Садыр Жапаровдун Москвадагы парадга катышмакчы болгону сынга кабылган. Бирок, майрамга бир күн калганда, ал иш-чарага Борбор Азиянын калган төрт ажосу жана Армения менен Белорусиянын президенттери катышаары да маалым болду

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун айтымында, мисалы, Армениянын президенти Никол Пашинян орус бийлигинин алдынан өтүп койгонго гана барган. Себеби, Армения менен Азербайжан талашып жаткан Тоолуу Карабак өрөөнүнө орустар ортомчу боло албай калгансыйт. Ошондуктан бул эки өлкөнүн тышкы министрлери Евробиримдиктин канаты алдында Брюсселде жолугуп, макулдашууларды даярдоодо. Келерки күндөрү Пашинян менен азери президенти Ильхам Алиев Брюсселде жолугуп, кандайдыр бир келишимге кол коюшмакчы. Ошол ишке орустар май бүркүп жибербеш үчүн Пашинян Москвадагы парадга, Путиндин жарасына май сүйкөп кетиш үчүн келген.

Борбор Азиянын президенттери жөнүндө Дубнов: “Калыптанган жана болушунча көз карандысыз Казакстан менен Өзбекстан үчүн деле Орусия баары бир метрополия, советтик империя бойдон калууда. Өзүн дүйнөдөгү эң көз-карандысыз көрсөткүсү келген Түркмөнстан да макул болду… Мисалы, Рахмон менен Бердымухаммедовго Путин жеке өзү телефон чалып, чакырыптыр”, – деген.

Муну менен бирге Дубнов, Мирзиеев да, Токаев да Орусиядан оолактаган жана Батышка багытталган саясат жүргүзүү аракетинде, деген.

***

9-майга бир нече күн калганда Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Кызыл аянттагы парадга жалгыз эле конок чакырылганын “юбилейдик дата болбогондон улам” деп түшүндүргөн. Казакстан менен Өзбекстандын президенттери 9-майды өз астаналарында өткөзөөрүн жар салган. Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Москвага бараарын 5 жана 7-майда гана билдирген.

Биздин жоромол боюнча, Путин баш болгон КМШнын Борбор Азиядагы беш президентине бир гана лидердин сөзү өтөт. Ал, Кытай коммунисттик партиясынын катчысы – Си Цзинь Пин. Ал өткөн айда Москвага келип, үч күн коноктоп кеткен. Си Орусиядан аттанаарда “100 жылдык макулдашуу” болду дегени менен, серепчилер, орус-украин согуш отун өчүрүү демилгенисине Путин моюн толгоду дешкен. Андан бир апта өтүп-өтпөй Си телефон чалып, Зеленский менен баарлашты.

Садыр Жапаровдун Москвадагы жеңиш парадына бараары алдын ала анонс кылынды жана дүйнө коомчулугунун реакциясы өлчөндү. Андан сырткары, Украинада жер кургап, Батыштан келген чабуул койчу согуштук техниканы көтөргөндөй болуп калды. Ошол эле убакта украиндер алда канча алыска сокку урчу замбиректер менен ракета аткан техниканы алды. Орус аскер башчыларынын ок-дары талашканы болсо соцтармактарда кеңири тарады. Демек, Кытайдын тынчтык демилгесинин, Путин буга чейин кабыл албай койгон, кандайдыр бир шарттары бышып жетилди.

Путинге чабармандык кылуу ишине, жашына, атка жеңил – тайга чактыгына жана, башка президенттерге караганда, Кытай менен тыгыз бэкграунду бар Садыр Жапаров тандалды. Путин бир нерсеге көнүп берген соң, Борбор Азиянын калган ажолору, Си аксакалдын сөзүн эки кылбай, Москвадагы парадга барып, Владимир Путинге дем болуп беришти.

Кылымдар бою кырчылдашып келе жаткан Саудия менен Иранды элдештирген Кытай, эми орустар менен украиндерди да баарлашуу дасторконуна отургузуу аракетин көргөнсүйт. Украинанын президенти Владимир Зеленский да элине “чабуул бир аз кечеңдейт” деп турган чак.      

Таалайбек Маматов