Кечэээ Түркияда тарыхий шайлоо болуп өттү. Оппозициянын чала калган тараптары жана бийликтин кандай сюрприздерди даярдап койгону билинди. Албетте, буга чейинки сурамжылоолордо көрүнгөндөй, түрк элинин жарымына жакыны эксперттер күткөндөн да “даканса” экени ашкере болду      

Түрктөрдүн баары жана Түркияга кызыккандар “тарыхий” деп атаган президенттик жана парламенттик шайлоо аяктады. Ушул кезге чейин келген маалыматтар боюнча, президенттик шайлоо ит-жыгылыш менен аяктап, ажоолук макамы кимге буюрары 28-майда аныкталмай болду.

Тарыхий болгонунун эң негизги себеби, 25 жылдай бийликте туруп, акыры түрк конституциясын өзгөртүп, непотизмге негизделген “түрк типи” президенттик башкарууга өткөн Тайып Эрдоган менен тарапташтары уттурса, оппозиция Эрдоганга чейинкиден да “күчөтүлгөн” парламенттик башкаруу орнотобуз деген.

Шайлоого түрктөр аябай активдүү катышты. Айрыкча өлкөнүн түштүк-чыгышында жашаган күрттөр бейтапканада жаткан оорулууларын да көтөрүп келип, добуш бердиришти. Биздикинен айырмаланып, Түркиянын жаштары шайлоого активдүү катышат. Бул өлкөдөгү шайлоодо “быйыл шайлоого биринчи жолу катышчу баланча миллион” деп, жаштардын талабына багытталган саясат да жүрөт.

Добуш берүү саат 17’де аяктаганы менен, добушубузду коргоп калабыз деген эл, мектеп бакчаларынан кетпей жүрдү. Кээ бир талаш аймактардын боршайкомдорунун алдында миңдеген калк кылкылдап түнү бою турду. Тыюу салуу алынган саат 21’ден баштап шайлоо участокторунан маалыматтар келе баштады.

Толугу менен бийликтин алдында калган, добуш санагын онлайн берчү жалгыз расмий Анадолу агенттиги, бетти жыйыштырып туруп, Эрдогандын үлүшүн 60%’га таяп, атаандашыныкын 35%’га жакын көрсөттү. Бул жерде бийлик өзгөчө тактика колдонду. Биринчи кезекте Эрдогандын тарапташтары көп жердеги маалыматты берип, атаандашы Кылычтароглу жеңип чыкчу аймактардын Боршайкомдоруна алдын ала даярдалган арыздар менен кирип, кээ бир участоктогу добуштарды 6-12 жолудан кайра санатып туруп алды.

Оппозиция шашып-бушуп калыптай калган альтернативдик Анка агенттиги оппозициялык партиялардын протоколдорунун сүрөттөрүнө таянгандыктан, биринчиден – маалыматты кечиктирип, экинчиден – ачылган сандыктардын пайызы боюнча да артта калды. Анадолу агенттигинен 15 мүнөт кечиккен Анка, Эрдогандыкын 49,81%’дан, Кылычтароглунукун 44,87%’дан баштады.

Андан сырткары Кылычтароглунун негизги оппозициялык партиясынын офиси да өзүнчө маалымат берип турду. Алардыкы боюнча элдин сегизинин бири жашаган Стамбулда Кылычтароглу 51,33%, Эрдоган болсо 43,94% менен башташты. Акыркы жергиликтүү шайлоолордо оппозиция Стамбул, Измир жана Анкара баш болгон он чакты ири шаардын мэрлигин утуп алгандыктан, интрига бүгүнкү таңга чейин сакталып турду.

Кылкылдаган элден чочулаган Эрдогандын кызматчылары 21:00дөн тартып анын пайызын түшүрүп, Кылычароглунукун көтөрүүгө мажбур болду. Ошентип: 60 – 56 – 54 – 52 – 50% болуп барып, саат 02:14 болгондо Эрдогандын добушу 49%’га түшүп, президенттик макамы экинчи турда ээсин тапчудай болуп калды. Бул мөөнөт ичинде бийликтин Анадолусу Кылычтароглунун добушун 35 тен 44,30%’га чыгарды.

Ошентип беш саат ичинде бийлик берген пайыздар оппозициячыл Анканыкына болушунча жакындап, эки тараптын маалыматын салыштырган цифралар төмөнкү сүрөттөгүдөй болуп калды:

Кызыгы, оппозицинын орток кандидаты Кемаль Кылычтароглу эң көп – 70%’дын тегерегидеги добушту күрттөр жашаган аймактарда алса, Эрдоганга ошончо (70 тегерегинде) пайызды жер титиреп кыйрап калган аймактар берди. Бул жерлерде жашаган динчилдер экономикалык чөгүү, жер титирөө убагындагы бийликтин мажүрөлүгүнө карабай “ким болсо да өзүбүздөн” болсун деген сокур ниетке жеңдирип тынды. Мындайды көргөн бир блогер: “Ата-Түрк башка эле бир элди куткарып алган окшойт”, – деп наалыды.

Жансакта Сарбашов