Кайсы гана жетекчилердин кандай гана чечими болбосун, биринчи иретте аларды шайлаган, шайлап эле тим болбой, бийликтеги саясатын андан ары да колдогон адамдар ЖООПТУУ. Дүйнө жүзүндө жарандык жоопкерчиликтин башка формасы жок

Саясатчылар көктөн түшпөйт.

Ушундан улам, кайсы гана өлкөдө болбосун, зыяндуу чечим кабыл алынган болсо БИРИНЧИ ИРЕТТЕ ошол бийликти шайлаган жарандар күнөөлүү.
Бул жоопкерчилик:

– ачыктан-ачык эле мунапыс сурап, демек иш жүзүндө КҮНӨӨСҮН МОЙНУНА АЛГАН, кийин соттон акталган кагазын эмгиче көрсөтө албаган кишини бийликке алып келгендерге;

– “илгери аяганыбыздан колдоп жүргөнбүз, мындайын кайдан билдик…” деп эми араң “көзү ачылгандарга”;

– 90 баланын каны кимдин мойнунда экенин сопсонун билип туруп кийин так ошол балдарды аттырган кишилер тарапка өткөндөргө;

– 90 баланы аттыргандардын ишенген кишилерин жоктон тапкансып айлап-жылдап АТАЙЫЛАП колдоп келгендерге;

– анын ичинде азыркы бийликке өз кызыкчылыгы үчүн гана каршы чыгып, бирок дагы эле ошол 90 баланы “жырткыч” деп атап жүргөндөрдүн жоон топ тарапкерлерине;

– анын ичинде азыр камакта отургандардын айрымдарына да – түздөн-түз тиешелүү.

Алар да ойлонуп аткандыр. Колдоп жүргөнү эмне менен бүткөнүн… Ойлонсун. Баарыбыз ойлонолу.

Себеби жок натыйжа, натыйжасы жок себеп болбойт. 2010-жылдагы окуяларды тарыхтан чийип салыш мүмкүн эмес. Ал окуялар эч кайда кеткен жок. Анын күнөөкөрлөрү да тирүү эле басып жүрүшөт. Анабашылары Минскиде, калгандары Кыргызстанда… Бир даары бийлик, экинчи тарабы оппозиция атыгып отурат. Бирок эки тарабы тең ошондогу кандуу бийликти колдогону үчүн өкүнгөнү, күнөөсүн мойнуна алганы сезилбейт. Жактоочулары да ошондой.

Демек, (I) ал күндөрү курман болгон жигиттердин арбагына, жана (II) аларды аттыргандар менен аткандарга, аларга чын дилинен кызмат кылып жүргөндөргө болгон биздин мамилебиз – ашык-кеми жок УЛУТТУК ИНДИКАТОР.

Анткени шейит болгон жигиттердин арбагын тебелегендерди бийликке да, оппозицияга да шайлагандар, аларды аттыргандарды кыргыз сотунун чечимине карабай колдогондор коомдо кыйла чоң күч болуп турганда – биз өзүбүз эл катары мындан башка мамилеге татыктуу эмеспиз.

Түшүнгөн кишиге Максим менен Ширшов мончодон түшкөн Интернеттеги сүрөттө гана эмес, азыркы турмушта да кыргыз элине ортоңку сөөмөйүн көрсөтүп, ырсайып күлүп турушат. Себеби 2020-жылдагы окуяларда биринчи иретте ошолор жеңишке жеткен. Жеңишке жетпесе азыр Кемпирабадды алып калалы деген 20дан ашуун киши эмес, ошолор түрмөдө отурат болчу. Ортоңку сөөмөйү сынып…

Жерин азайтпай сактап калып, колдон келсе көбөйтүүгө умтулгандар азчылыкты түзүп турган эл күчтүү мамлекет күтүүгө татыбайт. Анткени мамлекеттин негизин эл түзөт. Башка негизи жок.

Бирок убагында жаңылышса-жаңылышпаса да, ушул конкреттүү учурда мамлекет үчүн зыяндуу чечимге каршы чыгып, камалып, жаман көрүнүп, иттерге таланып, айтып, жазып, маселени чечүүнүн жолдорун көрсөтүп келгендердин баарынын тарых алдында ЖҮЗҮ ЖАРЫК. Жок эле дегенде ушул конкреттүү маселеде жүзү жарык.

Башка тараптагылар:

Ош-Жалалабад жолунда кетип баратып балдарына кандай түшүндүрмө берерин;

Биттин ичегисине кан куйган азыркы жаш муун кашкайган документтерди көтөрүп чыкса кандай жооп кайтара аларын эмитен ойлоно бергени оң.
Башка айтаар сөз деле калган жок.

Жыргалбек Касаболот