Бүгүн маалымат, маданият тармагындагылар кесиптик майрамы менен бирин бири куттуктап атышат. Бул тармакка көңүл бурулганы жалпысынан жакшы нерсе. Эгерде формасы мазмунуна туура келсе андан бетер жакшы.

Бирок так ушу тапта бир катар аттуу-баштуу кесиптештерибиз, тагыраак айтканда маалымат тармагынын өкүлдөрү камакта отурат. Эмненин негизинде камалганы, кандай күнөө коюлганы тууралуу жүйөлүү түшүндүрмө жок.

Аттын башы кермеде, эрдин башы түрмөдө. Ал боюнча жазылган тролль армиянын комментарийлеринде дегеле маданият аттуунун баарына каршы жасалган кыянаттыктын үлгүлөрү кездешүүдө. Ошолордун баары болбосо да көбү бийликтин аракеттерин жактаган немелер. “Мага күнү түшүп калса Стакеңдин иши чатак экен”? – деп илгери бир чолок абышка айткандай, ушуларга күнү түшүп атса, демек алардын аркасында тургандардын деле абалы жакшы эмес.

Бийликке да, оппозицияга да тартпай, жалаң улуттук кызыкчылыкты туруктуу көздөгөн бир да саясий ЖМК ачыла элек. 30 жыл бою… Андай ЖМКны колдоого ала турган арты таза меценаттар тобунун башы бириге элек. Чет өлкөдөн каржыланса да салыштырмалуу так маалымат берген, бир кезде азыркы бийлик ээлери өздөрүнө керек болгондо жогору баа берген ЖМКлардын сайттары жабылып, эсеби бөгөттөлүп атат.

Маданият да, маалымат да биринчи иретте улуттук кызыкчылыкка, андан ашып баратса жалпы адамзаттык баалуулуктарга кызмат кылууга тийиш. Улуттук кызыкчылык мамлекеттин жеринен башталат. “Кемпирабадды бербейли” деген 20дан ашык киши камалып, “берели” дегендер (демек, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө каршы чакырык таштагандар) эркиндикте жүрөт. Бир кезде өздөрү митингге чыгып “бийликти алыш керек” деп кашаадан секиргендер, соттон расмий акталганын эмгиче көрсөтө албагандар бийликте отурат.

Маданият дегенге кеңири маанисинде адамды айбанаттар дүйнөсүнөн айырмалай турган нерселердин баары кирет. Кийген кийимден тартып колдонулган идишке чейин бүт ошого арналган. Маданияттын максаты – адамды ого бетер адамдык касиетине жакындатуу, айбандык кыртышынан алыстатуу. Адамды мүмкүн болушунча калыс, чынчыл, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү кыла билүү. Коомубуз ошондой абалдабы? Канча бөлүгү ошондой?

Эгерде коомубузда чындыкты кабыл албаган, маалыматтын ак-карасын талдай билбеген, адамдык касиеттен алыс кишилер көп болсо – демек бул маданияттын да, маалымат тармагынын да жетишкендиктеринен кемчилиги көп экендиги.

Ошондо эмнени кайсы арыбызга майрамдайбыз?

Жыргалбек Касаболот