Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын $3,6 млрд байлыгы бар түрк ишкерин өзүнө чакырып, $250 млн жана 2 жеке менчик университетин сураганын, эгер аларды бербесе, террорчуларга жардам кылган деп айыптап, капаска тыгаарын жазганбыз (шилтеме). Ошондой болгон. Naksan Holding’ге тиешелүү 51 ишканага жана анын кожоюндарынын жеке мүлктөрүнө арест коюлуп, ишкерлер капаска солонгон

Бүгүнкү материалда улутташтырылган мал-мүлктү Эрдоган тарап кандай ыкма менен кантип менчиктештирип, өз эсебине көчүргөнүн баяндамакчыбыз.

Менчиктештирүү аракеттери 51 ишкана менен ишкерлердин жеке мүлкүнө сот тарабынан арест коюлары менен башталган эмес. Дээрлик баардыгы Эрдогандын жакындары жана тарапташтарына өткөн түрк ЖМКсы, 2016-жылы берилген бул арест тууралуу узак мөөнөт үн каткан эмес. Анткени окуя коомдук пикирдин көңүл чордонунан чыгышы керек эле.

Алты жыл өткөндөн кийин, 2020-жылында гана Naksan Holding сатылат деген кептер тараган. 2021-жылдын 18-декабрында, бул ишкананын эң баалуу бөлүгү болгон, Наксан-пластик Туркиянын Каражаттарды сактоону камсыздоо фонду (TMSF) тарабынан тендерге чыгарылган.

Naksan Holding’дин кожоюндары Накыбоглу үй-бүлөсү, тендер мыйзамсыз деп айтуу менен бирге, Наксан-пластик ишканасы Эскишехир шаарында салынып жаткан жана миллиард доллардык инвестицияны талап кылган Аданурия электр чордону үчүн Чехословакиялык банкка кепил болгонун айтышат. Ал банктан бул ири курулушка 485 млн евро ($600 млн) кредит алынган.

Накыпогулдар TMSF’ге кайрылганда, тендердик келишим боюнча, түрк өкмөтү, Наксан-пластиктин бардык ишканаларын мечикке сатканы менен, анын карыздарын өз моюнуна алганы билинген. Чех банкынан алынган 485 млн евро кредитти түрк бюджети өтөп, Наксан-пластик жаңы кожоюндарынын колуна акселдеси коюлган бешбармактай сунулаары айкын болгон. Ошентип, Эрдоган жана табакташтары бир колу менен жеке менчик ишкананы, экинчи колу менен түрк бюджетинен каражат алаары далилденген.

Наксан-пластиктин жаңы кожюну болчу YILDIZLAR-SSS деген холдинг TMSF’ге келип, “чех банкасынан 485 млн евро карызды сатып алганыбыз тууралуу кагаз алып келсек, Наксан-пластикти бизге бересиңерби” деп кайрылат. TMSF дароо “ооба, беребиз” деп жооп берет.

YILDIZLAR-SSS’тин өкүлү чех банкына барып: “Бул кредитиңер проблема болот, анткени түрк өкмөтү “кожоюндары террорго жардам берди” деп Наксан-пластик менен Аданурия ишканаларына арест койду. Ошондуктан силер бизге бул 485 млн евро карызды 70 млн евро саткыла”, – деген сунуш менен кайрылат. Мындай проблема болчу кредиттерди сатыкка чыгаруу банктардын адаттагы иштеринен болгондуктан, чех банкасы макул болуп, Наксан-пластиктин 485 млн евро карызын YILDIZLAR-SSS’ке сатат.

Ошентип Эрдоганга жакын YILDIZLAR-SSS’тин кожоюндары чех банкасына 70 млн евро берип, 485 млн евро карызды сатып алып, кийин аны түрк өкмөтүнөн доолап алат. Бул шылуун ишкананын мүдүрү Сабахаддин Йылдыз 400 млн евродон ашык акчаны чөнтөкө салып тим болбой, түрк жана чех президенттеринен грамота алганга да татыйт.

Түрк өкмөтү үзүлүп түшүп аткан YILDIZLAR-SSS’тин кожоюндары ким? Анын башкаруучу директору Сабахаддин Йылдыз керамика саткан жалгыз дүкөнү бар чакан ишкерден, Тайып Эрдоган менен анын АКП партиясы бийликке келгенден тартып, миллиарддаган долларларды айланткан бизнесмен болуп чыга келет. Андан бери YILDIZLAR-SSS холдинги өкмөттөн 4 млрд долларлык тендерлерди утуп алган.

Тендерлерди утуп алган соң, аларды ишке ашырабы? Жок. Мисалы жарым млрд доллардын тегерегинде бааланган электр кубатын таркатуу ишканасын куруу тендерин алып, оңго-солго чайкамыш болуп, акыры аны бул тармакта тажрыйбалуу фирмага өткөрүп берип, жүз миллион долларлык комиссия алып, аны өкмөтөгү ортоктору менен бөлүшөт.

Экинчи ыкмада YILDIZLAR-SSS, мисалы, арест коюлган күмүш фирмасын кассасындагы 17 млн доллар наличка, складындагы 3 млн долларлык күмүшү менен бирге 40 млн долларга сатып алат. Тендерге кирген башка фирмалардын мындай байлык тууралуу кабары жок болгондуктан, тендер учурунда Сабахаддин Йылдыз берген бааны бере алышпайт.

Үчүнчү ыкмада, тендерлер аркылуу алган ишкананын инфраструктурасына бир тыйын жумшабай колдонуу жана түшкөн кирешенин баарын чөнтөккө салуу каралган. YILDIZLAR-SSS цианид менен иштеген фирманы алып, жырткыч сымал колдонот. Акыры иштетилген цианид плотинаны жарып чыгып, гектарлаган тоо-токой ондогон жылы колдонуудан чыгып, миңдеген киши рак оорусуна чалдыгат. Холдингдин кожоюндарына болсо түрк укук-коргоо системасы чыпалагын да тийгизе албайт. Анткени бийликтин туу чокусунда Эрдоган деген колдоочусу бар.

(уландысы болот)

Жансакта Сарбашов