Азыркы өлкө башчыбыздын мурдагылардан бир маанилүү артыкчылыгы – калың элдин мүнөзүн, көз караштарын, маданиятын, деңгээлин мурдагылардан жакшыраак билгенинде, менимче. Бир сөз менен муну популизм деп аташат. Бирок бул сөздү эле айтып коюп тим болуу менен толук маани ачылбай калып жатат.

Калың элибиз (бардыгы эмес, бирок калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү) – өтө жөнөкөй эл, көп маселелерде ийне-жибине чейин чукуп, сурап отурбайт, ток этээр жерин укса эле болду – “кудай буюрса, баары жакшы болот” десе жетиштүү, же “буюрса 200 миллион доллар кошумча келет” дегенди укса эле болду, же “30 жылда баланча иш кылынбаптыр” десе ишенет. Каяктан, кантип, кандай шартта, неге, ким кылат, кимден, чын элеби, жана башка суроолорго алагды болбойт элибиз.

Жогору айтылганга кошумча, элибизде терең тамырлашкан бирдиктүү дүйнө таанымы жокко эсе, көп нерселер аралаш – либералдык да көз караштар бар (ооба, батыштан эмес, өзүбүздүн эле ичибизде бар ал), консерватив да, салттуулук да, жаңычылдык да, диний да, дүйнөбий да – ушундай аралашманын себебинен, элибизге кандайдыр бир конкреттүү багыттагы көз карашка ыктап, баалуулуктар менен кайрылуу пайдасыз.

Эски президенттер бул эки жагдайды көп эске албай аракеттенген. Азыркы президент андай философия менен иши жок, так ошо эл арасында байкалган аралашма көз караштарды чагылдырып турат – бир туруп нарк-насилден, бир туруп базар экономикасынан, бир туруп адам эркиндигинен, бир туруп улуттук баалуулуктан, ж. б. – анткени ал элге өтүмдүү сөздөр түпкүрдөгү баалуулуктан эмес, көбүнчөсүн, учурдагы маанайга көз-каранды экенин билет.

Бекем, ишенимдүү үн менен, жалпак тилде, жагымдуу сөздөр менен айтсаң, эл дароо эле кабыл алат. Анан, элибиз жакшыны да, жаманды да бат эле унутат. Бирөө атайын эстетип, чукубаса, элибиз бүгүнкү менен эле жашай берет. Кечээки ууруну да бүгүн жакшы көрө берет, кечээ айтылган убаданы бүгүн келип сурап деле койбойт. Бул жагын да учурдагы президент жакшы түшүнөт.

Эми, президент элди жакшы түшүнгөн, мурдагылардан өзгөчө жакшы билген киши катары, албетте, элди алга сүрөөгө, жетелөөгө да артыкча мүмкүнчүлүгү бар. Кеп ошол эл-куруучулук, эл-түптөөчүлүк вазыйпасына киришеби, же күнүмдүк оокаттын/ситуациянын жетегинде, ар күн элге ар түркүн жакшы сөзүн үстүртөн айтып коюп, жагымсыз сын-суроо бергендерди элдин алдында душман катары көрсөтүп, кошумча суроо бергендерди “жакшылыкты көрө албагандар” деп, чечимдерин сындагандарды “мен силерден 10 эсе, 100 эсе патриотмун” деп, жүрө береби – кеп ошондо.

Анткени, эгемен өлкө катары өнүгүү үчүн, элдин курсагын эле тойгозуп, алтынды жаадырып, акчаны көбөйтүп берүү жетишсиз. Ал жол алыска барбайт, менимче. Мамлекет курууда бекем мыйзам түптөө керек, баарына бирдей иштеген, адилеттикке алып барган, күндөн күнгө туруктуулук орноткон иш керек. Журналистти соттоп, камап, доллар-миллионерди бошотуп койгон менен иш алдыга кетпейт.

Башка президенттерден артыкча коммуникатор, артыкча сезгич азыркы президент, кеп эми бул артыкчылык каякка жумшалаарында.

Эмилбек Жороев