Владимир Путиндин Украинага каршы согуш ачуусунун негизги максаттарынын бири коңшулаш өлкөлөрдүн НАТОго кирүүсүн тосуу болчу. Бирок “аскердик аракет” орус бийлиги каалагандай кетпегендиктен, ал ойлогондон тескери натыйжа бере баштады. Бул аптада Финляндия менен Швеция НАТОго кирүү ниетин билдирип, анын аракетин көрө баштады

НАТО’го кирген 30 өлкөнүн арасында Түркия гана Швеция менен Финляндиянын бул уюмга кирүүсүнө каршы вето акымды колдоном деди. Ошол эле убакта, кечээ эртең менен НАТО’го кирем деген эки өлкө бул уюмдун мүдүрү Йенс Столтенбергге мүчө болуу арызын тапшырды. Бул арада АКШ’нын мамлекеттик катчысы Блинкин бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен сүйлөшүп, эртең бейшембиде АКШ’нын президенти Жозеф Байден Финляндия менен Швециянын премьер-министрлери менен жолукмай болду.

Юридикалык жактан алганда, НАТО’нун 30 өлкөсүнүн бири вето койсо, Швеция менен Финляндия бул уюмга мүчөлүкө алынбайт. Түрк эксперттеринин ою боюнча, Түркиянын бийлигинде мындай каршы чыгуу учурда канчалык одоно көрүнгөнүн түшүнгөн аткаминер жок.

24-февральда Орусия Украинага кол салып, орус бийлиги “эгер украиндерге жардам бергендер болсо”, өзөктүк куралды да колдонуудан кайра тартпасын айткан соң, дүйнөнүн буга чейинки коопсуздук ситемасы урап, аны кайра куруп чыгуу зарыл болуп калды.

Бирок, согуш башталган кезде, Финляндия менен Швеция НАТО’го кирем деген эмес, тескерисинче Украинаны бир аптада басып алам деген Орусиядан чочулап, Түндүк-Атлантика уюмуна жолобойбуз деп шерт ичкен. Ал кезде бул эки өлкөнүн жетекчилиги өз ара консультация кылып, Швециянын премьери Магдалена Андерссон марттын ортолорунда: “Швециянын НАТО’го кирүүсү учурдагы Европанын чыңалуусун ого бетер күчөтөт, ошондуктан биз бул уюмга кирбейбиз”, – деген. Ошол эле өлкөнүн коргоо министри: “Мен министр болуп отурган кезимде, Швеция НАТО’го кирбейт”, – деп ант ичкен. Финляндиянын премьер-министи Санна Марин: “Финляндия НАТО’го мүчө болуусу эч мүмкүн эмес”, – деген.

Бул ачык жана так ачыктамаларынан көп убакыт өтпөй эки өлкөнүн өкмөттөрү башкача сүйлөй баштады. Бир нече ич ара кеңешмелеринен кийин, жогоруда айтылгандай, НАТО’го ыкчам кирүү аракеттерине киришишти. Эксперттердин ою боюнча, мындай чечим алуунун аркасында АКШ’нын ыкчам саясаты турат. Анткени эки өлкөнүн коомчулугу ЖМК’лар аркылуу өкмөтүнөн басым кылып, пикирлери “эмнеге мынча терс нукка кетти” деп сураганда, бийлиги кайра-кайра “муну айта албайбыз, анткени бул жабык маалымат” деп жооп берди.

Эки өлкөнүн “жабык маалыматы” АКШ’ны чалгын кызматы берген документтерге жана чечимдерге негизделген дейт айрым эксперттер. Ал чечимдер “Европанын коопсуздук системасы урады, ошондуктан ал кайра курулуп чыгуусу керек. Орус-украин согушу илгерилеп, Орусия-НАТО-АКШ тирешине айланды. Ошондуктан биз бул согушту Орусия толук жеңилгенге чейин алып барабыз”, – деген пикирге негизделген.

Түрк бийлиги Швеция менен Финляндиянын НАТО’го кирүүсүнө вето кое албайт, ачык айтканда ага АКШ жол бербейт дейт, бийлигинин учурдагы чарк-чамасын билген түрк эксперттери. Ошондуктан Тайып Эрдогандын кечээ күнү Финляндия менен Швециянын өкүлдөрүнүн Түркияга зыяраты тууралуу “Sözcü” газетасына берген маегинде: “Бизге дүйшөмбүдө келет имиш. Убара болбой эле коюшса болмок. Биз “макул” дебейбиз”, – деп айтканы, бул абалдан пайдаланып майда-барат маселелерин бүтүрүп алуу аракети гана дейт билгендер.

АКШ бийлиги элдин алдында түрк бийлигине бир нече майда-чүйдө момпосуй берип, жабык эшиктин аркасында болсо колун толгоп, Европа коопсуздугун өздөрү ойлогондой чыңдамакчы. Ошондуктан түрк бийлигинин колунда формалдуу вето көзүрү болгону менен, ишке келгенде ал көзүрдү небак башкалары колдонуп калган.

Жансакта Сарбашов