Түркиянын оппозицияга жан тарткан эксперттери Тайып Эрдоганга каршы аттанган Кемаль Кылычтароглу шайлоону жеңет деп жатат. Бирок, ошол эле убакта, бийлик үчүн кан төгүүдөн кайра тартпаган Эрдоган менен жакындарынан чочулап турат

Түркияга бир аз да болсо кызыккан кишинин баары 14-майда өтчү кош шайлоону карап отурабыз. Ушул жекшембиде бул өлкөдө эбегейсиз мааниге ээ болгон парламенттик жана президенттик шайлоо бир күндө өтмөкчү.

Шайлоодо оппозиция утса, Түркия мурункусунан да күчтүү парламенттик башкарууга кайтмакчы. Эгер Тайып Эрдоган жана анын тегерегине бириккендер бийликте калса, Түркия бийлик мурасталган Азербайжан же Түркмөнстанга окшоп калмакчы.

Эми ушул эки ыктымалды бекемдеген факты жана абалдарды бир сыйра сыдырып өтөлү.

Эрдогандын кетээрин бекемдеген факторлор

Түркиянын аксак да болсо, жүз жылдык демократиялык тарыхы бар. Саясат таануу теориясы боюнча, эгер бийлик жалпы, тең укуктуу түз жана жашыруун добуш берилген шайлоо аркылуу эки-үч ирет алмашкан болсо, мындай өлкөнүн демократиялык жолго түшүп кетүү ыктымалы жогорулайт. Тарыхы аскердик төнкөрүүлөр менен коштолсо да, Түркияда мындай алмашуулар болуп келген.

Жүз жылдык демократиялык жараяндын убагында туруктуу колдоочулары бар саясий партиялар да калыптанган. Эрдогандын коррупцияга жана непотизмге баткан исламчыл АКП партиясы өлкөнү оор экономикалык абалга кептесе да, жакында болуп өткөн жер титирөөдөн кийин мамлекеттин бардык институттары бир кишинин оозун карап отура берип, миңдеген киши урандылардын алдында тоңуп өлсө да, алардын рейтингдери 33-35%дан төмөн түшпөй турат. Демек Түркияда ушунча пайыз орто-оңчул, динчил жана консервативдүү шайлоочу бар.

Кемаль Ата Түрк түзгөн орто-солчул, социалисттик ЖХП партиясы көп жылдардан бери 25-27%дан же көтөрүлбөй, же түшпөй келет. Бири бийликчил, экинчиси оппозициячыл оң-радикал жана ультра-улутчул МХП менен ИЙИ партиялары 20%га жакын добуш алып келет. Көбүнчөсү күрттөрдөн турган радикал-солчул социалисттик ХДП (учурдагы шайлоого Жашыл сол партиясы катары аттанган) 12-13%да. Буга чейин Стамбул менен Анкаранын мэрлигин дал ушул ХПД партиясынын шайлоочулары оппозицияга тартып берген. Дал ушул шайлоочулар 14-28-май аралыгында Түркияны Эрдогандын колунан Кылычтароглуна алып бермекчи.

Экинчи негизги фактор катары Түркияда он чакты ишенимдүү сурамжылоо компаниялары бар экенин айтсак болот. Мисалы, Белорусия, Кыргызстан жана Орусияда мындай компаниялар дээрлик жок же аз богондуктан, бийлик шайлоону оңой эле бурмалай алат.

Сурамжылоо компаниялары берген маалымат боюнча, 14-майдагы шайлоодо бийликчил жана оппозициячыл партиялар максимум 2-3% айырма менен бирдей добуш алмакчы. Эгер президентти аныктоо экинчи турга калса, 28-майда Кылычтароглу Эрдоганды 54-56% менен жеңип чыкмакчы. Он чакты ишенимдүү компаниянын натыйжасы 1-2% айырма менен ушундай чыгып атат. Мында да күрт шайлоочулар чечүүчү роль ойномокчу.

Үчүнчүсү болсо, бардыгыбыз жакшы көргөн “сырткы күч” фактору. Эгер Белорусия жана Венесуэланын башчылары болгон Лукашенко менен Мадурону өз элдеринен Орусия коргоп калса, Си Цзинь Пинь, Владимир Путиндин аброю түшүп турган ушул чакта Москвага келип, үч күн коноктоп кетсе, Тайып Эрдоганды Орусиянын да, Кытайдын да лидерлери, жок дегенде Ирандын аятолласы да колдоюн деген ою жоктой.

Чын-чындап келгенде, учурда жеке бийлигин орноткусу келген зөөкүр-заалымдардын тагдыры Түркияда чечилчүдөй болуп турат. Бирок, түрк жана исламчыл болгонунан уламбы, эч кимиси Эрдоганды колдоюн деген ниетин билгизбей турат.

Эрдогандын калаарын бекемдеген факторлор

Эрдогандын калаарына канчалык мүмкүнчүлүгү бар экенин элестетиш үчүн Владимир Путин, Си Цзинь Пин жана Садыр Жапаровдун микс образын элестетсеңиз болот. Эрдоган менен тарапташтары бардык укук-коргоо органдарын, прокуратураны, сот системасын колго алып коюшкан.

Андан сырткары ЙСК деген Боршайкому жана, шайлоо бүтөрү менен добуш санагын онлайн берип турчу, Анадолу кабар агенттиги да Эрдоган менен партиясына баш ийет. Учурда соцтармактардан, биздин акыркы шайлообуздагыдай, ЙСКнын серверине параллель дагы бир сервер түзүлгөнү тарап кеткен. Демек, Эрдоган менен партиясы 14-майдагы шайлоонун натыйжасын алдын-ала билип, ошого жараша аны “онлайн” бурмалай алат.

Салттык ЖМКлардын дээрлик бардыгы да анын жакындарынын колунда. Оппозиция интернеттеги соцтармактар аркылуу алардан да кеңири просмотрга жеткени менен исламчыл жана ультра-улутчул аудиториянын пикирине таасир бериши оор.

Биздин постсоветтик мамлекеттерден айырмаланып, Туркиянын калкы кеңири куралдануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан Эрдоган бир нече парамилитар компанияларды түздүрүп, анын кызматкерлерин маал маалы менен Сириядагы согуштун кан-отунан кечирип турат. Мындан сырткары анын жүз миңдеген партиялаштары мамлекеттин тиешелүү органдарына “куралымды жоготуп жибердим” деген арыз киргизген. Демек, шайлоодон кийин андай “жоготулган” курал менен кан төгүлсө, “аны мен колдонгон жокмун” дей алат.

Бирок оппозициянын митингдерине катышкандардын дымагы менен саны бийликтикине караганда алда канча сүрдүү өтүп жатат. Ошону менен бирге Эрдоган Анкараны, айрыкча Стамбулду оппозицияга уттурганда анын партиясын колдогон шайлоочунун бир бөлүгү атайылап добуш бербей жана, тукурукка карабай, шайлоодон кийин көчөгө чыкпай койгону маалым.

Сурамжылоолор боюнча соңку абал

Түркиянын мыйзамы боюнча, шайлоого чейинки акыркы аптада сурамжылоо өткөрүүгө тыйуу салынат. Акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча парламенттик шайлоодо төмөнкүчө натыйжа чыкмакчы:

  • Эрдогандын АКПсы – 34-36%;
  • Негизги оппозициялык солчул ЖХПныкы  – 26-28%;
  • Оппозициялык ультра-улутчулдардын ИЙИ – 11-13%;
  • Күрттөрдүн ХДПсы – 11-12%;
  • Бийликчил ультра-улутчул МХПныкы – 6-7%.

Ошентип, бийликчил “Жумхур” бирикмеси 43-45% (290 орун), оппозициялык “Миллет” бирикмеси 37-39% (235 орун) добуш алмакчы. Демек, бийликчилдер парламенттик шайлоодо 4-6% алдыда кетип баратат. Акыркы шайлоолордо тирешкен тарапатрдын ортосунда чечүүчү добуштарга ээ болуп келген күрт өкүлдөрү 11-13% (75 орун) алмакчы.

Ошентип, оппозициялык күчтөр түрк парламентинде жалпысынан 310 орун ээлеп, мыйзам кабыл алып, тигил тараптан 10 киши “оодарышса”, парламенттик башкарууга кайтуу боюнча референдумду да жарыялай алышат.

Анкеталардын жыйынтыгы боюнча 14-майдагы президенттик шайлоо төмөнкүчө натыйжаланмакчы:

  • Режеп Тайып Эрдогандыкы  – 43-44%;
  • Кемаль Кылычтыроглунуку –   47-48%;
  • Мухаррем Иженики – 5-6%.

Эгер Кылычтароглу мурунку партиялашы Инжеден 3% добуш алып кетсе, президенттик шайлоо биринчи тур менен бүтөт. Андай болбосо, 28-майдагы экинчи турга Эрдоган менен Кылычтароглу чыгат. Бардык анкеталар боюнча, экинчи турда Кылычтароглу Эрдоганды 3-5% айырма менен жеңип чыгат.

Өткөн аптанын этегинде жана бул аптанын башында бир нече окуя болду. Алардын эң маанилүүсү жана электоралдык абалга таасир берүүчүлөрү: көп жылдан бери Эрдогандын кыянаттык иштерин жүргүзүп келген кылмышкердин болгон ишти болгондой сериал сымал айтып бере баштаганы жана оппозициянын Эрзурумдагы митингинде “ак кепкачандар” элди таш менен урганы болду. Серепчилер ушул эки окуя Тайып Эрдогандын шайлоочуларын иренжитип, бир бөлүгүнүн урнага барбай коюшуна, экинчилеринин добушту оппозицияга берүүсүнө себеп болот деп божомолдоп атат.  

Жансакта Сарбашов