2012-жылы Фейсбук Инстаграмды 1 миллиард долларга сатып алды. Инстаграмдын негизги өзгөчөлүгү СҮРӨТ жана МОБИЛДҮҮ (телефон аркылуу) болгондугунда эле. Ал эми Фейсбук өзү веб-компания болчу жана телефонго ылайыкташтырылган эмес эле. Көптөгөн эксперттер бул сумманы угуп, өтө кымбат жана кереги жок сатып алуу болду деп баалашкан. Себеби ал убакта Инстаграмдын эч кандай кирешеси жок болчу жана келечекте кантип өнүгөрү боюнча стратегиясы да жок эле. Бирок Фейсбук анын катуу өсүп кетүү дараметинен шек санаган эмес. Инстаграм жаңы ачылганда, 1 күндө эле 1 миллион колдонуучуга жеткен. 2012-жылы 30 миллион, ал эми 2018-жылы 1 миллиарддан ашкан.

Фейсбук Инстаграмды жаңы алган убакта андан кантип пайда табуунун жолун билбейт эле. Бирок ошентсе да ойлонбой туруп алып салды. Эгер бираз кечиксе эле анда ГУГЛ же ТВИТТЕР алып коймок. Себеби алар да Инстаграмга аябай кызыгып жүрүшкөн. Азыр ошол Инстаграм жылына 8 миллиард доллар киреше алып келет.

2016-жылы SNAPCHAT деген тиркеме жаштардын арасында модага айлана баштайт. Анан Фейсбук анын СТОРИС деген негизги функциясын көз көрсөтө эле копиялап, Инстаграмга киргизип салат. Ошентип Снапчатты жок кылды десек да болот. 2-3 жыл мурун Тик-Токтун REELS функциясын “уурдап” киргизип алды. Кыскасы жаңы кандай жакшы нерсе чыкса Инстаграмдан көрүп калышыбыз мүмкүн.

TIME журналы Инстаграмдын Фейсбукка сатылуусун “тарыхтагы эң пайдалуу сатып алуу” деп жазган. Кыскасы Марк Цукерберг алдыда элдин баары телефон аркылуу видео жана сүрөт карап отуруп калаарын сезип, Инстаграмды алып койгон.

Эми Ватсапка келели

Мунуку Инстаграмдан да кызыктуу. Бир күнү Марк чай ичип отуруп жаңылык угуп калат. 2014-жылы Ватсап деген бир тиркеме аркылуу элдер КҮНҮНӨ 500 миллион сүрөттү бири-бирине жөнөтүп жатышканын угат. Инстаграмды алдым деп жыргап отурса мунусу кайдан чыга калды деп чочуп кетет байкуш. Себеби Фейсбук менен Инстаграмды кошкондо да мынчалык көп сүрөт жөнөтүлбөйт эле. Анан “кой мындай болбойт” деп Ватсапты 19 миллиард долларга алып салат. Дүйнө жүзү бул суммага шок болот да калат. Мунун негизги себептери мындай болчу.

1. Жаңы рынок: Ватсапты ал убакта Америкада эч ким билбейт эле. Элдин баары Фейсбук-Мессенджер аркылуу чатташчу. Ал эми Бразилия, Индонезия, Түштүк Африка сыяктуу калктуу өлкөлөрдө ватсап аябай популярдуу болчу. Бир эле Кытайда жок эле. Фейсбук Вастапты алуу менен ири өлкөлөргө автоматтык түрдө кирип барат. Ал убакта Ватсаптын 450 миллион колдонуучусу бар болчу. Ошондо ар бир колдонуучуну 42 доллардан сатып алган болот.

2. Өздүк маалымат: Ватсапты алуу менен миллиондогон элдин жеке маалыматын да алды. Ватсапта кандай гана сырларды сүйлөшпөйбүз ээ… мына ошонун баарын Фейсбук угуп, көрүп, билип турат. Башкача айтканда, бизди Ватсап аябай жакшы тааныйт. Анан биздин кызыккан нерсебизге карап өзүнүн Фейсбук байкеси менен Инстаграм эжесине малыматтарды жөнөтүп турат. Алар бизге ошол тема жөнүндө сонун жарнамаларды жөнөтүп турушат. Фейсбуктун негизги кирешеси дал ошол “ТАРГЕТТҮҮ” ЖАРНАМА (91%)

3. Сүрөттөр: Жогоруда айтылгандай эле азыр сүрөт жана видеосуз жашай албай калдык. Ватсап аркылуу сүрөт жөнөтүү оңой болгондуктан, бул да негизги себептердин бири болгон. Сүрөт бул кайырмакка илинген сөөлжылан. Дал ошол сүрөт аркылуу Фейсбуктун кайырмагына түшүп жатабыз.

Кыскасы, Фейсбуктун APPLE же GOOGLE сыяктуу өздүк программалары (iOS, Android) жок болсо да өзүнүн популярдуу тиркемелери аркылуу тигилерден кем калбай иштеп келатат.

Мына, Марк Цукерберг жаш болсо да бизнестин майын чыгарып иштеп жатат. Негизи 2012-жылы Инстаграм менен чогуу кытай аял да алган болчу. Кытайдын күйөө баласы болгонуна карабай Кытайга киргизбей жатышат. Аялы Вьетнамдан качып барган этникалык Кытай экен. Ким билет балким кайын-журтуна жакшыраак мамиле кыла берсе бир күнү Кытайга кирип калаар.

PS: Эми мени Фейсбуктан кууп чыкпаса экен 🙂

Сүйүн Өткеев