Түркиянын саясаты теннистин тобу сыяктуу бул чекеден тигил чекеге учуп жаткан кези. Саясат таануучулар бул пинг-понг тууралуу түрдүү пикирде. Бирок баары тең ультра улутчул-социалист, сунний-алеви, түрк-күрт жана толгон токой тайпага бөлүнгөн Түркияны эч ким Эрдогандай бириктире алмак эмес деген ойго келди…

Түрк жарандары үч нерседен тажады: супер-президенттик башкаруудан, бөлүп-жарган риторикадан жана Эрдогандын өзүнөн. Ошондуктан күчтүү парламенттик башкарууга, элди бириктирген сөзгө жана Эрдоганды саясаттан тээп чыгарчу күчкө суусап турат.

Учурдагы түрк бийлиги менен аскердик мафия 2016-жылдын 15-июнунда уюштурган “аскердик төңкөрүш аракети” деп аталган спектаклдин акыркы көшөгөсү ачылганда, Эрдоган ал оюндун натыйжасын “Алла Тааланын белеги” деген. Анткени Түркияны парламенттик башкаруудан “түркчө” деп аталган президенттик башкарууга өткөрүш үчүн конституциясын өзгөртсө да, өзү каалагандай жеке башкаруу орното алмак эмес.

“Аскердик төңкөрүш аракети” спектаклинен мурун учурдагы бийликке каяша айтышы мүмкүн болгон жүз миңдеген таза иштеген полис, прокурор, сот жана чиновниктин тизмелери даярдалган. “Төңкөрүш аракети” болору менен аларды оптом жумуштан айдашып, ордуна “оозу кыйшык болсо да, байдын уулдарын” алып келишкен. Андан кийин, албетте, бюджетке (жалпы элдин мүлкүнө) он бармагын тыгып, таламай-таттуу башталган.

Мындай саясаттын кесепетинен улам өлкөдөн тышкы инвестор эмес, анча-мынча стратегиялык ойлоно алган түрк ишкердин көбү мал-мүлкүн таштап, капиталын сыртка ала качкан. Сыртка чыгып кетпегендин, Эрдоган менен тил табыша албагандын мал-мүлкүнүн баары таланып, кээси түрмөлөрдө чирип жатышат.

Ушундан улам Түркия терең саясий-укуктук, экономикалык жана социалдык кризиске кептелди. Элди андан алаксытыш үчүн Эрдоган адатынча түрк коомун түрдүү тайпаларга бөлүп-жарып, бири-бирине кайраштырып, мыйзамсыз (Акаевдин акыркы срогу сыяктуу) үчүнчү мөөнөткө шайланып, кайра президент болгусу бар.

Ошондон улам, өткөн аптанын ортосунда, “Эрдоганды тээп чыгырат” деп эл ишенип аткан “Алтылык үстөлдөн” экинчи күчтүү оппозициялык партиянын лидери Мераль Акшенер айым чыгып кеткени, түрк калкын 45 миңден ашык жан алып кеткен зилзаладан да катуу чочутту. Анткени түрктөрдүн 70 пайыздайы Эрдоган менен анын колу туткан жакындарына өздөрүн дагы төрт жыл башкарткысы келбейт.

Чынын айтканда, жеке кишиге такыр эле башкарткысы келбейт. Ошондуктан “Алтылык үстөлдүн” элге убадалаган жана эл жактырып жаткан слоганы – мурдакыдан да  күчтүү парламенттик башкарууга кайтуу болуп турат.

Мераль Акшенер үстөлдөн тура качкандан кийин, түрктөр айтмакчы “кыямат башталды”. Эл соцтармактарды бороон-чапкын кылып жиберди. Жалпылап жана орой айтканда, түрдүү эксперттер менен түрк элинин ою бир жерден чыгып, алар ачык эле: “Ишенген коюбуз силер болуп атсаңар, кепшеген оозуңарды урайын”, – деп, оопозициянын лидерлерине тигил кызды “Алтылык үстөлгө” кайтарып келип, кайра бириккиле деди.

Ошентип оппозициялык ультра-улутчулдардын лидери болгон Мераль айым ойт берген күндүн эртеси “Алтылык үстөлгө” кирген социалист Кемаль Кылычтароглу, исламчылдар Али Бабажан, Ахмет Давутоглу жана Темел Карамоллаоглу, демократ Гүлтекин Уйсал кайра бириккенге мажбур болушту. Биригип, билдирүү кылышты. Ал боюнча оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемаль Кылычтароглу болду. Мераль айым сүрөп жаткан Анкара менен Стамбулдун мэрлери Мансур Яваш жана Экрем Имамоглу, Кемаль мырза ажо болуп калса, анын оң жана сол колдору болмокчу.

Бул аракеттен кийин баары Тайып Эрдоганды карап отурат. Балким, Боршайком анын бул сапардагы аттануусун мыйзамсыз деп коебу деген үмүткө да кирип атышат. Кыскасы, саясатта карт бөрү катары эсептелген Эндоган карапайым калк да, ишкерлер да, инвесторлор да андан жедеп тажаганын сезеби деп күтүп отурат. Бирок, биз билгендей, бийликтин казы-картасы менен чучугу өтө эле таттуу жана ныксыратуучу болот. Ныксырап отуруп бир балээ болуп кетеби дегендер да бар. Мисалы, ар несени шылтоо кылып, шайлоону бир жылга жылдырып салса, акыркы окуядан кийин өз күчүн сезип калган түрк калкынын реакциясы кандай болору ойлондурат.

Ал арада, оппозиция болжолдонуп аткан 14-майдагы президенттик шайлоого карата бирдиктүү талапкерин атаганда, Түркиянын экономикасынын кооптуулук индекси дароо төмөндөп, эл аралык инвесторлордун үмүтүн жандандыра башкаган.

Жансакта Сарбашов