Ушул түнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “жогорку окуу жайларга чет элдик студенттерди өткөрүү боюнча 110 миң АКШ долларын алмакчы болгон” деген кине менен кармалды

Бирок анын машинесинин арткы отургучунан 10 миң эле доллар табылып, ошолор менен кармашкан. Айрым булактардын айтымында, ал “пара” деген белгилери бар акчалар болгон. Азырынча андан башка орчунду, б.а. министр мырзанын айыбын так-даана далилдеген, кандайдыр бир оперативдик материалдар коомчулукка сунула элек.

Ошол эле учурда Алмазбек Бейшеналиев ири саясий оюндардын курбандыгы болуп кеткенинин кыйыр түрдө болсо да күчтүү далилдери бар. Албетте, ал Түркия өкмөтүн учурда башкарып аткан ажосу Режеп Тайып Эрдогандын саясаты менен түздөн-түз байланыштуу. Анткени Анкаранын дин аалымы Фетхуллах Гүленге кандайдыр бир байланышы бар кишилерди же билим берүү структураларын жок кылуу саясаты күч экени, жалпыга маалым.

2016-жылдага жасалма “аскердик төңкөрүш аракетинен” кийин бийликтин эки тизгин бир чылбырын колго алган Эрдоган мындай билим берүү очокторун жабууга киришкен. Бирок бир аз өнүккөн демократиясы жана укук-коргоо системасы бар өлкөлөрдүн биринде да, бизде убагында “түрк лицейи” деп аталган, билим берүү мекемеси жабылган эмес. Ошол эле түрк бийлиги учурда саясий-экономикалык жактан Анкарага көз-каранды жана коррупциялашкан бийлиги бар бир нече өлкөдөгү мектептерди жаптырган.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркияга бармакчы. Тажикстан менен болгон акыркы кагылышуудан кийин жана агасы Сабыр Жапаров түрк бийлиги тарабынан тузакка түшүрүлгөн соң биздин ажонун абалы оорлошкон. Ошол эки себебптен улам, б.а. түрктөрдөн заманбап курал алуу муктаждыгы жана агасына каршы материалдардын коомчулукка жайылуусун алдын алуу үчүн, өз билим берүү министрин ушундайча “мууздап” курбандыкка чалууну туура көргөн.

Албетте, мындай жийиркеничтүү саясат, жаш жана үмүттөндургөн министрдин тагдырына одоно балта чабуу, коомчулуктун көңүлүндө туура кабыл алынбайт. Минген ээринин басмайылы бошоп, улам ооп бара жаткан кыргыз бийлигинин мындай кадамы, анын өзүнүн аброюна катуу сокку урат десек болот.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев геосаясий тирешүүнүн куралы катары алыскы Европадагы макамынан бир нече күндө алып келинип креслосуна отургузулгандай, ошол эле геосаясий оюндардын курмандыгы болуп кетти. “Сапат” билим берүү мекемесинин мурунку башчысы, кыргыз жараны Орхан Инандыны түрктөргө уурдап салып бергенден кийин, учурдагы кыргыз бийлиги экинчи ирет өз билим берүүсүнө өзү кол салып отурат.

Учурда тарап жаткан маалыматтар боюнча, анын ордуна келчү киши эки-үч күн мурун алыскы Москвадан алып келинген.

Жансакта Сарбашов