Суроо: Канткенде бакубат үй-бүлө курууга болот?

     Жооп: Устат Бедиуззаман чыгармаларынын бир канча жеринде үй-бүлөдө тынчтык орношун, үй ичи бейиштин бир бурчуна айланышын ыйманга байланыштырат. Айрыкча, бул маселеде акыретке ишенүүнүн маанисине басым жасаган. Чынында эле, кылган иштери үчүн эсеп-кысап берем деп ишенген, чоң болобу, кичине болобу, жашоодогу ар бир ишине жоопкерчилик менен караган жана дүйнө менен акыреттин маанисин анык түшүнгөн жубайлар түзгөн үй-бүлөдө көп деле көйгөй чыкпайт, чыкса да чечүү кыйла оңой болот. Бейишке кирүү үмүтү менен жашап, акыреттеги жакшылыктарга ээ болобуз деп ишенгендиктен бул дүйнөдөгү кээ бир кыйынчылыктарга чыдаган,  өмүр шериги менен бирге баарын көтөрө билгенде гана акыретте бул дүйнөдөгү кемчиликтерден толук арылган жашоо чогуу уланат деген түшүнүктө болгон жубайлардын үйлөрү бейиштин бир бурчуна айланары шексиз. Ар кандай оору-сыркоолор да, жаш улгайган сайын пайда болгон көйгөйлөр да, ортодогу таарынычтар менен ар кандай ыйкы-тыйкылар да Жараткан Аллага жана Акырет күнүнө бекем ишенген жубайлардын жылуу мамилесин өзгөртө албайт. Ортолорундагы сый-урматты, бекемдикти, чын ыкласты буза албайт. 

     Үй-бүлө бир канча мүчөдөн турат. Ошондуктан, үй-бүлөдөгү бакубаттык, кут-береке биринчи кезекте андагы жашоочулардын кулк-мүнөзүнө, тарбиясына байланыштуу. Бул үчүн үй-бүлө мектеп катары кызмат кылышы керек. Үй-бүлө мүчөлөрү үйдөн алган тарбиясын көчөдөн жоготпосун. Мечит аларга дем берип, алардын сергек жашоо булагына айлансын. Мектеп болсо бийик максат менен улуу ойлордун жолун көрсөтсүн.

Үй-бүлөдө ырк кеткен, көчөлөр бузукулукка толгон, мечиттер ээнсиреп, мектептер курулай жаттоого, даяр шаблондорго айланган жерде жаш муундар кароосуз калып, жолбунга айланат. Тилекке каршы, азыркы муундарда мындай чөйрө жок. Алар бул багытта кандайдыр бир даярдыктан өтпөй өскөндүктөн, үй-бүлө курууда, жубай тандоодо жана үй-бүлөдө пайда болгон ар кандай кырдаалдарда утурумдук жашоонун кызыкчылыгына ылайык чечим кабыл алышат. Натыйжада, ар түрдүү көйгөйлөрдүн чийеленген чырмоогунан арыла албай кыйналышат.

       Нике сертификаттары

     Дагы бир жагынан алганда, жар тандоодон баштап сөйкө салганга чейин, үй-бүлөнүн эреже-тартиптеринен баштап жубайлардын ортосундагы мамилелерге чейин диндин бизге үйрөткөн эрежелерин, принциптерин жетиштүү үйрөнүү жокко эсе. Керек болсо аны билгендер да тыңгылыктуу колдонбой, бир четке жылдырып коюуда. Андыктан, башка көптөгөн маселелер сыяктуу эле, үй-бүлө маселеси да кайра башынан каралууга, үйлөнөт элем дегендер да олуттуу даярдыкка муктаж.

     Ушул себептен улам, мен тээ мурдатан бери үй-бүлө курат элем дегендердин баары семинардан, же курстук тренингден өтүшү зарыл деп эсептеп келем. Ал тургай, андай окуудан өтпөгөндөр, атайын сертификат албагандар үйлөнбөшү керек деп ойлойм. Мындай сабактарда үйдөгү башкаруу эрежеси, үй-бүлөдөгү тартиптер, эрежелер үйрөтүлүшү керек. Аял-эркектин мүнөздүк өзгөчөлүктөрү айтылып, жубайлардын жашоосунда пайда болушу мүмкүн болгон көйгөйлөр, аларды кантип чечүү керектиги жана турмушта кездешкен түрдүү кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдору көрсөтүлсүн демекмин. Үйлөнө турган жарандар мойнуна кандай жоопкерчилик алары жана турмушта туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктар тууралуу алдын-ала даярдалышы керек.

     Дагы баса белгилей кетчү нерсе − үй-бүлө тууралуу теориялык билимдерге ээ болуу маанилүү болгону менен, бул келечекте чыкчу көйгөйлөр менен чыр-чатактарды чечүүдө жетишсиз. Бул жааттагы маалыматтар Аллага жана акыретке ишеним менен кубатталып, белгилүү максатка багытталышы керек. Демек, жакшы үй-бүлө куруу ар бир инсандын руханий азыктануусуна жана көңүлүнүн токтугуна байланыштуу. Бул аркылуу адамдар олуттуу жоопкерчилик сезимин өрчүтөт.

     Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) милдеттеринин көптүгүнө карабай, сахабаларынын ар биринин үй-бүлөлүк маселелерине кам көрүүнү да эч качан унутта калтырган эмес. Алла Тааладан келген ыйык кабарды жеткирүү жана аны өз жашоосунда так аткаруу менен диндин пайдубалын түптөө, адамгерчиликке таандык баалуулуктарды кайра калыптандыруу менен караңгы доордогу туура эмес адаттарды жоюу, же аларды оңдоп-түзөө менен алек болуудан тышкары, үйлөнө тургандарга да кол сунганга убакыт таап, аларга туура жол көрсөтүп турган. Анткени, ал жашоодогу бардык маселелерди үйрөтүш үчүн жөнөтүлгөн болчу. Кандайдыр бир иште кеткен кемчилик башка жерлерге да таасир этерин билгени үчүн диндин негизги принциптерине тиешелүү маселелер менен бирге майда-барат деп саналган көйгөйлөрдү да көз жаздымда калтырган эмес. Ошондуктан ал кимдир бирөөлөргө үйлөнөр алдында турмуштук кеңештерин берсе, башка бирөөлөргө жубай тандоо боюнча сунуштарын айткан. Кайсы бирөөгө калың маселесинде жардам кылса, дагы бирөөлөрдү өзү тикелей үйлөнтүп койгон.

     Биз да ушул жааттарда Алланын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) өзүбүзгө өрнөк тутуп, бейпилдикке толгон бактылуу үй-бүлөлөрдүн түптөлүшү үчүн жаштарга колубуздан келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Үй-бүлө күтсөм дегендерди дин уруксат берген өлчөмдөргө ылайык жолуктуруп, өз ара пикир алмаштырып, бири-бирин таанып-билүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, ылайыктуу шарттарды түзөлү. Китептерди окутуу, тренингдер аркылуу аларга үй-бүлөнүн тартиптерин, эрежелерин, жубайлардын бири-бирине болгон укуктары менен милдеттерин жана балдарды кантип тарбиялоо жөнүндөгү маселелерди үйрөтүшүбүз керек.

     Баарынан да маанилүүсү, мындай маселелерди ыйман менен ишенимдин принциптерине туура келген негизде түшүндүрүү зарыл. Алланы таанып-билүү жана бул дүйнөдө жасалган иш-аракеттердин кайтарымы тиги дүйнөдө колубузга толук тиерине ишенүү – биз айтып түшүндүрө турган теориялык маселелердин бекем фундаменти болсун.

Түбү бекемделбеген борпоң пайдубалдын үстүнө курулган нерселер сөзсүз чалагайым бүтөт. Ошондуктан, ишти адегенде бекем фундамент салуудан баштап, калган билимдерди андан кийин гана берүүгө тийишпиз. Бул маселе бүгүнкү күнү өзгөчө маанилүү болуп турат. Анткени азыркы муундардын ыйманы аябай алсыз, ары ишенимдеги кризиси да күчтүү. Буга кошул-ташыл болгон билимсиздик, адеп-ахлактын начарлыгы жана башкаларды сокур немедей ээрчүү сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр да очоктордун бузулуп, үй-бүлөдө ырк кетүүсүнө себеп болууда.

       Ассимиляция жана үй -бүлөнүн бузулушу

     Батыш дүйнөсүндө үй-бүлө маселеси абдан оор абалда. Үй-бүлө түптөө жана ажырашуу канчалаган жылдардан бери социологдордун эң башкы темаларынан болуп келет. Ажырашуу көрсөткүчү аларда абдан жогору. Ал тургай үй-бүлө күтүүнү негизги жашоо түзүмү катары эсептебей, жалгыз өмүр сүрүүнү жактыргандар да көп. Бир үйдө түтүн булаткан жубайлардын деле канчалык деңгээлде бузула электиги, түгөйүнө берген аманатына тактыгы, үй-бүлөсүнүн бактысы үчүн күрөшүү ниетинин бекемдиги ишенимдүү эмес. Ал эми такыр үйлөнбөгөн, же үйлөнсө да үйүнө бакубаттык орнобогон, же болбосо ажырашып тынган кишилердин абийири, ар-намысынын тазалыгы тууралуу кеп кылып да кереги жок. Анткени, Батыштагы моралдык кризис көпчүлүккө маалым. Жаман нерселерди жарыя айтып көпчүлүктүн дилиндеги аруулукка доо кетирбей эле койсок туура болор. Бирок маселенин жалпыга белгилүү болгон сырткы өңүтүнөн карасаңыз деле, Батыш коомчулугу кандай бузулганын, не бир айтууга ооз барбаган жаман жоруктар  жасалып жатканын көрүү кыйын эмес.

     Тилекке каршы, бул жаатта Ислам дүйнөсүндөгү абал деле көңүл жылытпайт. Бизде Батышты тууроо жагынан алдына ат салдырбагандар толтура. Өзүбүздүн өзөгүбүздү жоготуп, акырындык менен ассимиляция болуп, башкаларга сиңип баратабыз. Башкалардын илимин, техникасын эмес, жашоо мүнөзүн, стилин жана адаттарын туурап жатабыз. Батыш дагы дайыма өзүнүн жашоо мүнөзүн ар кандай жолдор менен башкаларга таңуулап келет. Мына ошондуктан өз баалуулуктарыбыз менен үй-бүлө институтубуз олуттуу коркунучта турат. Мындай мезгилде пайдубалы бекем, бактылуу үй-бүлө түптөө үчүн тынымсыз аракет жасап, миң бир түрдүү аргаларды колдонсок да аздык кылат.

     Негизи, бизде үй-бүлөнүн олуттуу орду сакталып келген. Анын пайдубалы да абдан бекем болчу. Ал тургай ушунчалык башаламандыкка дуушар болуп, тамтыгыбыз чыгып, көп нерселер колубуздан чыгып кеткенине карабай, азыркы таптагы үйлөрүбүздөгү жылуулукту, күйүмдүүлүктү көргөн кээ бир батыштыктар таң калганын, суктанганын жашыра алышпайт. Аттиң, үй-бүлө системабыздын урай элек кезин көрүшсө эмне!? Азыркы аянычтуу абалыбызды көрүп туруп кишинин “Ушуга жеткиргендер ылайым жакшылык көрбөй калсын!” дегиси келет. Бирок, тилекке каршы, очогубуздун бактысын өз колубуз менен өзүбүз талкаладык. Үй-бүлө түзүмү өлбө жаным өлбө деп араң жан жашап келүүдө. Очокторубуздун мурдагы өңү өчүп, кирдеп, өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүн жоготуп койгон.

       Үй-бүлөнүн маанилүүлүгү

     Коомдун молекуласы кептенген үй-бүлө түшүнүгү ыдыраса, анда башка зарыл институттардын иштеши да өтө кыйын болуп калат. Үй-бүлө системасы ыдыраган коом оңойлук менен оңолбойт. Үйлөр мектеп катары кызмат кылбаган коомдун иштери иретке түшпөй, өз багытын таба албайт. Үй-бүлөдө жоголгон баалуулуктарды башка жерден таба албайсың. Үйдө тарбия көрбөгөн кишилерди эч бир мыйзам, эч бир эреже менен оңдой албайсың. Кыскасы, коомдун келечеги кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөдөгү туура тарбияга байланыштуу.

     Ушул себептен улам, колдон келген арганын баарын колдонуу аркылуу үй-бүлөнүн функциясын калыбына келтирүүгө, аны Бейиштин бир бурчуна айлантууга жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бейпил, камкор уяга айлантууга аракет жасалышы керек. Мындай өзгөчөлүктөргө ээ болгон үй-бүлөдө жубайлар бири-бирине ачууланышы, кээде өз ара түшүнүшпөстүктөргө да дуушар болушу мүмкүн. Бирок, алар тагдырлаштарынын, чогуу жашаган өмүрлүк шериктеринин көңүлүн калтырбаш үчүн ачуусун башкара алышат. Түгөйү өз уясынын маанилүү тиреги экенин түшүнүшөт жана аны кууратчу болсо, очогу ойрондолуп, чатыры төбөсүнө кулап түшөрүн билишет. Өткөн кылымдарда жашаган кишилер терең билимге ээ болбой, педагогикалык тарбия алышпаганы менен, руханиятында байырлаган адеп-ахлагы жана акыл-эстүүлүгү аркылуу үй-бүлөсүн бузбай сактаганды билишкен. Мына ошол түшүнүктү, ыйбаалуулукту кайрадан тирилтүү зарыл.

     Коомдук деградация кеңири кулач жайган азыркы жашоодо үй-бүлөнүн маанилүүлүгү ого бетер жогорулады. Тилекке каршы, кээ бир телеканалдар, веб-сайттар, социалдык медиа платформалар жана башка басма-көрмө маалымат каражаттары өз абалына жараша шайтандын оозу, көзү жана кулагы сыяктуу иштеши мүмкүн. Шайтандын суук колу сымал үйлөрүбүзгө чейин кирип келип, балдарыбыздын тунук сезимдерин булгашы мүмкүн. Дүйнө жүзүндөгү бардык бузуку кишилер чогулуп келсе да жогорудагы маалымат каражаттарындай жаш муундарга зыян келтире алышмак эместир. Ошондуктан, эгер биз бейиштин бир бурчундай бейпил үй-бүлөлөрдү кура албасак жана балдарга күчтүү тарбия бере турган шарттарды түзө албасак, анда кийинки муундарды таптакыр колдон чыгарып аларыбыз анык. Үйлөрүбүздү шайтандын алдамчылыгына, доордун ынсапсыздыгына таштап коюуга болбойт.

     Жогорку сөздөрүбүздөн улам бизди маалымат каражаттарына жана технологияга каршы деп ойлошпосун. Анткени алар ниеттери таза, абийирдүү, ыйман-ынсаптуу кишилердин колунда бейиш жышаанын алып келген көгүчкөн сымал сонун кызмат аткарып, башкаларга жакшылык жеткирүүчү каражат катары иштей алат. Глобалдашкан дүйнөнүн адамзатка тартуулаган мүмкүнчүлүктөрү жакшы колдонулса, пайдалуу маалыматтарды да так ушул “көгүчкөндөрдүн” канаттары аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна жеткирсе болот. Башкалардын колунда шайтандын шапалагы болуп, кыйратуучу куралга айланып бараткан нерсе, дагы бирөөлөрдүн колунда периштенин демине айланып, жеткен жерин гүлдөтүшү мүмкүн. Эң маанилүүсү – аны кандай ниетте, кандай максатта, кайсы жолдо жана кантип колдонууда. Ооба, эгер технологиялык мүмкүнчүлүктөр адамзаттын жакшылыгы менен оңолуусун көздөгөн кишилердин колунда болсо, алар адамзаттык баалуулуктарды жандандырууга жана кайра курууга чоң салым кошо алат.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 3-августундагы баянынан алынды.  

Которгон: Алмамбет Осмон уулу 

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев