Акыркы аптадагы коомдук сурамжылоолордон чыккан анкеталар түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын шайлоого аттанчу талапкердин баарына уттураарын айтып баштады. Эгер 2023-жылдын июнунда болчу президенттик шайлоого чейин катуу өзгөрүү болбосо, бийликтеги күчтөр Эрдогандан башка талапкерди көрсөтүшү шарт болуп калат

Кыргызстан, Өзбекстан же Орусия сыяктуу постсоветтик мамлекеттерге салыштырмалуу, Түркияда демократиялык шайлоолордун салты калыптанган. Бул таптаза шайлоо болот дегендик эмес, бирок бийликтен кетип жаткан партия же лидер жарандары менен мамлекетин коркунчука кептечү кандайдыр бир аракетке бараары арсак десек болот.

Себеби, социология илиминин жүз жылдаган тажрыйбасы боюнча, эгер кайсыл бир мамлекеттин бийлиги эки ирет, белгилүү бир денгелдеги, таза шайлоодон оппозицияга жеңилип, ордун тапшырып берген болсо, мындай өлкөдө бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу салты калыптана баштады деп эсептелет. Түркия бул маселеде сылтып басса да, постсоветтик мамлекеттерге караганда төөлүк өйдө.

Түркиянын авторитеттүү компаниясы болгон Метрополдун өткөн аптадагы сурамжылоосунун жыйынтыктарына караганда, Тайып Эрдоган потенциалдуу төрт талапкерлин баарына уттураары анык болду. Алардын үчөө негизги оппозициялык ЖХП (CHP) социалисттик партиясына таандык саясатчы, төртүнчүсү түрк улутчулдарынын ИЙ (IYI) партиясынын лидери Мераль Акшенер атту айым.

Коом жана саясат таануу илимдеринин ыкмалары менен “ойлонуп атам”, “жооп бергим келбей атат” деген ой билдирип, азырынча добушун кимге берээри белгисиз болуп аткан шайлоочуларды атайын формулага жараша бөлгөндө, төмөндөгү натыйжалар чыгып атат.

Эрдоганды чаңында калтырып жеңип чыкчу талапкер – Анкаранын мэри Мансур Яваш. Ал учурдагы түрк президентин 55-57% добуш менен жеңип чыгышы ыктымал. Аны менен жарышкан Эрдоган 41-42%’да калчудай. Мансур Яваштын эки проблемасы бар: ульта-улутчул өтмүшү болгондуктан, күрт шайлоочунун чечүүчү 11-12% добушун ала албай калышы мүмкүн; экинчиси – унчукпоо тактикасын колдонуп алгандыктан, учурдагы түрк саясаты тууралуу оюн эч ким билбейт. Эгер шайлоо аламаны учурунда туура эмес сүйлөп алса, добушу канча пайызга түшүп кетээрин эч ким болжой албайт. Күчтүү тарабы – бийликчил МХП жана оппозициядагы ИЙ’дин ультра-улутчулдарынын добуштарын алышы мүмкүн.

Яваштай эле добуш алуу потенциалына ээ болуп турган экинчи талапкер – Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу. Ал Эрдоган менен ат салышса, түрк жарандарынын 53-55% добушун алмакчы. Эрдоган бул учурда да 41-42%’да калаары көрүнүп турат. Имамоглунун күчтүү тарабы, Стамбулдагы шайлоодогудай, күрттөрдүн добушун алышы мүмкүн. Бирок түрк оппозициясы, ал президенттик макамга келсе, сүйлөшүлгөндөй, кайра парламенттик башкарууга өтпөстөн, супер-президенттик моделин калтырып, жеке башкарууну улантышы мүмкүн деп чочулап турат.

Өткөн аптадагы анкеталар чыкканга чейин учурдагы ажодон бир аз эле озуп, эксперттерди чочутуп аткан ЖХП’нын лидери Кемаль Кылычтароглу да Эрдоганды чаң алдында калтырчуудай көрүнө баштады. 2023-жылкы шайлоодо Кылычароглу 52-53% алып, Тайып Эрдоганга 46-47% гана берчүдөй көрүнөт. Тактап айтсак, ортодогу айырма 6%’га жетти. ЖХП лидеринин кемчилиги – ал буга чейинки шайлоонун баарын Эрдоганга уттуруп келген. Күчтүүлүгү –негизги оппозициялык лидерлер түзгөн “алтылык үстөл” тобуна киргендердин ишенимине ээ жана жеке бийликти орнотуу амбициясы эч качан болгон эмес.

Өткөн аптада чыккан анкетелерда: “Күчөтүлгөн парламенттик башкаруу орнотулганда премьер-министр болом, ошондуктан 2023-жылкы президенттик шайлоого катышпайм”, – деген ИЙ партиясынын лидери Мераль Акшенер айым да Эрдоганды жеңип алчудай болуп калды. Эгер ал жогорудагы оюнан баш тартып, президенттикке талапкер болсо, Эрдоганды 51 – 48 эсебинде жеңип алмакчы болуп турат.

Эксперттердин баамында Эрдогандын көрсөткүчтөрү барган сайын төмөндөп кете бермекчи. Себеби ар бир коомдо, кызыл камчы мамлекет башчылардын буйругуна баш ийбеген, экономика деген тээжик тармак бар. Ал боюнча, түрк лирасы долларга карата эки жарым жылда 3 эсе түштү, инфляция болсо 20 эсе өстү. Эл аралык компаниялардын изилдөөлөрү боюнча, Туркияда бир жылдык инфляция 142% болду.

Учурда Түркияны бийлеп аткан арамзаа исламчылар менен ультра-улутчулдардын коалициясы тез арада башка талапкер таппаса, Тайып Эрдоган келерки шайлоодо иштерине жарап берчүдөй көрүнбөйт. Ал 12-раундда катуу таяк жеп калган, көзүнө бир нерсе төрткө бөлүнүп көрүнгөн мушкерге окшоп турган кези.

Жансакта Сарбашов