Түрк баамчылдарынын айтымында, учурда бул өлкө Ата-Түрк доору гана эмес, Борбор Азиядан бул жакка көчүп келгенден берки эң чоң апаатты башынан өткөрүп атат

Бирок Режеп Тайып Эрдоган баш болгон түрк бийлиги жана аларды колдогон «даканса» тайпа (элдин 30-35%ы ) мурунку каталарынан сабак чыгарып, учурдагы апаатта элди бириктирип, келечекте мындай балээден канткенде азыраак зыян көрөбүз дегендин ордуна элдин калган тарабын, оппозициясын жана батыш тараптан жардамга келген куткаруучуларды айыптоо менен алек.

Апаатка кабылган эл сыздап жатат, миңдеген киши өлгөн, мамлекетте хаос жана азап өкүп сүрүүдө. Ал убакта түрк президенти чыгып алып эртеден кечке чейин элдин өзүн күнөөлөп, «бул жакка да, тигил жакка жетишип барып, кыйратып салдык» деп, маачыркануу менен алек. Анын ордуна, болгонун болгондой айт да, кылынып аткан аракеттерден кабар бер да дейт түрк аналитиктери.

Турк бийлигинин мындай оюнун көрүп, эл «эч нерсе кылынбай атат, жардам келген жок» деп соцтармактарга видеолорду койсо, Эрдоган аларды «провокатор», «сатылгандар» деп жамандап атат. Ошол себептен улам, бийликке жакын кишилер бийликти сындаган кишилерге «чыккынчы» деген мөөр басып кирди. 

20 жылдан бери өлкөнү башкарганда кыпындай да ката кетирбегенсип, өзүн кудай ордуна кое баштаган чиновниктер бар. Учурда келип түшкөн статистикага караганда, талкаланып калган көп кабаттуу үйлөрдүн 50-60%ы 2001-жылдан тийин салынган, б.а. учурдагы бийликтин доорунда элге берилген.   

Мындан улам кишилер түрк бийлигине: «Оо, айланайындар, күндө чыгып, кабак-кашын чытып алып, бирдей тон менен сындаган элди коркута берүү туурабы? Араңарда кыйналган элге мээримдүүлүк менен карай алчу эч кимиң жокпу?», – деп нааразы.

«Show haber» телеканалынын сунуучусу Диляра Гөндер студияга келип «мындан сабак алышыбыз керек» деген профессорго: «Каяктагы сабак, агай, өлкөдө жер титирөө биринчи жолу болуп атабы?», – деди. Бийлик: «Биздин колдон ырыскы жеп атып, эмнеге биздин пропагандабыздан башка бир нерсени сүйлөйсүң», – дегенсип, Диляраны жумуштан айдап салды. Муну, “башка журналисттер менен жарандык активисттер жарым сүйлөм да кайаша сүлөбөсүн деп кылышты” дейт баамчылдар.

Түрк коомунун көпчүлүгү «баарын Батыш кылып атат» деген параноясы менен ооруйт. Оппозициялык ИЙИ партиясына кирген Жихат Йайжы деген адмирал: «Бизге жардамга келип жаткан уюмдардын көбү тыңчылык кылышат», – деп дөөрүдү. Түрк интеллигенттери “ар үч сүйлөмүнүн бири психиатриялык анализ кылынышы керек болгон адмиралды бул партия жоктон таап алдыбы” деп нааразы. Учурда Түркияга 80 өлкө жана 17 эл аралык уюм жардамга келген. Алардын көбү жана көп жардам бергени Батыш коомчулугуна тиешелүү.

1999-жылкы дер титирөөдөн кийин Түркияда «жер титирөөгө» деген атайын салык алына баштаган. Андан бери 90 млрд долларга жакын каражат чогултулган. «Ал миллиарддар кайда?», – деген оппозициянын лидери Кемаль Кылычтароглуна түрк интеллектуалы делген Нажи Бостанжы: «Жер титирөө салыгынын акчасы жер титирөөгө эле жумшалышы керек бекен», – деп элди таң калтырды. «Нажи агайдын оозунан ушул сөз кантип чыкты», – деп отуруп калышты.

Президент Тайып Эрдогандын Фуат Октай деген жардамчысы чыгып: «Оппозициянын кишилери учак майданын эмнеге өчүрүп жүрөт», – деп нааразы болду. Ушул алапайы табылбай калган маалда жардам берген ар кишиге ыраазы болгондун ордуна, «биз ийгиликти эч ким менен бөлүшкүбүз келбейт» дегендей аракетти кайсыл акмак кылат деп чочуду эл. «Бийлик бардык жерге өзү жетишип, эч кимге муктаж болгон жок» деген пропаганданы ушул учурда токтото турса болбойбу деп нааразы.

Был апааттын аркасы менен өлкөнүн эки тизгин бир чылбырын мыкчып отурган Эрдоган «өзгөчө кырдаал абалын» киргизди. Шайлоону бир жылга жылдырышы да мүмкүн. Бирок, өзүм билемдикке салгандан улам чөгүп бара жаткан түрк экономикасынын абалы бийликкеби же оппозициягабы каршы иштейт экени, азырынча белгисиз.

Жансакта Сарбашов