2006-жылы тагдыр бизди Орусияга сүйрөп барды. Мектепте окуган орусчам жеткиликтүү эмес. Иш жазышууларда кыйналып жүрдүм . Чоң, эки жүз кишилик офисте маңдайымда коллегам Лена отурат. Бир күн тажадым да, Ленага менин орусча жазгандарымды текшерип бересиңби деп сурандым. Дароо эле “давай” деди. Почтаны жазып жөнөтөөрдөн мурун Ленага жөнөтөм, ал окуйт оңдоп туздөйт анан астына – 2, же 2,3 деген бааны койуп койот, (кийин 4,5 деген баа да алып калдым). Бир күнү “орусча китеп окусаң тезирээк үйрөнөсүң” деп калды.

Анан мен дароо эле классикалык адабияттан баштадым. Толстой, Гоголь, Лермонтов, Достоевскийди, кийин кызып кетип кийинчерээк Булгаков, Бунин, Пастернак, Солженицынды окуп баштадым. Солженицынды окугандан кийин көзүм ачыла түштүбү ошол жаатта, орусиянын караңгы тарабын изилдеп кирдим. Варлаам Шаламовту күнү түнү окудум.

Бир күнү Москвада Улук байке фонддо газета чыгаралы деп калды. Бир эки санына мени редактор кылып койду. Мигранттардан келген ырлар, макалалар, айтор көп эле чыгармалар чыгып турду. Кийин фонд жабылганда газета да жабылды.

Москвада кызматтын “Новый свет” басмаканасы бар эле. Китеп мукабалары сапаттуу. Көбүнчөсү түркчөдөн которулган китептер болчу. Фонддун газетасында китеп таанытуу бети меники болчу. Эсимде калган, Солженицындын “Иван Денисовичтин бир күнү” кыргызчасын, Шефик Жандын “Руми” орусчасына таанытуу макалаларын жазгам.
Руминин орусчасы өттө сапаттуу которулган болчу. Окуганда өзүнчө башка дүйнөгө кирип, руханий дүйнөңдү аңтарып чыгасың. Укмуш эле чыгарма. Мен окуп алып, тообо, орусчасы ушунча болсо, түркчөсү кандай болду экен деп калгам… кызыгы, китеп түркчөдөн эмес англисчеден орусчага которулган болчу.

Ахмет Куружан: “Ницше: “Инсан, жер жүзүндөгү инсандыктан (өз табиятынан) чыгып кетүү коркунучу менен жашаган бирден бир жаныбар” – деген. Ислам аалымдары да бул акыйкатты: “Сурета инсан, сирета инсан”, – деп тактап кеткен. Мунун мааниси мындай десек болот, жаратылыш өзгөчөлүктөрү боюнча инсан өзүнүн руханийлиги менен, ахлакы менен, ой пикири жана кыймыл аракети менен ошол коркунучту жоюусу керек. Сурета инсан болуп жаратылыптырбыз, бирок сирета инсан калуу үчүн эбегейсиз аракет керек”, – дейт.

Чынгыз Айтматов да: “Адам үчүн эң кыйын нерсе, күн сайын адам бойдон калуу”, – дегени белгилүү.

(уландысы бар)

Нурлан Муса