Согуш майдандары тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү кылган Bellingcat маалымат порталынын жетекчиси Христо Гроздев, көз-караштары бири-бирине карама-каршы келген орус силовиктеринин эки тобу, Орусия президенти Владимир Путинге нааразы экенин айтат. Журналист бул эки топтун бирөөнүн президентине кол салуу ыктымалдыгы бар экенин да белгилейт.

Путиндин тегерегиндеги кишилер өткөн жылдын декабрында Гроздев менен жолукканда ОФ президенти согуш тууралуу олуттуу ойлонуп атканын айтышкан. Алардын айтымында, согуш ачуунун негизги себеби – орус коомундагы, айрыкча жаштардын арасында, артып бара жаткан социалдык чыңалуунун кесепетинен, Путиндин президенттик макамынан ажырап калам деген коркуусу болгон. Ошон үчүн, орусиялык коомду Крымды басып алуудан кийинки убактагыдай, өз тегерегинде топтогон окуя керек эле.

Учурдагы бийликте туруп, эбегейсиз таасир жана байлыкка жеткен орус силовиктери, бала-чакасы алар кылган иштен алыс болуп, аталары топтогон байлык менен келечек муундары үчүн жаңы, таза турмуш куруп кетет деп ойлошкон. Бирок Путин бул кыялдардын баарына балта чапты. Дүйнөлүк масс-медиа жана укуктун көзүндө “согуш кылмышкери” атагып калгандардын балдарына, аталарынын мындай имиджи, тынч жашоо бербейт.

Путиндин режими жыйнаган миллиарддаган каражатты топтоп, кайтарып отурган бул элиталар буга чейин эч качан өз демилгеси менен иш кылып көргөн эмес. Бул “общактын” акчасы белгилүү максаттарда, мисалы, башка мамлекеттердин таасирдүү адамдарын жана топторун ичирип-жедирип, өздөрү каалаган нукка бурууга колдонулуп келген.

Силовиктердин арасында нааразылык бар, жана барган сайын артышы мүмкүн. Буга чейин Путин алардын легетимдүүлүгүн камсыздаган күч болчу. Учурда, бул топтордун өзүнө берилүүсүн улантыш үчүн, Владимир Путиндин аларга берчү эч нерсеси калган жок. Согушту улантууга кетчү каражаттын кийин ордун толуктачу да эч нерсе жок.

Орус силовиктеринин арасындагы таасирдүү кишилердин каттары менен сүйлөшүүлөрү хакердик чабуулдарга учурап, иликтөөчү журналисттердин колуна тийип жатат. Аларда президентине карата ачык нааразылык жана катуу сын, Путин ачкан орус-украин согушун шылдыңдоо, согушту улантууда кандайдыр жакшылык жок экени айтылып жатат. Ошентип Кремль менен силовиктердин ортосунда конфикт бар экени билинди. Бирок орус элитасы кандайдыр бир иш-аракетке барабы, азырынча белгисиз.

Орус тарап согушта уттурганын дал ушул кеңири маалыматы бар адамдар түшүнүп турат. Анткени орус-украин согушу бир аптанын ичинде бүтөт деп пландалган. Бул кыска согуш эч күмөнсүз уттурулду, азыр кандайдыр бир экинчи согуш жүрүп атат, ал да утук алып келеби, белгисиз. Мисалы, Сириядан келип, бул согушка катышып аткан вагнерчилердин телеграмм-каналында орус генералдарынын стратегиясы менен тактикасы жок экени сындалып, бул абалдан кандай чыгуу керек экени талкууланып жатат.

Путинге кол салуу сценарийи эки тараптан тең пайда болуусу ыктымал. Биринчи тарап –согушту, эч бир этикалык тоскоолдорду карап отурбай, мисалы, химиялык же өзөктүк куралды да колдонуп, катуураак жүргүзүү керек дейт. Экинчи тарап болсо, бир жолу аракет кылып көрдүк, эми дагы он миңдеген аскердин жаны кыйылчу согушту токтотуу зарыл деген ойдо.

Мындай эки олутту чечимдин бирөөнү Путин өзү да кабыл алышы мүмкүн. ОФ президентине карата ыкчам аракет дал ошол учурда, анын буйругун аткаргысы келбегендер тарабынан ишке ашырылуусу ыктымал. Мисалы, ядролук куралды колдонуу буйругу, Путин менен анын өкүмүн ишке ашырчу баскычта отурган кишилер ортосундагы нааразылыкты тутантып, мамлекеттик төңкөрүшкө алып барышы мүмкүн.

Дал ушул буйрукту аткарбай коюу ыктымалы болгондуктан, учурда өзөктүк куралды колдонуп жиберүү коопсуздугу азайды. Анткени, мындай өкүмдү бергенде, Владимир Путин чынжырчада отурган кишинин баары анын буйругун аткарууга даяр экенине ишениши керек. Ал чынжырда отурган беш кишинин бирөө эле баш тартса, бул Путиндин бардык буйруктарына баш ийбөөнүн сигналы болуп, анын физикалык жок кылынуусуна да алып баруусу мүмкүн.

Христо Гроздев. Радио Свобода