Түркиянын Жогорку шайлоо мекемеси кылмыштуу чечим кабыл алганына кандай караш керек? Бийлик шайлоодо жеңилсе, тарапташтарынын колундагы миңдеген курал оппозицияга каршы колдонулабы?..    

Өткөн аптада Түркиянын Жогорку шайлоо мекемеси (ЖШМ)14-майдагы шайлоого байланыштуу кылмыштуу чечим кабыл алды. Ал чечимдин аркасында учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган үчүнчү ирет президенттик шайлоого аттануу укугуна жетти.

Оппозиция жана саясий эксперттер бул чечимге катуу нааразы болгон жок. Анткени алардын көбү Эрдогандын шайлоодон жеңилип, саясий сахнадан жеңилген абалда кетүүсүн каалайт. Жеңилген абалда кетсе, балким, партиялаштары менен шайлоочулары акылына келип, кимди колдоп келгендерин жакшыраак түшүнөт дешет.

Оппозицияны колдогон электорат да ЖШМнын бул кылыгына көз жумгандай болду. Бирок саясий лидерлер да, серепсилер да парламенттик жана президенттик шайлоо болгон 14-май күнү менен түнү ЖМШ бийликтин шайлоону бурмалоосуна көз жумуп, опозицияга каршы мыйзамсыз аракеттерге барса, Түркияда нааразылык бомбасы жарылат деп күтүүдө.

Ошол эле убакта, Венесуэла менен Белорусиянын акыркы президенттик шайлоолорун эске алсак, оппозициянын лидерлери жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнүн добушун алганы менен Мадуро менен Лукашенко бийликти бербей келет. Мында тышкы фактор катары, экөөнү тең орус бийлиги колдоп туруп алганы себеп болду.

Түркияга келсек, учурдагы президент Тайып Эрдоганды ушул күнгө чейин бир да башка авторитардык лидер ачык колдоп чыга элек. Орусиядагыдай добуш берүүнү электрондук жол менен бурмалоо да Түркиянын тарыхында боло элек. Стамбулдун мэри шайланган кезде оппозицияны жактагандар бир нече сутка бюллетень салынган мүшөктөрдүн үстүндө жатып алып, олутту бурмалоого жол берген эмес.

Дагы бир өзгөчөлүк – калктын куралдануусу. Себеби, дээрлик ар бир түрк үй-бүлөсүндө курал бар. Нааразы калкка полис же аскер ок атпашы мүмкүн, бирок “Садатка” окшогон, мүчөлөрү Сириядагы согушка катышкан, бийликчил куралдуу топтор бар экени баарына маалым. Куралга байланыштуу дагы бир жагдай бар. Учурдагы бийликти колдогон жүз миңдеген киши уруксаты бар куралын “жоготуп жибердим” деп арыз жазган. Демек, ал куралдан кимдир-бирөө өлтүрүлсө, канкор ким экенин аныктап чыгуу мүмкүн эмес.

Исламчыл Тайып Эрдоган менен ультра-улутчул Девлет Бахчели курган “Жумхур иттипагына” хизбут-тахрирлердин “Худаапар” партиясы да киргени журтка маалым. Өткөн аптанын этегинде хизбуттардын бири чыгып: “Мен хизбуллахчымын, керек болсо баш кесемин”, – деген эскертүү берди. Полис менен прокуратура мындай үрөй учурган билдирүүнү укмаксанга салып койду.

Буга чейин имам-хатиб мектеби тууралуу тамашалаган артистин үйүнө спецназ кирип барып капаска сологон. Кан төгөрүн ачык эле айтып чыккан сакалчанга каршы болсо бийликтин кылы да кыйшайып койгон жок. Буга чейин оппозициянын лидерин сабап, өлтүрүүгө аракет кылгандарга, алардын штабын аткылап кеткендерге чара колдонуунун ордуна, бийликчил журналистика аларды борбордук телеге чыгарып, эл каарманына айланткан.

 Эксперттердин айтымында, учурдагы бийликке нааразы тайпаларга көптөгөн жаран кирет, аларга каршы ок аткандар элдин тепсендисинде калат. Эгер шайлоодон кийин Эрдоган  менен анын жакындары бийликте күч менен калганга аракеттенсе, андайлар эч күмөнсүз кылмышкерлердин катарына кирет, армия менен полис болсо көчөөдө элди аткандарды коргоп, колдоп кетиши мүмкүн эмес дешет.

Ал арада Тайып Эрдоган бир буйругу менен эле, мамлекеттик казынадан каржыланган 50 миң мугалимди, 42 миң саламаттык сактоо жана 36 миң коопсуздук кызматкерин жумушка алды. Бир нече ай муруну минималдык маяна көбөйтүлгөнүнө карабай, өткөн аптада дагы көбөйттү. Газ менен электр энергиясы 20%га арзандатылды. Ошентип түрк калкына шайлоо “парасы” мол таратыла баштады.

Жансакта Сарбашов