Момун пенде үчүн сооп табуунун өтө көп жолдору бар. Мисалы, аны жасаган жакшы амалдары, кылган ибадаттары соопко жеткиргендей эле, ар кандай кыйынчылыктарга, оор абалдарга кабылганда сабыр кылуусу да эбегейсиз соопко эгедер кылат. Ушундан улам момун пенде өзү каалабаган кыйынчылыктарга, оор абалдарга кириптер болгондо да, канткенде ушул абалдан сооп казынама кошумча кошом деп ойлонуп, алар аркылуу Жараткан Алланын ыраазылыгын табууга аракет кылышы керек

     Айтылуу акын Зия Паша: “Бул дүйнөдө ар бир жандын көйгөйү бар, 
Же жалгандан жыргап өткөн жан бар бекен?” деп бекеринен айтпагандыр.

     Чынында эле адамзаттын тарыхында эч бир кыйынчылык тартпай, жыргап жүрүп өтүп кеткен киши болгон эмес. Азбы-көппү, чоңбу-кичинеби, айтор ар кимдин өзүнө жараша көйгөйү болгон. Ал эми Пайгамбарыбыздын айтуусу боюнча, кыйынчылыктын эң татаалына, эң ооруна пайгамбарлар дуушар болгон. Андан кийин эле даражасына жараша аларга эң жакын пенделер турат. (Бухари, мерда 3). Адам кээде жыргалчылыкта, молчулукта жашаса, кээде кыйынчылыктарга, оорчулуктарга дуушар болот. Кээде түптүз даңгыр жолго түшүп, эч кыйынчылыксыз сапар тартса, кээде типтик ашууларга туш болуп, кандан, ириңден бүткөн дайраларды кечет. Кээде сак-саламат өмүр сүрсө, кээде кас душмандары алдын тороп, буттан чалат. Жашоо дегениң мына ушундай түйшүктүү сапар. Андай болсо, бул сапарды ушунун баарын эске алуу менен баштаганың оң.

     Биздин милдет – алдыбыздан чыккан машакаттарга сабыр кылуу жана аларга моюн сунуп отуруп калбай жолубузду улоо. Пенде бул жолдо өзүнө катуу таасир эте турган күтүүсүз окуяларга туш болушу мүмкүн. Мына ошондой маалда өзүн жоготпогонду, кайсалап алапайын таппай калбаганды да билиши керек. Айрыкча, тагдырга нааразы болуудан таптакыр алыс болуу зарыл. Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кырсыктын эң биринчи убагында көрсөтүлгөн сабырды «чыныгы сабыр» деген. (Бухари, сенаиз 32, 43; Муслим, сенаиз 14, 15). Демек, Алла Тааланын назарында кабыл алына турган сабыр – башка түшкөн кырсык ысык кезинде, сезимдер алып-учуп, окуянын себептери менен артындагы сырлары толук айкындалбай турган алгачкы маалда көрсөтүлгөн сабыр. Ансыз да маселенин эң оору ушул эмеспи. Демейде киши дуушар болгон окуяны таразалап, анын кандайча жүзөгө ашканын байкап, бир сыйра баа берип алган соң гана напсин сабыр кылууга көндүрөт. Чынында, бул деле сабыр болуп саналат, бирок, ал эң алгачкы убакта көрсөтүлгөн сабырга жетпейт.

     Мына, Пайгамбарыбыз сүрөттөгөн ушул сабырдуулук кишиге эң чоң ибадаттардан да көп сооп алып келиши мүмкүн. Андайда пенде кудум космостук станциядан атылып чыккан ракета сымал, бир ирмемде Алланын алдындагы эң мыкты деңгээлге чыгып, бир заматта периштелер менен бир катарга туруп кала алат. Кыйынчылыктарга, кырсыктарга сабыр кылуу өтө тездик менен мыктылардын эң  мыктысы болуу даражасына жетүүсүндө олуттуу роль ойнойт. Жабыр тарткандардын онтогону Алла Таала үчүн эң ыкластуу дубалардан, эң аянычтуу жалбаруулардан да жакын болушу мүмкүн.

     Алвар Имамдын төмөнкү ыр саптарында дагы ушул нерсе айтылат:
Дарттан улуу даба барбы?
Кечиримге себеп барбы?
Күйүт өзү чоң баалуулук,
Күйүттүүнү сүйөт Алла.

     Андай болсо биздин милдет – башыбызга кыйынчылык түшкөндө жалынып-жалбарып, дуба-тилектерибизди айтып Аллага кайрылуу. Жеке жашообузда болобу, же үй-бүлөлүк турмушубузда болобу, же жалпы коомдук абалыбызга байланыштуу болобу, айтор башыбызга түшкөн ар бир кырсыкты Аллага жакындатуучу мүмкүнчүлүк катары көрүү. Деги кандай күнгө кабылсак да, ар бир кыйынчылыкты пенделерин Өзүнө кайтаруу үчүн жиберген Алланын ар кандай чоңдуктагы чакырыгы катары кабыл алалы. Алла Таала булар аркылуу бизди чыныгы таухидге жеткирүүнү көздөйт. Бизди түндү пайдасыз өткөрбөөгө, Ага көз жашыбызды төгүп дуба кылууга түртөт. Оор үшкүрүктөр менен Өзүнө жалбарып отурганыбызды көргүсү, дуба-тилектерди айтып Улуу Кудуретине кайрылганыбызды уккусу келет. Ошондуктан ар кандай кыйынчылыктарга, кесепеттерге кабылганда наалып-напчуунун ордуна, аларды Аллага жакындатуучу бурсат катары колдонуу зарыл.

     Ошол эле маалда, таптакыр башкача да ойлонсок болот. Бул жашоонун жыргалчылыгы үчүн жеткен кээ бир жетишкендиктерибиз бизге жагымдуу, сүйкүмдүү көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, элдин алкышын алып, көңүлүн өзүбүзгө бурабыз. Анан карапайым калктын психологиясын колдонуу менен алардын сүймөнчүгүнө айланабыз. Акырындап күч-кубатка жетип, эки тизгин, бир чылбырды колго алабыз. Саясий жактан болсун, экономикалык жактан болсун, бурсатты өзүбүзгө имерип отуруп, өзүбүздүн бийликти орнотобуз. Бирок бир нерсени унутпайлы, булардын баары Алланын алдында арпанын данынчалык дагы баркы жок. Керек болсо алар шайтандын азгырыктары, айла-амалы болушу мүмкүн. Эгер колуңа тийген мүмкүнчүлүктөр менен өз жаныңдын түбөлүгүн түздөп албасаң жана аларды ушул максатта колдонбосоң, анда калбырга суу куюп жатканың ошол. Улуу мүдөөңө кереги тийбеген нерсенин баары пайдасыз жана жөн гана алдануу. 

     Айтмакчы, бул улуу мүдөө деген эмне эле? Бир ирмемге да эсибизден чыгарбай турган бүткүл жашообуздун максаты эмне эле? Алла Тааланын атын бүт ааламга даңазалоо эмес беле? Тынч жаткан жерибизден суурулуп чыгып, күндүз тыным албай чуркап, түнкүсүн көз жашыбызды төгүп буркураганыбызды Алла менен Анын Элчисин башкаларга сүйдүрүү үчүн жасачу эмес белек? Жараткан менен адамдардын ортосундагы тоскоолдуктарды талкалап, тосмолорду сыйрып, бардык жүрөктөрдү Аллага жолуктурсак дечү эмес белек? Ооба, бул дүйнөгө таандык шаң-шарапаттардын Алланын алдында бир баш арпачалык дагы баркы жок. Ошол эле маалда, Алланын атын даңазалоо үчүн жасалган кичинекей бир иштин дагы Жараткандын назарында опол тоодой салмагы бар.

     Эгер силердин тутунган жолуңар ушундай болсо, ушундай бийик мүдөөгө жабышып келген болсоңор жана ушул жолдо жан үрөп жүргөн болсоңор, анда ийри-буйру жолдорго, аң-чөнөктөргө кабылбайсыңар. Шайтандын айла-амалдарына, азгырыктарына алданбайсыңар. Өзүңөргө, өзүңөрдүн эгоңорго, текебердигиңерге, жеке каалооңорго, ышкыңарга азгырылбайсыңар. Эгер ушундай бийик сезимдерди, улуу тилектерди карманып жашасаңар, өлүмүңөр да ошого жараша болот. Курандын аяттарында айтылгандай, периштелер өздөрү урмат көрсөтүп, салам айтып турушат. Андай болсо бул дүйнөдөгү мактоолорду тандайсыңарбы, же периштелердин миң бир түрдүү көрк менен утурлап тосуп алышын каалайсыңарбы? Капкараңгы көргө алып кетчү жолду тандайсыңарбы же жапжашыл жайлоодой көркөм жайга алып кетчү жолду тандайсыңарбы? Шайтандын артынан жүргүңөр келеби, же Алла Элчисинин артынан жүргүңөр келеби? Киши башынан эле туура тандоо жасап, баса турган жолун туура аныктап алышы керек. Жолду туура тандап алган соң эч нерседен коркуунун да, тынчсыздануунун да кереги жок. 

     Бир нерсени унутпайлы, катуу өчөшүп алган кишилер Алла жолунда жүргөндөрдү көргөндө итатайы тутулуп, аларды бараткан жолунан адаштыруу үчүн колунан келген нерсенин баарын жасайт. Ар түркүн кыянаттыктарды жасап, болушунча жамандык кылып калганга аракет кылышат. Ушул күнгө чейин канчалаган кишилер залимдердин колунан азап тартышты. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, «ар бир Мусанын фараону» болуп турду. Пайгамбарыбыздын жолунан дагы кандай гана фараондор, кандай гана немруттар тосуп чыгышпады. Алгачкы төрт халифа менен алардан кийинки сахабалар Язиддер менен, Хажжаждар менен күрөшүүгө мажбур болушту. Андан кийин дин үчүн күрөшкөн мужадиддердин айласы куруп отуруп кылган дубаларын, жалынып-жалбарган тилектерин карасаңар, алардын дагы эки буту бир кончуна тыгылып, катуу кыйынчылыкта жашаганын көрөсүңөр.

     Себептер ааламын туура колдонуу – Алла Таала жаратылышка жайгаштырган буйруктарды сыйлоо дегендик. Бирок пайгамбар жолун жолдогондордун бүгүн да, эртең да ушундай кыйынчылыктарга, зулумдуктарга кабылары турган иш. Ушунун баарынын алдында биздин милдет – колубуздан келген бардык аракетибизди кылган соң, эрдибизди тиштеп сабыр кылганды билүү. Алвар Имамы айткандай, «Каарыңдан азап келсе, же жамалыңдан мээрим, экөөсү тең жанга жакын, Жараткандын белеги да, каары да гүл» дегенди билүү. Анткени, кимде-ким сабыр кылып, эрдин тиштеп чыдай алса, Алланын уруксаты менен жеңишке жетет. Бир сонун сөздө айтылгандай, сабыр – кутулуунун, көздөгөн максатка жетүүнүн сырдуу ачкычы. Бул ачкычка жеткен киши Алланын уруксаты менен канчалаган эшиктерди ийгиликтүү ачат.  

     Кыскасы, ар бир бурчта бирден жырткыч тишин кайрап күтүп отурган болушу мүмкүн. Же жаздын күнкү жамгырдай куюлган кыйынчылыкка кабылаттырбыз. Бирок, бул жалган дүйнөдө утурумдук нерселерге алданбайлы, башка түшкөн кыйынчылыктарды көргөндө жалт берип артка бурулбайлы. Тескерисинче, бул жашоонун көз жоосун алган кооздуктарын көргөндө да, мүңкүрөткөн оор күндөрүнө кабылганда да сабыр кылганды билип, рухубуздун айкелин тургузуу жаатында тынымсыз жан үрөөнү уланталы. Мейли жашообуз жокчулуктун чок ортосунда өтсүн, мейли бул дүйнөдөн үрүп чыгар итибиз жок так өтөлү, мейли өмүрүбүз арты-артынан аңдыган кыйынчылыктар менен коштолуп турсун… Эң негизгиси, акыретке барганда ала турган аласабыз, жете турган жеңишибиз болгону чоң олжо…

Которгон: Насыпбек Асанбаев