Европа биримдигинин ири мамлекеттеринин саясатына караганда, алар Орусиянын президенти Владимир Путин менен дагы узак мөөнөт иштечүүдөй көрунөт. Анткени орус-украин согушу учурунда, орус электораты аны колдоп жатканы билинди. Ошол эле убакта, Путиндин тегерегиндеги саясатчылардын анормал аракеттери, аналитиктерди мураскер божомолдоого түртүп атат

Ооба, Батыштын, айрыкча Германия, Франция жана Италиянын лидерлери Украина темасын кайра эле Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мажбур болорун моюндап турушат. Анткени Орусияда эч кандай революция да, хан сарайдын ичинде тымызын төңкөрүш да күтүлбөйт деп айтылууда. Ошондуктан, Путин чын эле бийликтен четтесе, анда Ельцин, Назарбаев же Бердымухаммедовдой мураскерин коет деген пикир күч.

Бирок айрымдары, кандай болбосун, дүйнө Владимир Путиндин капыстан бийликтен кетүүсүнө да даяр турусу керек дешет. Орусиянын мыйзамдары боюнча, эгер учурдагы президенти, кандайдыр бир себеп менен өз милдеттерин аткара албай калса, анын ыйгарым укуктары премьер-министрге, тактап айтканда, Михаил Мишустинге өтөт. Андан кийин 90 күндүн ичинде президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталышы зарыл.

Президентти алмаштыруунун конституциялык механизми жогоркудай. Бирок бул механизм так ишке ашабы деген да маселе бар. Орусиянын жакынкы тарыхтагы калыптанган саясий салтына карасак, мындай алмашуунун дээрлик бардыгы протоколго жараша ишке ашкан, башкача айтканда, так талашуу кырылышы болбойт. Албетте, тымызын талашып-тартышуу болот, анткени орус калкына бийликке кызыктар элиталардын макулдашкан талапкери сунулуусу керек. Салт боюнча, орус элине, оппозициялык талапкерди боктоо жана бийликтин кандидатын колдоо гана калтырылат.

Учурдагы орусиянын саясий реалияларына карасак, ар бир согуш учурунда болгондой эле, салгылашуу майданынын каармандары элдин көңүлүн буруп, саясий фигураларга айлана баштады. Орус-украин согушу кандай жана кантип аяктаганына карабай, анын акторлору Орусиянын ички саясатынын негизги актерлоруна айланат. Андан сырткары учурдагы согушта катардагы аскерден тартып генералдарга чейин калыптанган кулк-мүнөз менен салттар (ультра-улутчулдук, маселени күч менен чечүү, кеңири зордук-зомбулук, оппонентин жок кылуу, эрежелерди каалаганындай бузуу…) буга чейинки саясий салттарга үстөмдүк кылат.    

Жогорудагы акторлор катары катардагы жоокерлерди, орто офицердик курамды, генералдарды, Орусия калыптаганга аракет кылган жаңы республикалардын лидерлерин, чечен жана башка мусулман күчтөрүн жана алардын башчыларын атасак болот. Бул жерде жогоруда аталган согуштук кулк-мүнөз менен салттардын, ансыз деле, учурдагы орусия саясатына таптакыр чоочун эместигин айта кетүү да зарыл. Демек, буга чейинки калыптанып калган элиталык топтордун жанында бул согуш калыптаган да элита топтору пайда болуп, келечектеги такты талашка таасирин берет.

Постсоветтик өлкөлөрдөгү бийлик транзити, учурдагы президенттин уулу бар болсо, жумшагыраак өтөөрүн көрсөткөн. Буга Азербайжандагы Алиевдердин жана Түркмөнстандагы Бердымухаммедовдордун бийликти атадан балага өткөрүүп берүүсүн мисал кылсак болот. Ошол эле убакта, тескери мисал катары, Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевдин кыздарын жогорку бийликке тартып келүү аракеттерин келтире алабыз. Владимир Путиндин да кыздары бар, бирок, айрым эксперттердин айтымында, аларды бийликтин байшына сүрүп келүү оор болот.

Ошол эле учурда, эгер 1999-жылдардын башында Коммерсант-Власть журналынын: “Кайсыл кино-каармандын президенттик макамда отуруусун каалайт элеңиз?”, – деген суроосуна орус калкы биринчи каарман катары “Освобождение” тасмасындагы маршал Жуковду, андан кийин “17 мгновений весны’дагы” чалгынчы Штирлицти атап, жоокер-чалгынчы сыяктуу башчыны каалаган болсо, учурдагы орус-украин согушуна чейин берилген ушул эле суроонун биринчи каарманы “Собачье сердце’деги” профессор Преображенский, экинчиси болсо “Москва слезам не верит” тасмасындагы Катерина болуп чыкты.

Мындан улам, орус калкы учурдагы согушка чейин президенттик макамга абройлуу, билимдүү кишини, балким, аялзатын тандагысы келген. Эксперттердин айтымында, жакынкы тарыхта жана Путиндин жакындарынын арасында бул сапаттарга ийгиликтүү фискалдык өзгөрүүлөрдү ишке ашырган учурдагы премьер-министр Михаил Мишустин, Москваны көп жылдан бери көрктөндүрүп келе жаткан Сергей Собянин жана Орусиянын Улуттук банкынын эл аралык аброюн арттырган Эльвира Набиулина ээ. Ошондуктан учурдагы согушка карабай, орус калкы менен элиталык топтордун көңүлү талкалаган жоокерге эмес, тескерисинче, курган кесипкөй адиске токтошу мүмкүн.

Таалайбек Маматов