АКШ Конгресси Украинага 40 млрд долларлык жардам берүү пакетин бекитти. Бул каражатка гуманитардык жардам менен бирге курал-жарак да сатып алуу каралган. Эмне үчүн өткөн аптада республикачыл депутаттар бул жардамга бөгөт койгон?

Украинага чегерилмекчи болгон “тарыхта эбегейсиз” деп аталган бул мыйзамга республикачыл Рэнд Пол баш болгон бир нече депутат каршы чыкканы менен ал Конгресстен кабыл алынды. Мынчалык эбегейсиз жардам Американын тарыхында 70 жыл мурун “Маршалл планы” деген аталыш менен Экинчи дүйнөлүк согушта алсыраган Европа мамлекеттерине каралган.

Эмне үчүн биз учурдагы жардамды 1946-48-жылдары Европага берилген колдоо менен салыштырып жатабыз?

Анткени, бул жардамдын максаттары ал кездеги колдоонун үч максатына окшоп кетет:

  • Биринчиси, бул кадимки материалдык жардам. Ошол кездеги Европанын жана учурдагы Украинанын согуштун кесепетинен экономикасынын катуу жабыркоосу. Ошондуктан калкына кадимки тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай жагынан жардам берүү зарыл;
  • Экинчиси – саясий колдоо. “Маршалл планы” Европага коммунизмдин жайылуусуна тоскоол катары каралса, учурда орусиялык улутчулдукту токтотуу, агрессиянын Украинадан башка мамлекеттерге да жайылуусун алдын алуу максатын көздөп жатат;
  • Үчүнчүсү – инфляциядан жабыркаган америкалык экономикага кошумча акча киргизүү. Анткени согушка жумшалчу гуманитардык жана согуштук өндүрүмдөр, көбүнчөсүн, АКШнын ишканаларына буйрутма кылынмакчы. Мисалы, “Маршалл планы” боюнча унаа, алардын тетиктери, курулуш кыштары, керек болсо, качырладан (канзас штатынан Грецияга) бери америкалык ишкерлерден сатылып алынып, Европа мамлекеттерине жеткирилген.

40 млрд долларлык каражатты чегерүү мыйзамына каршы чыккан депутаттар дал ушул үчүнчү пункттун максаттары ишке ашарына күмөн экенин айтышкан. Анткени, дүйнөнүн бардык мамлекеттериндегидей эле АКШ’да да инфляция артып, карапайым калкы оор абалда турган убак. Ошондуктан эки палатасы бириккен убакта бул мыйзамга 54, мыйзам чыгаруу палатасына коюлганда 11 республикачыл депутат каршы добуш берген.

Кандай болбосун, жалпысынан алганда, Украинага жардам берүү маселесинде америкалык депутаттардын баарынын көзү түз бойдон калууда. Конгрессте мынчалык эбегейсиз каражатты көзөмөлдөп, АКШ экономикасына болушунча көп киреше түшүрүү жана мынча акча экономикага бир убакта кирсе, инфляцияны камчылашы мүмкүн экени талашып-тартышылды.

Акылай Бакытбек кызы