сүрмө топту кызытуунуун эң жакшы куралы. Себеби кыска, так, акыл астына жакшы таасир этет.

“Сөрөй, деңгээл”. Мисалы илимий даражасы бар кишини “окумуштуу сөрөй” деш үчүн жок эле дегенде анын тармагында квалификацияң болушу керек. “Улутчул сөрөй” деш үчүн жок эле дегенде улутчул кыймылдар жаатында билимиң болушу зарыл. Бирок ажаан армияларды квалификация, компетенция, классификация кызыктырбайт, кимге болбосун жабыштырса боло бере турган, алар уттурбай турган сөздөрдүн бири катары колдонушат.
“Башка ким? Кана?” Бул суроонун үч максаты бар. Биринчиси – өзү колдогон адамынан башка эч ким жоктой таасир калтыруу. Экинчиси – эгер кокус бирөөнү айтып калсаң сени ага жабыштыруу. Үчүнчүсү – сен айткан адамды жаманатты кылуу.

“Башкалар кыйраттыбы?” Бул суроо бийликте болгон же кайсы бир тармакты башкарган адамдардын баркын дүңүнөн кетирүүгө багытталган. Анда иштеген адамдардын ак-карасын, жакшы-жаманын териштирип отурбайт, башка эч ким жарабайт деген гана жыйынтыкка түрткүсү келет.

Бул жерде троллдор көп колдонгон ыкмаларды, сөздөрдү гана кеп кылдык. Окурмандар өздөрү кабылган учурлар тууралуу толгон-токой мисалдарды келтириши мүмкүн. Аны да троллдордун ыкмаларынын квалификациясына кошо берсек болот.

Шектүү белгилер

Троллдордун көбү анонимдүү болушат. Баракчасын карай келсең жалаң өзү колдогон адамдын сүрөтүн коюп алгандар бар. Кийин андайлар достук жөнөткөндө адамдар билип калып кабыл албай калышканда эч нерсе жазбай, жөн эле бош аккаунт менен келгендери да кездешет. Эгерде баракчасында өзү эмес, жалаң башкалардын жазгандары чыга берсе да бул шек туудура турган жагдай. Бир эле адамдан эки жолу достук келип атса да кимиси ким экенин текшерип койгон жакшы. Көбүнүн сүрөттөрү жок, өздүгүн такташ мүмкүн эмес. Аккаунтунда жалаң агрессивдүү, негизсиз, өңчөй калп посттор жазылса башкалардын алдына барганда деле ошону кылат.

Жаңыча кийинген эски көйгөй

Кыргыз фольклорунда албарсты деген түшүнүк бар. Медиктер кайсы бир дендароо абал иретинде сүрөттөсө, эзотерикага ишенгендер аны кадимки реалдуулук катары көрүшөт. Көбүнчө адамдар уктап атканда, уйку-соонун ортосундагы эс-мас абалда, кээде боюнда бар аялдарды да басат деп айтылат. Албарсты баскан адам аба жетпей кыйналат, өз күчү өзүнө каршы чыгып, чыныгы реалдуулук кайсы экенин билбей, кыйкырса үнү чыкпай жата берет. Кээ бирине аял, кээ бирине эркек болуп көрүнөт, айрымдарын жөн гана көзгө урунбаган масса коргошундай басат. Бул феноменге туш болгондордун баамында, албарсты эң жакын адам болуп улам башка түрдө келип баса бериши мүмкүн. Кокус чачынан кармап алсаң кутулуп кетиш үчүн түрдүү амалга салып, ар нерсеге алаксытып, жалынып-жалбарат. Сөөгү жок. Талуу жери – чачы. Жаны чачында.
Кызык жери, илим-билим көбөйүп, техника күч алган сайын мындай көрүнүштөрдүн аягы суюлуп, кыйла азайып кеткенин совет мезгилиндеги карылар көп айтар эле. Демек, бул сыяктуу кубулуштар деле адам баласынын ишеничине, билим деңгээлине, эркине жараша болот окшобойбу.

Алмустактан бери эле адам адам болгону көз көрүүнөө алдамчылык, жалаа, кээде адамдын, кээде бүтүндөй элдин эркин мокоткон ит талаш жашап келатат. Болгону, илгери ал көбүнчө табигый мүнөздө болсо, азыр атайылап иштеп чыккан технологиялардын эксперименталдык талаасына айлангандай түрү бар. Бул үчүн психологиялык таасир этүүнүн уруксат берилген жана тыюу салынган ыкмаларынын тизмесин, негизги мазмунун бир сыйра карап чыгыш жетиштүү.
Демек, албарсты адам болуп кеткен жок. Болгону жаңыча кийинип, жаңы куралдар менен келди.

Эмне кылыш керек?

Стратегиялык деңгээлде сырткы таасирден сактаныш үчүн гуманитардык билим берүүнүн негизги багытын улуттук кызыкчылыкка баш ийдирип кайрадан иштеп чыгыш керек экенин өткөндө жазганбыз (“Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасы”). Адистер медиа сабаттуулукту арттыруу боюнча бир нече сунуштарын айтып келатышат. Бирок анын баары – келечекте, туруктуу иш жүргүзгөн шартта гана бара-бара жемишин бере турган нерселер.

Тилекке каршы, өнүккөн демократиялуу деген мамлекеттер деле ыплас саясий технологиялардын жана коомдук психологияга сокку ура турган ыкмалардын алдын тосо турган даяр рецепттерди иштеп чыга элек. Менин жеке баамымда, бул маселе демократиянын шартында дегеле чечилбейт. Диктатуранын шартында чечилет деген да кепилдик жок. Айрыкча эгерде кайсы бир лидер өзү ыплас технологияларды колдонуу менен бийликке келген болсо, андан ыктыярдуу баш тартат деп ишенүү бери жагы баелук, ары жагы акылсыздык болор эле.

Фольклордогу албарстыны өлтүрүш үчүн анын чачын жок кылыш керек. Демек, бул ишке аралашкандардын кимисин болбосун таап, күнөөсүн мойнуна коюп, алдын атууга кетирип, артын узак жылдарга түрмөгө отургузуп, тап катары жое турган бийлик гана бул көрүнүштү жеңе алат. Бирок андай адамдардын бийликке келишине аң-сезимин албарсты басып, ак-караны ажырата албай жаткан коом жол береби? Бул азырынча ачык суроо.

Кандай болгон күндө да бул маселе көпкө чейин психологдордун, саясатчылардын, журналисттердин ж. б. ортосундагы талкууга жем таштай берери анык. Бирок аны чечүүнүн актуалдуулугу күндөн күнгө күчөп келатат. Анткени аңыз кептеги албарсты өтө узакка басса адам баласы өлүп калышы да мүмкүн. Коомубузду андан Кудай сактасын.

Жыргалбек Касаболот