Кээде куру кыялдарга батып, болбогон нерсеге тынчсызданып, бүдөмүк ойлорго чөмүлүп жүрүп кыйынчылыктарды ого бетер оорлотуп, чоңойтуп, жеңүүгө мүмкүн болбой тургандай абалга айландырып алабыз. Мына ошентип олтуруп, али башыбызга келе элек балээ-кыйынчылыктардан да алдын ала кооптоно баштайбыз. Эч нерсесинин дайыны жок маселеге жөн эле тынчсызданып, кооптонуп, коркуп олтуруп, кыйынчылык ого бетер тереңдеп, катмарлана берет.  Менин оюмча, көп кишинин эң чоң көйгөйлөрүнүн бирөө ушул  

     Арийне, устат Бедиуззаман “Орулууларга кат” деген эмгегинде айтып кеткендей, бардык энергиябызды, күчүбүздү, эркибизди, кайратыбызды ошол учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшасак, канчалаган маселелерди жайгарып салмакпыз. Бирок күч-кубатыбыз чачыранды болуп жатат. Өткөн күндү эстеп, эртеңки күндү ойлоп жатып, эч эле учурга көңүл бура албай, дал ушул мезгилде жасалышы керек болгон маанилүү иштер көз жаздымда калып жатат. 

     Чынында, өтмүш менен келечек тууралуу ойлорубуз бул – абстрактуу кыял. Бирөөсү өтүп кеткен, экинчиси али келе элек. Биз кыял менен акыйкатты бири-бирине алмаштырып алып, сабырыбыз менен энергиябыздын үчтөн экисин кыялды кууп жүрүп түгөтүп атабыз. Ошондуктан, жок жерден эле түйшүгүбүздү, кыйынчылыгыбызды арттырып жатабыз. 

     Ардактуу устатыбыз Бедиуззаман жогорудагы ойлорун пенде туш болгон илдеттерди жеңип өтүүсү үчүн айткан. Бейтаптар өтмүштүн өкүтү менен келечектин күйүтүн жонуна көтөрүп алып, энергиясын жөн эле түгөтө бербеши керектигин айтан. Анан да Алла Таала адамга берген сабыр жана чыдоо күчү келген илдеттерди, кыйынчылыктарды жеңүүгө жетиштүү экенин баяндайт.  

     Ушундай эле абал, коомдук көйгөйлөргө да тиешелүү. Адам жеке өзүнө байланыштуу маселелерде болгон сыңары коомдук проблемаларда да күч-кубатын учурда болуп жаткан окуяларга жумшашы керек. Өткөн күндөн сабак алуу канчалык маанилүү болсо, аны кайра-кайра эстеп, жаңы проблемаларды пайда кылуунун эч кандай кажети жок. Эртеңки күн үчүн сөзсүз мерчемдеген пландарыбыз болушу керек, бирок келечекте болушу мүмкүн болгон проблемаларды көз алдыбызга элестетип, бардык күчүбүздү ошого коротуп, ал учурга эч нерсе калбай калгандай абалга кептелбешибиз керек. 

     Маселен, өтмүштө Крестүүлөр жортуулу эки кылымга жакын убакыт ислам дүйнөсүн астын-үстүн кылып, өтө чоң кризистерге себеп болгон. Багдад менен Египет сыяктуу ислам дүйнөсүнүн эң алдыңкы аймактары курчоого алынып, кыйратылган. Эми биз олтурсак да, турсак да ошону сүйлөшүп, буларды бизге ыраа көргөн адамдардын неберелерин күнөөлөсөк, анда бир тараптан пайдасыз нерсеге энергиябызды коротуп, көөдөндөгү ачуубузду козгогон болобуз, экинчи тараптан, алар менен ортобуздагы диалог көпүрөлөрүн кыйратып алабыз.

     Өтмүштө болуп өткөн терс окуяларды кайра жанданбай турган кылып топуракка жашырып, үстүнө килейген таштарды коюп көөмп салууну билүү керек. Дагы бир ирет кайталап айтайын, бул өтмүштө болуп өткөн окуялардан сабак албаш керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, дал ошондой кыйынчылыкка дуушар болбош үчүн, кайрадан баякы эле жыланга чактыра бербеш үчүн, албетте булардан сабак алууну билишибиз зарыл. Бирок мындай жолду карманууда жаңы душмандарды пайда кылбоого, бараткан жолубуздун коопсуздугун көз жаздымда калтырбаганга аракет кылабыз. 

     Ооба, маанилүү болгону – өтмүшкө кошок айтуу же келечекте дуушар болушубуз мүмкүн болгон кыйынчылыктардын түйшүгүн тартуу эмес, дал ушул күнү жасалышы керек болгон иштерге үлгүрүп калуу. Негизинен эртеңки күн мына ушуга жараша калыптанат. Болуп жаткан проблемаларды кантип чече алабыз, таштаган кадамыбызды канткенде ылдамдата алабыз, кайра-кайра көзкаранды болуп калуудан канткенде кутулбыз? Мына, башты оорутчу негизги маселе ушул болуш керек.

     Эгер мусулмандар катары тарыхый жазыктардан сыйрылып, коомдук илдеттерден арылууну кааласак, анда күч-кубатыбызды пайдасыз нерсеге жумшап албайлы, бараткан жолубуздун коопсуздугуна коркунуч туудурбай, сапарыбызды улантышыбыз зарыл. Эгер улам өткөн-кеткенге наалып, сүйлөп жатып ойлонуп, ойлонуп жатып сүйлөй берсеңер, анда өзүңөр каалабай туруп, ар булуң-бурчтан чыга турган ажыдаарды пайда кылып аласыңар. Бараткан жолуңардын коопсуздугун өз колуңар менен бузуп, шарттарды өзүңөр оорлотосуңар. Ошол себептен улам дайыма балээ-кыйынчылыкка дуушар болгон күндөрдү сүйлөшө берүүдөн алыс болуу керек. 

     Ошону менен бирге, мындай нерсе жогоруда айтылып өткөндөй, силердин акыл-өрүшүңөрдүн, ой-жүгүртүүңөрдүн тең салмагын бузат, болбогон жерден силерди стреске салат, чыңалууну пайда кылат. Ар бир негативдүү нерсени эстеген сайын маанайыңар, мотивацияңар бузулат, мындай учурда силер вазыйпаңарды толук аткара албайсыңар. Ошол себептен улам, дайыма негативдерди изилдеген, динге кызмат кылуу жолунда кандайдыр бир пайдасы болбогон, жадагалса зыяны гана болгон маселелерди сүйлөшүүдөн алыс болгон жакшы. 

     Мындай нерселер менен алек болгондон көрө өтмүштө башыбыздан өткөргөн негативдерге кайрадан туш болбош үчүн тийиштүү чараларды көрүп, ошого жараша стратегияларды түзүшүбүз керек. Мындай нерселердин эшиктерин бекем кулпулап, бекитип, жат пикирлердин жан дүйнөбүзгө агылып киришине мүмкүнчүлүк бербешибиз зарыл. Жаман ойлуу кишилердин күрөө тамырыбызды жарып, каныбызды сорушуна жол бербей, аларга каршы тийиштүү чараларды көрүшүбүз абзел.

     Ушундай таң калыштуу өрнөк болуу керек дейсиң, силерге зулумдук кылгандар да тообо кылууга шашып, силерге кылган мамилесине арман кылып, келип силерден кечирим сурашсын. Болбосо жолбун иттей арылдап, адамдардын сезим-туюмун соолутуп, кимдир бирөөлөрдү кейишке салуунун, бой көтөрүүнүн эч кимге пайдасы тийбейт. Тескерисинче, бой көтөрүү – каршы тараптын бой көтөрүүсүнө себеп болот. Менимче бой көтөргөндүн ордуна салабаттуу болгула, акыйкат-чындыкка сый-урмат көрсөткүлө. Себеби ар бир адам табиятынан эң сонун түрдө жаратылган. 
Кураны Каримде,
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللّٰهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللّٰهِ
“Эй, Китеп ээлери! Келгиле орток баалуулуктарыбыз менен өз ара бир келишимге келели: Алла Тааладан башкага кулдук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Алланы таштап салып, (Анын) кулдарын кудай кылып албайлы” (Аали Имран, 3/64) – деп, улуу баян душмандардын да жүрөгүн жибиткен усулду көрсөтүп, алардын руханий дүйнөсүнө таасир этип, өзүнүн назиктигин, көркөмдүгүн сездирүүдө. Мына ушундайча алардын да жүрөгүн жумшартууда.

     Жыйнтыктап айтканда, өтмүштөгү жана келечектеги терс окуяларды ойлоп, сабырдуулукту солгундатпай, учурдагы иштерди аткарууга аракет кылуу керек. “Өтмүш коюу туман болчу. Айланада карышкырдын улуганы, чөөлөрдүн ызы-чуусу, иттердин үргөнү тынчу эмес. Булардан абдан тажаганбыз. Эртең да бул улана берет” деген ой менен маанайыңарды түшүрүп, мотивацияңарды бузгандын, руханий күч-кубатыңарды алсыраткандын ордуна, бардык күч-кубатыңарды, эркиңерди учурдагы абалга жумшап, бүгүнкү иштерди бүтүрүүгө жана жадагалса качандыр бир мезгилдерде кол жууп калган нерселерди кайрадан колго алууга аракет кылууңар керек. 
***
Бул макала Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 28-декабрындагы баянынан алынып даярдалды.
Которгон: Сейитбек Идирисов