Мамлекеттик кызыкчылык жана “Манастын” сабактары

Айкөл Манас

Жакынкы жылдары куудулдар чыгарган “Фанатология” деген интермедияда “Бирөөнү өтө эле мактай бербе, кийин сындай албай каласың. Бирөөнү өтө эле сындай бербе, кийин мактай албай каласың”, – деген сонун бир дары сөзү бар. Тегин жерден кеп чыкпайт. Тилекке каршы, биздин коомдун бир топ бөлүгү дагы эле кайсы бир конкреттүү лидерлерди, саясатчыларды мамлекеттин өзүнөн жогору коюп алган адаттан арыла элек.

Мунун үч себеби бар. Биринчиден, кайсы гана адам болбосун баарын билиши мүмкүн эмес. Бир эле маселенин тогуз өңүтүн билип, онунчусун билбей так ошол жерден чалынышы мүмкүн. Экинчиден бирөө ишенчээк, башкасы ачуусу чукул, үчүнчүсү эрксиз, төртүнчүсү кекчил, бешинчиси дымагы башынан ашкан, алтынчысы сыр сактай албаган оозу бош, жетинчиси сөзгө чоркок болгон учурлар бар. “Толубай сынчыдагы” куугунга түшкөн тулпарлардай болуп, бирөө мактоодон мүргүп, башкасы таштак жолго чыдабай, дагы бири өргө чыга албай калып улам бир жерден мүдүрүлүп келатканын көрүп келатабыз. 30 жылда далайларын көрдүк.

Мезгил өзү Толубай сынчы болду, бирок элибиз Толубай сынчы боло албай атат.
Үчүнчүдөн биздин саясатчылар барган жерине жараша элдин көңүлүн ала турган нерсени сүйлөп коюп кете бергенди абдан жакшы өздөштүрүшкөн. Өнүккөн мамлекеттерде жарандык коом алардын мурунку сөзү менен кийинки сөзүн салыштырып, калп айткан болсо калпын чыгарганды абдан жакшы билет. Жакшы иши менен жаман ишин айырмалай алат. Алардын саясатчылары да ошого көнгөн, ошого жараша жоопкерчилигин сезет. Биздин саясатчылардын көбү көнө элек. Бизде коом да кайсы бир ишенген кишисинин калпы чыкса же дагы башка жагы ашкере болсо мурунку идеалдуу деген образынан ажырагысы келбейт. Адамды бүтүн бойдон кабыл алып, бир эле адам бир учурда эрдик кылса, башка учурда иттик кыларын кабыл алгысы келбейт. Ал эми турмуш бир кылка эмес.

Коом азыр эле ушинтип калдыбы же башынан эле ошондой беле?

“Башкасын коюп “Манасты” айт” демекчи улуу эпосубуздагы каармандардын деле бир топтору түзүлгөн кырдаалга, өзгөргөн кызыкчылыкка жараша оң каармандан терс каарманга айланып кеткен мисалдары болгон. Мисалы, айкөлүң Манас акка моюн сунган соң кырк чоронун бир топтору кийин кайра Семетейге каршы чыгат. Баарын кемтигин түзөп, өзүнө жараша милдет таап берип, ал тургай Тазбаймат эсептен жаңылып калса каткырып кошо күлүп батырып жүргөн Манас эле болгон экен. Ошо баарын батырган кенендигинен улам Чоң Казатта, тартипке катуу экенине карабай, жолду билет деп Алмамбет баатырга аскерди башкартып, чырдыгына карабай Кыргыл чалга уюштуруу иштерин ишенип берип, ар кимисине милдет таап, жаманын чыгарбай жакшысын ашырып келген экен да.

Түшүнгөн кишиге ушунун өзү мамлекеттик башкаруу үчүн чоң сабак. Эси бар бийлик болсо эл ичинде азыркыдай дүрр козголгон мекенчилдикти, түндүк-түштүк, улутчул-динчил, орусчул-батышчыл дебей жети дубан бүт бойдон түп көтөрүлө Кемпирабад, Баткен деп тикесинен тик турган мамлекетчил маанайды душман көрбөй, тескерисинче ЭЛДИ БИРИКТИРҮҮЧҮ фактор катары эң жакшы пайдалана турган жерде. Эси жок болсо айла жок.

Чоң Казат демекчи, кайсы варианты экени эсимде жок, Манас баатыр кытайлар менен согушка кирип, душман көбөйүп кеткенде, артта калган алты кандын аскерине кат жазып, Сыргактан берип жиберет. “Биз согушка кирдик, согушка келгениңер чын болсо кошулбайсыңарбы!”, – деген мааниде жазган экен. Сыргак келатса Бакай атабыз алдынан тосуп чыгып, баягы катты көрүп, “муну окуса тигилер согушка кирбей эле тарап кетет” деп айрып салат. “Алты кан, биз Бээжинди алдык. Казынасын жүктөп кеткенге киши жетишпей атат, олжону бөлүшкөнгө келесиңерби же жокпу?”, – деп Манастын ордуна кат жазып, мөөрүн басып, Сыргактан алты канга берип жиберет. Олжо дегенди уккан арттагылар согушка аралашып кирип кетип, ошону менен кыргыздар баштап барган аскер жеңишке жетишкен экен.

Бакайдын даанышмандыгы ушунда – ал азыркынын тили менен айтканда дегеле адам баласынын кызыкчылыктарын туура түшүнгөн жана аларды жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланган. Биз жакшы иштер жакшы адамдардын жакшы кызыкчылыгы үчүн гана жасалат деп идеалдуу элестетебиз. Андай эмес. Кадимки эле адамдардын кадимки эле кызыкчылыгын туура пайдалана билсе, жалпы иштин чечилишине жардамы тийген учурлар көп болот. Бакай атабыз жанагинтип камырдан кыл сууругандай чечкен маселеден бери пенделердин кызыкчылыгы өзгөрүп кеттиби? Баягы эле адам баласы да…

Башкасын кой, айрым учурларда манасчыларыбыз да сөздөн жаңылып, төкмөлөрүбүз да көрүнгөн жактын сөзүн сүйлөп, кээде пир туткан адамдарыбыз да иренжитип турганда, ар бир адамдын ак-карасын ажырата билүү өтө маанилүү. Ансыз биз улуттук кызыкчылыкты коргой албайбыз, жеке адамдардын деңгээлиндеги өз мамилебиздин сормо сазында тыгылып тура беребиз.

Ушу тапта мамлекеттин аймактык бүтүндүгү, чек арага байланышкан тирешүүдө кыргыз тараптын жеңиши баарынан маанилүү болуп турган учур. Бул максатка жетиш үчүн бир гана принцип зарыл.

Ал кандай принцип? Адамдын жеке керт башын эмес, ар бир учурда конкреттүү ээлеген позициясын, сүйлөгөн сөзүн же кылган ишин улуттук кызыкчылыктын позициясынан колдоп же сындаш керек. Эч кимге сокур ишенип кереги жок. Канчалык жакшы көрсөң да, кайсы бир саясатчынын сөзү же иши туура эмес чыкса, аны колдобош керек. Тескерисинче, канчалык жаман көрсөң да кайсы бир саясатчынын сөзү же иши туура болсо, ошол конкреттүү сөзүн же ишин колдош керек. Эрдигин эрдик, иттигин иттик деп ажырата караш керек. Бир эле кишинин эрдигин колдоп, иттигин сындай билиш керек. “Кара кылды как жарган” деп ошону айтат, болбосо бир кылды тең экиге бөлүш кандай оор экенин билесиңер.

Муну айтып жаткан себебим – саясий күрөш токтобойт, алдыда дагы далай компромат чыгат, алардын арасында чыныгы илинчектерге негизделгендери да кыйла көп болот. Адамдын кайсы бир кемчилигин жаңыдан көрсөңөр да, көңүлүңөр калса да жалпы ишке кедергисин тийгизбесин. Жаман ишин жаман деп сындай билели, жакшы ишин жакшы деп колдой билели. Ошондо гана алдыга жылабыз.

Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат. Белибиз бекем болсун, элибиздин мөрөйү үстөм болсун. Жеке адамдарга сокур сыйынууну коюп, андан көрө ушуга умтулалы. Калганы утурумдук нерселер.

Жыргалбек Касаболот