СЫР АЯК

     Суроо: Мүдөөкер деген ким? Мүдөөкер болуу менен кыйынчылыктарга кабылуу эмнеге байланыштырылып жатат? 

     Жооп: Мүдөө – бул жалпы түшүнүк. Мүдөөкер деген сөздөгү мүдөө көбүнчө көздөлгөн максат, идея, миссия деген маанилерди туюндурат. Бул дүйнөгө тиешелүү мүдөөлөр болгондой эле, акыретке да тиешелүү мүдөөлөр болот. Кээ бирөөлөр өзүн дүйнөнү өнүктүрүүгө арнайт жана тынымсыз ошол максатынын артынан чуркайт. Кээ бирлери даректүү тасмалардан көрүп жүргөндөй, бүт өмүрүн жаныбарлардын, ал тургай бир эле жаныбардын жашоосун изилдөөгө жана ошонун негизинде жаңы илимий ачылыштарды жасоого арнайт. Кээ бирөө өмүр бою коомдук, саясий жана экономикалык жашоону өздөрүнүн идеологиясына жана философиясына жараша калыптандыруу, өз түшүнүгүнө жараша система орнотуу үчүн күрөшөт. Булардын баары өзүнчө бир мүдөө. 

     Мүдөөкер − көздөгөн максаты, ойлогон мүдөөсү эмне болсо, ошону жүзөгө ашыруу үчүн күрөшкөн, ал үчүн өз жанын аябаган жана керек болсо кыйынчылыктарга, жокчулуктарга да кайыл болгон киши. 

     “Азыр элдин ыйманын сактап калчу убакыт”, – деп жүгүрүп жүргөндөр бар. Алар элдин жүрөгүндөгү ыйман отун тутантууга аракет кылышат жана Алланын ыраазылыгына жетүүнү көздөшөт. Алардын жалгыз көздөгөнү – бейиш, Жараткандын Нур Жамалын көрүү, Анын ыраазылыгына жетүү. Алланын атын даңазалоо кызматын бул жакшылыктарга жетүүнүн эң чоң ортомчусу катары көрүшөт. Бардык муктаж жүрөктөрдү Алла Таалага жолуктурууга, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу ысымын дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирүүгө аракет кылышат. Бул жолдо миң түрдүү кыйынчылыктарга чыдашат. 

     Көрүп турганыбыздай, толугу менен бул жашоого багытталган мүдөөлөр менен бирге, акыретке багытталган мүдөөлөр да бар. Көздөлгөн максат менен жумшалган аракет мүдөөнүн баасын белгилейт. Адам эмнени даңктаса, эмнеге аракет кылса, ошого жараша бааланат. 

     Биз өз ара мүдөө, максат жөнүндө, аны ишке ашырчу кишилер жөнүндө сөз кылганда көбүнчө ыйман кызматын, ага өзүн арнаган азаматтарды айтабыз. Бул жагынан эң улуу мүдөөкерлер, эгерде бул сөздү аларга да колдонуу туура болсо, пайгамбарлар. Алардан кийин халифалар, Умар бин Абдилазиз, Имам Газзали, Фахруддин ар-Рази, Изз бин Абдиссалам, Имам Раббани, азирети Маулана, азирети Бедиуззаман сыяктуу пайгамбар жолунун куттуу каармандары. Алардын жападан жалгыз мүдөөсү, көздөгөнү – динди жандандыруу. Пайгамбарлык кызматка мураскор болуу, анын жолун жолдоо, өтө улуу, өтө ыйык иш. Бирок, ошончолук оор жана машакаттуу. Бул кызматты аркалагандар пайгамбарлар туш болгон кыйынчылыктарга дуушар болуп, алар менен күрөшүп келишкен. Ошондуктан алардын жашоолору негизинен оорчулуктар менен коштолгон. 

       Өз эрки менен бул дүйнөнү чануу

     Алла жолунда кызмат кылгандар кээде өз эрки менен дүйнөнү чанышы мүмкүн. Бирок, көпчүлүк учурда Алла дуушар кылган кыйынчылыктары аркылуу аларга дүйнөнү жек көргөзөт. Азирети Бедиуззаман: “Куран кызматындагылар Куранга чын ыклас менен, бекем дилгирлик менен кызмат кылыш үчүн, же бул дүйнө аларды, же алар бул дүйнөнү чанып, көңүлү калышы керек” дейт[1]. Кээде оорулар, кээде үй-бүлөлүк жана коомдук жашоодо кездешкен көйгөйлөр, кээде асман-жерден келген кырсыктар, кээде ыймансыздардын кысымы кишинин маанайын чөгөрүп, көңүлүн акыретке бурат. 

     Айрыкча көралбастык, же өчөшүү сезимдерине кул болгон кишилер мындайлардын жанын жай алдырбайт. Кайра-кайра аларга чабуул жасайт. Колуна тийген мүмкүнчүлүктөрдү, күч-кубатты аларды эзүүгө, жок кылууга жумшайт. Бирок, шайтандын азгырыгы менен иш кылган мындай заалымдардын зордук-зомбулугу Алла жолунда кызмат кылган азаматтарды аркалаган кызматтарына ансайын жакындатат. Мындай кыйынчылыктар бир жагынан алардын күнөөлөрүнүн ордун басып, каталарын, кемчиликтерин тазалайт. Экинчи жагынан аларга мээримдүү сокку болуп эсине келтирет жана кылып жаткан айрым кемчиликтеринен кайтарат. 

       Жараткандын мээрим соккусу (жазасы)

Мээрим соккусуна кандай жаңылыштыктар себеп болот? Буга этиятсыздык, жашоону туура пайдаланбоо, өз милдетин ийине жеткире аткарбоо, колдогу мүмкүнчүлүктөрдү негизги максат үчүн колдонбоо, ийгиликтерди өзүнөн деп билүү, Ислам дини үчүн кылынган кызматтардын күчүн солгундата турган катачылыктарды кетирүү, туруксуздук, ыклас жана берилгендиктен алыстоо сыяктуу көптөгөн себептерди кошууга болот. Баарыбыз артыбызга кылчайып жашоо тасмабызга назар салсак, канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарганыбызды көрөбүз. Колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү канчалык даражада Ислам динин сүйдүрүү үчүн колдонгонубузду териштирсек болот.

     Мына ушундай кайдыгерлигибиз, кемчиликтерибиз Жараткандын мээримдүүлүк менен эскерткен жазасы катары бизге сокку болуп кайтышы мүмкүн. Азирети Бедиуззаман айткандай муну “мээрим шапалагы” дешибиздин себеби, сыртынан жагымсыз көрүнгөн мындай көйгөйлөрдүн артында зор жакшылыктар катылуу болушунда. Бирок, катачылыктарыбыз үчүн Алла Тааланын бизди залимдер аркылуу жазалашы, б.а., тагдырдын адилеттүү мамилеси залимдерди актабайт. Зулумдук кылгандар акыретте кылган зулумдугуна жараша мамиле көрөт жана жасаган ар бир адилетсиздигинин, зулумдугунун жазасын тартышат. 

     Алланын кызматына берилген азаматтар өздөрүн башкаларга салыштыра албайт. Алар жүргөн жол – пайгамбарлардын жолу. Мына ушул себептен жолдун талаптарына көңүл бурууга милдеттүү. Аркалаган акыйкаттарына зыян келбеши үчүн пайгамбардай аруу жана чынчыл болушу керек. Айткан сөздөрү жүрөктөргө жетиш үчүн элдин ишенимине ээ болууга тийиш. Түз жашап, түз жүрүшсүн. Эгер мындай маселелерге кылдат болушпаса, Алла берген жакшылыктарга кыянаттык кылышат. Кичинекей ката кетиришсе да алардан арылышы, өз ордуларына ылайыктуу болуп, таптаза бойдон алдына барышы үчүн Алла аларды залимдердин колу менен азапка салып жазалайт.  

     Бир хадисте мындай деп айтылат: “Балээнин эң оору пайгамбарларга, андан кийин Алланын жакын досторуна жана даражасына жараша башка момундарга келет[2]. Кишинин даражасына жараша кыйынчылыктар кээде өтө катаал жана оор болот. Кишини жанчып, тепселеп, эзүүгө алат. Мындайда пенде өзүн кудум танканын алдында калгандай сезет. Эң негизгиси, мындай учурларда киши акыл-эсин, аң-сезимин туура колдонуп, башына түшкөн абалды туура жоромолдой билиши керек. Киши өзүнүн даражасын, кетирген катачылыктары менен келген кыйынчылыктарды бири-бирине байланыштырып, Бедиуззаман сымал, “Булар так эле мага ылайык келиптир”, – дегидей болсун. Мындай кыла алган киши сабыр кылганды билет, ыраазычылыктан алыстабайт, Аллага жакпаган ой-пикирлерден, кыймыл-аракеттерден алыс болот. Башына келген кыйынчылыктарды акырети үчүн пайдалуу абалга алып келет. 

     Негизи сергек, кыраакы кишилерди кайгыга салып сыздаткан нерселер жалпыга маалым болгон жамандыктар, башкалар ойлогон кырсыктар эмес. Бүгүнкү күндөгү жалпы адамзаттын, мусулмандардын аянычтуу абалы бул сезимтал пенделердин кайгыга батып, күйүт тартышы үчүн жетиштүү. Мисалы, бүгүн көптөгөн жерде мусулмандар демократиянын эң негизги укуктарынан да ажырап, диний талаптарын толук аткарууга жол берилбей келет. Абийирге, ишенимге, сезимдерге, ой-пикирлерге багытталган түрдүү кысымдар бар. Дүйнө жүзүндө көптөгөн кишилер ар түрдүү өзгөчөлүктөрдү шылтоо кылып, бири-биринин жанын кыюуда. Уруш-талаш, кагылышуулардын аягы тыйылбайт. Булардын баары Исламдын тагдырына чын дили менен байланган кишилерди жулмалап, эт-жүрөгүн канатууда. 

     Мусулман үчүн мусулмандардын бүгүнкү аянычтуу абалынан өткөн чоң кыйынчылык болушу мүмкүнбү? Ыйман келтирген баалуулуктары тебеленип жатканынан өткөн балээ барбы? Дагы кандай балээни, кандай кыйынчылыкты күтүп отурабыз? Болуп жаткан окуяларга көксөгөн мүдөөңөр, тилеген тилегиңер жагынан карасаңар кыйынчылыктар, балээлер башыңардан ылдый жамгырдай төгүлүп турганын сезесиңер. Ислам дүйнөсүн ойлогон кишилер үчүн мындай жагымсыз абалга кайгырбай коюу, күйүттөн бүк түшүп мүңкүрөбөй отуруу мүмкүн эмес.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 5-августундагы баянынан алынды.    

Которгон: Канатбек Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] Бедиуззаман, Лемалар, 54-бет

[2] Тиризи, Зухд 57; Ибн Маажа, Фитан 23