Ушул аптада профессор Ферхад Кентер жетектеген “Түркияда бирге жашайбыз” изилдөө фонду (BAYETAV) 180 беттик изилдөөсүн жарыялады.  

Изилдөө учурунда түрк жарандарына бир нече суроо узатылган. Биздин кыргыз коому мындай суроолорго кантип жооп берээри белгисиз, бирок түрктөр ооруган оору менен, кандайдыр бир деңгээлде, биз да ооруганыбыз талашсыз.

 Анда эмесе суроолорго, аларга берилген жоопторго жана кыскача кооментарийлерге өтөлү.

Суроо: Төмөндөгү иш-чаралардык кайсынысына катыштыңыз?

  1. Адам укуктарын коргоого – 13%;
  2. Айлана-чөйрө жана табиятты коргоого – 21%;
  3. Колунда жокторго, бейтаптарга, кары-картаңдарга, багаарга эч кимиси жок калгандарга жардамдашууга – 37% түрк жараны катышкан.

Баарын кошкондо 50-60% арасындагы пайыз чыгып атат, анткени эки иш-чарага катышкан да кишилер бар. Натыйжада эч бир иш-чарага катышпагандар 50%га жетип турат. Мындан улам түрк социолог жана политологдору түрк коому уюша алчу коом эмес, ошондуктан саясатчыларга курал боло бермекчи деген жыйынтыкка келишкен. Анткени саясатчылардын уюмдары бар. Бийликтегилердин аркасында мамлекеттик мекемелер, оппозициянын болсо партиялык уюмдары бар.

Демократиялык принциптер ишке кирген мамлекетти болсо уюша алган коом гана калыптай алат. Эгер жарандар демократиялык негизде уюшуп, керектүү иерархияны түзө албаса, саясатчылардын алдында алсыз бойдон кала бермекчи. Ошондуктан түрк шайлоочусу өтө алсыз шайлоочу, себеби, акыркы убакта профсоюздары жана башка жарандык уюмдарынын баары пассивдешип, коомдук лидердин көбү түрк бийлиги менен камыр-жумур болуп кеткен.

            Өтмүштөгү окуяларды коомдук талкууга алып чыгуунун эч кандай пайдасы жок дегендерге кошуласызбы?

  1. Бул аябай ката пикир – 3%;
  2. Бул ката пикир – 10%;
  3. Бул аябай туура пикир – 14%;
  4. Бул туура пикир – 62%.

Ошентип Түркия калкынын 76%ы тарыхты жаап, жакынкы жылдардагы архивдик материалдарды чукулабай, андан көрө алдыга караш керек деген пикирде. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн ийгиликтеринин негизги себептеринин бири – улуттун өтмүшүндөгү каталары менен жүздөшүүсү болгон. Коом “биз бул күнөөнү кылдык, биз бул жерден ката кетирдик” деп өкүнүп, толугу менен тообо кылуусу зарыл дейт түрк аналитиктери.

Түрктөрдүн 76%ы өтмүшүнө тике карай албаганынын себеби, дал ушул пайыздарга жеткен түрк улутундагы сунний мусулман көпчүлүк бар. Бул көпчүлүк жакынкы тарыхтагы коомдук катастрофалар менен кылмыштарга катышкан, ошондуктан аркага кылчайсам күнөөкөрлүк сезиминен башка эч нерсе таппаймын деген ойдо.

            Ыйык максаттар кишинин өмүрүнөн да кымбат:

  1. Бул аябай ката пикир – 18%;
  2. Бул ката пикир – 24%;
  3. Бул аябай туура пикир – 11%;
  4. Бул туура пикир – 31%.

Ошондо 42% түрк жараны, кандайдыр бир ыйык максат кишинин тагдырынан жогору турат деген пикирде. Изилдөөчүлөр бул суроого жооп бергендердин саясий көз-карашын сурашканда, ыйык милдет үчүн өлсө болот дегендердин басымдуу көпчүлүгү учурда бийлик каолициясын түзгөн радикал динчил АКП (64%) жана ультра улутчул МХП (72%) партияларынын өкүлдөрү экени билинген. Бул пикирди колдобондордун башына оппозициялык ЖХП (20%) партиясынын өкүлдөрү чыккан.

Ыйык максаттар кишинин өмүрүнөн да кымбат

Ушул эле суроого жооп узаткандардын социалдык курамы суралганда, реформачылдардан 24%, светтик консерваторлордон 48%, диндар консерваторлодон 56% киши ыйык максаттар үчүн кишини курмандыкка чалса болот деген.

Изилдөөчүлөр, жалпылап алганда, түрк коомунда “кишинин өмүрү маанилүү эмес, менин идеологиям эң туура, бардыгы менин катарыма келип тизилиши керек” деген кенен бир тайпа көрүнүп турат деген тыянак чыгарышкан.  

Бул суроого туура дегендерде “меники эмес башкалардын балдары өлтүрүлөт, менин балам болсо акча берип кутулуп, бактылуу жашоосун улантат деген ишеним бар” дейт изилдөочүлөр.

            Германиядагы түрк балдардын өз тилинде билим ала албаганы адам укугун тепсегендик:

  1. Бул аябай ката пикир – 2%;
  2. Бул ката пикир – 10%;
  3. Бул аябай туура пикир – 20%;
  4. Бул туура пикир – 55%.

Ошондо түрк респонденттердин 75%ы түрк балдарынын эне тилинде билим ала албаганы адам укугуна каршы келет деген. Бирок Түркиядагы күрд балдардын өз тилинде билим ала албаганы адам укугун тепсегендик деген ойгоошол эле кишилердин 47% гана туура дей алган. Алардын жарымы бул кош суроо эмне үчүн суралганын аңдап турса да “түрк деген башка, күрд болсо башка” деген пикирде экенин билгизип койгон. Бул жерде түрк балдары Германияга барган эки муундун, Түркиядагы күрддөр болсо ал жердин байыркы элинин урпактары экенин баса белгилеш керек дейт социологдор.

            Изилдөөчүлөр классикалык нацисттик ураан деп баалашкан – Дайыма күчтүү бир лидерге муктажбыз деген пикирди түрктөрдүн 85%ы “аябай туура” жана “туура” деп коштогон.

Түрк жарандары лидерди сүйөт, бир күчтүү киши гана бизди баардык көйгөйлөрдөн сууруп чыгат деп ишенип, “ыйык куткаруучуну” күтөт. Учурда өнүгүп жаткан мамлекетердин жарандары болсо “Жок, күчтүү лидер эмес, күчтүү уюмдар, күчтүү мекемелер, күчтүү система жана күчтүү баш мыйзам керек. Бир жумур баш пендеге өзүмдүн жана балдарымдын келечегин тапшыра албайм” дешет.

            Адамзат, эч нерсеге карабай жакшы тарапка кетип баратат деген пикирди түрктөрдүн 18%ы гана “туура” таап, 66%ы “туура эмес” деп, каршы чыгып, жалпысынан алганда, түрк коому адамзаттын келечегине пессимисттик көз-карашта экенин билдирген.

            Өзүңүздү таанытыш үчүн төмөндөгү кайсыл эки сапатты тандайсыз дегенде 63%ы түрк –  “улутчулдукту”, “ататүркчүлүктү” жана “үлкүчүлүк” (5-орунда) деп, түрк үстөмдүгүн жактырган. Үчүнчү жана төртүнчү сапат катары калктын 40%ы “консерваторлукту” жана “исламчылыкты” тандаган. Бул алдынкы беш орунга чыккан сапаттар түрк социологдору тарабынан улутчул деп таанылган. Муну дүйнө стандарттары менен салыштырганда, түрк коому ашкере улутчул экени билинип турат. Эки сапаттын бири тандалганда,  өздөрүн “демократ”, “социал-демократ”, “социалист” жана “либерал”  дегендер 25%га жеткен эмес.  

Бул изилдөөнүн натыйжасын талдаган социологдор, төмөнкү бүтүмдөргө келген: Демек, түрк коому өзгөрүүгө анча ачык эмес, бир аз мээримдүү, бирок социалдык уюшкандыгы төмөн, лидерлерди мамлекеттик институттар менен мекемелерден жогору койгон коом экени билинген. Ошондуктан учурдагы кризистен элиталардын макулдашуусу аркылуу гана чыга алабыз, коомдун биригүүсүн күтсөк, өтө көп убакыт жоготобуз деген бүтүмгө келишкен.

            Орусу-украин согушунда ким күнөөлүү деген суроого, түрк жарандарынын 33,7%ы Орусия, 48,3% АКШ менен НАТО, 7,5%ы Украина деп жооп берген. Мында бийликтеги АКП менен МХП тарапташтарынын басымдуу көпчүлүгү согуштун башталуусуна Батыш менен Украина күнөөлүү дешкен. Ошол эле суроого немистердин 55%ы Орусия, 30%ы Орусия колдогон экстремисттер, 20%ы Украина бийлиги, 17%ы АКШ, 6%ы Еропа биримдиги дешкен.  Изилдөөчүлөр түрк коому менен саясий элитасынын акылга сыйбаган Батышты жек көрүү сезими бар деген бүтүм чыгарышкан.