Учурдагы автократтардын көбү өзү санаркаган жана жакындары түзүп берген санарип дүйнөдө жашап жатат. Ал жерде жеп-ичип, кийинип, митингддерди уюштуруп, өзү каалагандай дооран сүрөт. Мындай дүйнө санариптен да өтүп, чыныгы матрицага айланып, диктаторду бардык тараптан ыраазы кылат. Ушундай дүйнөдө жашап калгандардын бири – түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган

Тайып Эрдоган 2010-жылдан тартып толугу менен матрицада жашай баштыды дейт анын саясий-экономикалык чечимдерин анализ кылган аналитиктер. Ал матрицанын ичинде акылман, эч ким алдына чыга албаган күчтүү дүйнө лидери. Мындай матрица, баңгизат сымал жыргатканыктан, түрк ажосу бул оорудан айыктырчу жолдун баарын бөгөп, матрицаны акыйкат катары көрүп калды.

Карапайым калк менен жолукканда да ошол матрицанын мыйзамдары менен жашайт. Мисалы, бул Рамазанда катардагы бир жарандын үйүндөгү ооз ачарга барган. Ал жерге отургучун, тамагын ала барган. Тандалып алынган үй-бүлө алдын ала текшерүүдөн өтүп, үйдүн булуң-бурчтары тинтилип, жалпак үстөлдүн үстүндө тамак ичип, анысын, Инстаграмм жылдызына окшоп, түрдүү позада сүрөт жана видеого тарттырып келген.

Чогулган калк, жаштар жана журналисттер менен жолукканда да матрицадан чыкпайт. Алардын баары алдын ала собеседованиеден өтүп, тандалып, ажосуна узатчу суроолору жаттатылып, жооптору алардын аркасындагы килейген экрандарга же алдыларындагы теле-суфлерлорго чыгып, Эрдоган аларды ыкластуу окуп коет.

Чындап келгенде, Эрдоган өзү да бир иконкага айланды. Чөнтөк телефондогу эпликейшен сыяктуу, ага бир нече программа жүктөлүп, түрк ажосу аларды чагылдырып гана коет. Бир нече секунд койкоюп туруп, такылдап сүйлөп берет. Анын дипломатиялык назиктиги жок, түрк тилинен башка тилди билбейт, өмүрүндө үч китептин аягына чыккан эмес, бирок матрицадагы ажо ролун эң сонун чагылдырып бере алат.

Аны ар шайлоодо шайлап алып жаткан добуш берүүчүлөрү да өзүнө окшогон наадан, ушундай албууттанган, ырайымсыз, зөөкүр лидерге суусаган ультра-улутчулдар менен диний радикалдар. Учурда Эрдоган социалдык, экономикалык, саясий фиаского учураса да, түрк калкынын үчтөн бири ага жабышканы жабышкан.

Эрдогандын тегеретесиндеги кишилер менен окуялардын дээрлик бардыгы да бул матрицага ылайык, жасалма. Түркиядагы социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн “Метрополь” сыяктуу компаниялардын сурамжылоолорунун натыйжасында, мындай матрица бар экенин Эрдогандын партиялаштары моюндаганы билинип калган. Анткени анын АКП партиясынын 70%’ы ажосунун калп айтарын билет.

Түркиянын расмий статистикасын чагылдырган TUIK, экономика менен каржыда эрдоганчылар жактырган жалган сандарды чыгарып берип коет, сатылган ЖМК менен троллдор шатырата кол чаап, лайк басып жатып калат. “Карачы, атаң көрү, инфляциянын аздыгын (160%дан жогору), пенсионерлердин кар чарбасын канчалык көтөрүп салдык (50%), бюджетниктердин маянасын учурдук”, – деп шатыра-шатман кубанып калышат.

Матрицадан сырткаркы дүйнөдө инвестициялар качып, экономика сазга батып, доллар күн санап артып, каржы кризиси каптап баратат. Бирок мунун баары маанисиз. Эрдоган менен жакындары жашаган матрицанын ичинде санариптик өндүрүш бар. “Эрдогандын беш шайкасы” деген кишилер миллиарддаган долларлык жасалма тендерлерди утуп, көпүрөлөрдү, аэропортту, бейтапканаларды күтүрөтүп салып атат. Мамлекеттин бюджети (элдин чөнтөгү) менен түзүлгөн келишимдер аркылуу салынган көпүрөлөрүнөн унаа өтпөсө да, аэропортуна учак конбосо да, бейтапканасына оорулуу барбаса да кепилденген акчаларды шытыратып алып жатат.

Мындай жасалма бизнесмендер, ийгиликтүү ишкерлер алар үчүн дайыма бактылуулук тартуулаган матрицанын ичинде илгерки Супер-Мариого окшоп, “дагы бир уровенге чыктык, дагы миллиарддаган бонус топтодук” деп чардап жүрөт. Алар үчүн инфляция, дефолт, банкроттук деген нерсе жок, эмне кылышса да утукка жете беришет. Матрицанын ичинде жашаган каржы шылуундары түрк өкмөтүнө карызга валюта берет. Эгер инфляция андай валютаны жеп бара жатса, ортодогу айырманы мамлекеттик бюджет төлөп берет.

Матрицадагы илимпоздор да дайыма ийгиликтүү. Мисалы, АКП партиясына тиешелүү кишилер доктордук диссертация жазам десе, алар үчүн чет тил тести райондук аткаминердин тил билим деңгээлине чейин төмөндөтүлөт. Ал да аз келгенсип, университеттердеги акчалуу макамдарга жетпей калганда, алар үчүн доценттик сынактар да жокко чыгарылды. Бир нече жыл өтүп-өтпөй профессорлук макамга жетип, декан жана ректор болуп, илимий-практикалык ийгиликтери бар илимпоздорду башкарып калып жатат.

АКП’нын шайлоочулары гана эмес, түрк калкынын 53%’ы: “Лозанна келишиминин жабык беренелери боюнча, Түркия 2023-жылга чейин тоо-кендерин казбайм деп ант ичиптир”, – деген матрица жалганына ишенип алган. Андыктан 2023’төн тартып (шалоодон кийин) алтын жана башка кен байлыктарына, газ-мунайга көмүлүп калабыз, ал кен-байлыктарды Батыштан тайманбай иштеткенге Эрдоган гана даай алат деп ойлойт. Бул матрица кабарына жогорку билими барлардын 48%’ы да ишенет.

Матрицанын ичинде миң бөлмөлүү ак сарайда жашаган, жума намаздарына жансакчылардын армиясы менен барган Эрдоган, алты оппозиционер беш жылдыздуу отелде жыйналыш кылды деп ызы-чуу чыгарып, түрк калкын аларга каршы тукура алат. Анткени анын эки жүздүү, наадан, өз жыргалын гана ойлогон шайлоочусу бар.

Эрдоган да, анын жакындары да, ультра-улутчул жана диний фанатик колдоочулары да матрица баңгисинин наркомандары. Алар бул матрица-баңгисинен ажыраганда кандай “ломкага” кирээри түрк эксперттерин терең ойлондуруп турган кез.

Жансакта Сарбашов