Орус философтору 20-кылымда ойлоп тапкан “евразиялуулук” түшүнүгүн талдамакчыбыз. Ал кайдан, качан жана кимдер тарабынан чыгарылган? Учурдагы жактоочулары кимдер, алар эмнеге чакырып жатышат? Евразиялуулук философиялык идея жана саясий багыт катары эмнени карманат?

Өң-түсү соолуп бара жаткан термин болгону менен евразиялуулуктун да өзүнө жараша тарыхы жана маңызы бар. Бирок бул термин акыркы убакта кандайдыр бир саясий этикеткага айланып бара жатканы байкалат.

Евразиялуулукту геополитикалык көз-караштын бир бөлүгү катары караса болот. Ал дагы кандайдыр бир аймакта жашаган элдер менен мамлекеттердин тагдырын жана саясий жараяндарын анализ кылып, келечегин божомолдоп жатканда, негизинен, география менен канга таянат. Мындай көз-караш боюнча, белгилүү бир аймакта жашаган кишилердин жеке жана топтук жүрүм-туруму жашаган жерине байланыштуу. Ошондой эле ал жердеги мамлекеттердин ички жана сырткы саясаты “хитерландга”, б.а. деңизден алыс болгонуна же деңизге жакын жайгашып, кемелерди колонуусуна байланыштуу болот делет.

Евразиялуулук, Владимир Ленин баштаган коммунисттик революциядан качкан, орус эммигранттары ойлоп тапкан багыт. Ал 1920-1930-жылдары Европада пайда болгон. Алар ортого чыгарган маданий концепция боюнча, орусиялык цивилизация башкаларга караганда өзгөчө калыптанган. Ошондуктан Евразиялуулук Батыштан башкача жана Евразия континентинин Чыгыш-европалык, Батыш-сибирдик жана Туркестандык деп аталган үч түзөңүнө таандык. Башкача айтканда, бул аң-сезим Орусия, Сибирь жана Борбор Азияда калыптанган.

Бир жагынан Евразиялуулукту славянофилдик менен салыштырып, биринчиси экинчисинен чыккан деген көз-караштар да бар. Бирок, чындап келгенде, алардын ортосунда олуттуу айырмалар байкалат. Бул эки философияны анти-батыштык гана бир аз бириктирип турат. Бирок, эгер славянофилдик Орусияны негизинен славян православ цивилизациясы катары караса, евразиялуулук славяндарга анча байланбайт. Ал боюнча орус цивилизациясы анти-батыштык менен бирге батышка караганда чыгыш цивилизациясына, айрыкча борбор-азия чөлкөмүнө, жакын деп таанылат.

Евразиячылар, кургакка байланган элдерге караганда, алардын мүнөзүнө терс келген, деңизге кеме менен чыккан, куу жана адеп-ахлаксыз элдер бар деп билет. Мисалы, аларга англо-саксттар, голландиялыктар, португал-испандар жана башкалар кирет дешет. Материкке тиешелүү элдер жер айдайт, аң уулашат жана мал багуу менен алектенишет. Бул бири-бирине карама-каршы келген элдердин саясий маданияты менен келечектеги тагдыры ушундай, алардын ою боюнча, фундаменталдуу айырмага  байланыштуу. Мында орус жана башка евразия калктары да дайра-деңизде сүзүп, соода менен алек болгону көз жаздымда калтырылат.

Европага качып барган мигранттар мындай философиялык көз-карашы менен өздөрүн бир тараптан коммунисттик революциядан, экинчи тарабынан европалык цивилизациянын коркунучтарынан оолак тутканга аракеттенишкен. Революцияны батыштан бөлүнүүнүн табигий этабы катары карап, Орусия мындан ары өзүнүн “ички ата-мекенине”, “улуу түзөңү менен сары талаасына” кайтып “Улуу Орусияны” калыптайт деп жорушкан. Советтик Орусия бул жолдун бир бөлүгү болгондуктан, аны катуу сындагандын кереги жок дешкен. Өздөрүн: “Кудайга шүгүр, Батышка кирип кеткен жокпуз!”, – деп сооротушкан.

Бирок, чындап келгенде, евразиячылар алкаган Советтер Союзу өткөн кылымдын 20-40-жылдары толугу менен Батышка бурулуп, андан болушунча жаңы адис жана технологияларды массалык түрдө алып, европа-америкалыктар менен соода алакасы эбегейсиз күч ала баштаган. Себеби, ал кезде СССРда индустриялаштыруу саясаты жүргөн. Орусия төбөлдөрү азыр газ-мунай сатса, ал кезде карагай, көмүр жана кендирди экспорттошкон.

Бул жана башка себептерден улам евразиячылдар оң жана сол канатка бөлүнгөн. Сол канаты Советтер Союзун жактап, коммунисттер менен иштешсе болот деп ойлосо, оң канаты чиркөөлөрдүн таш-талканын чыгарган динбезерлерден жакшылык күтүп болбойт дешкен. Сол канатчылары НКВДнын (КГБ) “Трест” деген операциясы алкагында алданып, СССРге кирип, совет бийлигинин колуна түшкө соң же өлтүрүлгөн, же ГУЛАГ системасында чирип өлгөн. Ошентип 1930-жылдардын этегинде евразиячылдардын дымы чыкпай калган.

Бирок 1980-жылдары, урап баштаган советтик идеология орус интеллигенттерин канааттандырбай баштаганда, алар нео-евразиялуулуктун идеологу деп эсептелген Лев Гумилевдун чыгармачылыгына кайрылган. Ошол эле убакта евразиячылдар немис идеологу Карл Шмидтин “кан жана жерге” байланыштуу фашисттик идеологиясынан да оозанып баштаган.

Евразиялуулук идеясынын саясий формасы катары Евразиялык экономикалык биримдикти айтсак болот (ЕАЭС). Анын өзөгүн Орусия түзүп, курамына Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Беларусь кирет, Молдова, Өзбекстан жана Куба байкоочу мамлекет болуп катталган. ШККУну (ОДКБ) да евразиялуулуктун коопсуздук багытындагы уюму десек орунду болот.

Таалай Маматов