Дакансаларым кайда!?

Ошол күнү шаарда бороон улуп, айлана чаңга сапырылып турган. Шаар эли мындай бороонду буга чейин деле көрүп жүргөнү менен, баары бир чыдамсыздык кылып, жалакайланып турушту. Ооба, алар ошол күнү шаарды каптап кеткен келемиштерден сактайбыз деп чогулуп чыгышкан. Бул келемиштер алардын жанына батып, казынадагы дандарды, кийим кечектерди, оокаттарды укмуштай тытмалап жеп кеткендиктен, жаалы кайнаган эл жапырт чыгып, өлөр тирилерине карабай тытышып жүрүп келемиштерди кыйла тазалап салышты.

Ооба, минтип жеңил айтылганы менен, бул күрөш оңой болгон жок. Келемиштер күнү бүтүп баратканын түшүнөрү менен жан аябай салгылашып, бурч-бурчтан кол салып, элдин шаштысын кетирди. Бир топ кишини жарадар кылып, ал тургай бир баланы өлтүрүп да койду. Анткени менен эл деген сел тура. Жогоруда айтканыбыздай, өлөр тирилерине карабай тытышып, күрөшүп атып, акыры шаардын башкаруу борборундагы уюгуна чейин кирип барып быт-чытын чыгарышты.

Мына ошол күнү шаарды бороон каптады. Алгач эл келемиштердин уюгу талкаланганына катуу сүйүнгөнүнөн бороонго деле маани берген жок. Бирок, бара-бара буюктурган шамал, жердин чаң-топонун учурган куюн элди жүдөтүп, шайын кетирди. Акыры алар «Келемиштерди таптакыр алсыратып таштадык, эми кете берсек болот да» деген ойго азгырылып, жылуу үйлөрүнө тарап кетти. Мына балээнин баары ошол жерден башталды…

Келемиштердин чоңу андай деле акылдуу неме эмес болчу. Чындап келсе, анын мээси көп нерсеге деле жетмек эмес. Бирок, ошол учурларда анын жанында не бир кыйтыр жандыктар толуп жүргөн. Алар келемиштин арты менен шаардын казынасын бирге тоноп, бирге шапар тээп жашашчу.

Айрыкча, азырынча оозуна чоңураак май илинбесе да, бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз май чайнайм деп көзүн кызартып келемиштерди айланып жүргөн маймыл бар болчу. Мына ошол маймылдын мээсине укмуштуудай бир амал тык этти. Ооба, сыртынан тоң моюн, дөөдүр көрүнгөнү менен кирди-чыкты акылы бар экен. Анан калса борборду сагалап жүрүп алдаганды, кууланганды кыйла билип калган. Ушундан улам сыртынан адам кептенген неме элге кошулуп келемиштерге каршы күрөшүп жүргөнү менен, өзү опурталдуу жерлерден алыс болуп, ал тургай үйүнө барып жылуу жумшак эс алып, кайра тынчый калганда келип кошулуп караанын көргөзүп жүрдү. Эл ал күнү анын бул кылыгын деле байкаган эмес. Ал эми бороон башталган соң, кимдин ким экени, кайда жүргөнү такыр эле билинбей калды. Мына ошол саат баскан бороон убагын ушул маймыл эң сонун, тим эле укмуштай сонун пайдаланды. Куйтуңдап кайсы жерден май кармайм деп жүргөн кайбар урган бойдон шаардын чекесиндеги айбанат бакчасына жетип барды. Ооба, эл келемиштин уюгун талкалап, чоң келемишти кууп жоготору менен айбанат бакчасын көздөй чуу койду.

Айтмакчы, бул жерде мунун досу капаста камалып жаткан. Бир кезде чогуу жүрүп, чогуу сайрандаган, далай күндү чогуу өткөргөн досу бар болчу. Ал деле өзүнө окшогон маймыл. Бирок, анын бир артыкчылыгы бар. Жеринен өнөрлүү неме болгондуктан, элдин оюндагы нерселерди таап айтып жүрүп көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон маймыл. Капаста эле жатканы болбосо, сыртта күйөрмандары өтө көп. Жанагы маймыл мына ушул досун куткарып чыкканы шашып келатты….

***

Бороон эртеси күнү да басылган жок. Шаардын ичи кым-куут. Эл келемиштерди талкалап, борборго толуп алган жылуу уюгун бузганына маашырланып үй-үйүндө жатат. Карапайым элди уюштуруп түп көтөрүп чыккан бир канча топ гана айланчыктап кетпей, бороон тарап, эл жыйналып келгиче дагы бир жаныбар борборго кирип албасын деп сактактап жүрөт. Мына ошол маалда шаардык башкаруу борборуна адамча кийинген, болгондо да жасана кийинген эки караан жылт этип кирип кетти. Сапырылып турган бороондун арасынан экөөнө анча-мынча эле киши көңүл бурбаса, калганы кайдыгер. Эгер алардын ордуна ушул тегеректе жүргөн түлкүлөр, карышкырлар, же бир чөөлөр кирип баратканын көрсө, анда дароо эле жетип барып тумшукка коюп кууп чыгышмак. А тигилер өздөрүнө окшогон эле адамдар болуп жатпайбы. Болгону, чаң ызгыган бороондон гана кимдер экенин тааный албай калышты. Алгач бири-бирин карап сураштырганы менен, «Ким болсо ал болсун, иши кылса киши болсун» деп тим болушту. Анан калса, тигинде жаңырып турган «Келатат, адам келетат» деген ыр дагы буларды делөөрүтүп, өзүнө имерип туруп албадыбы…

А чынында борборго кирип кеткен эки караан кишилер эмес болчу. Булар адамча кийинип алган эки маймыл эле. Экөө борборго кирери менен келемиштер мурда даярдап койгон жашыруун жолдор аркылуу жан-жаныбарларды чогулта баштады. Эң биринчи болуп эле баягы келемиштердин башчысы келди. Артынан жылтылдап семирген суусар, билегин түргөн аюу кирди. Аюу кирген жерге мантуу кулак суурлар менен майтаңдай баскан кашкулактар кирбей калмакпы. Алар эки тиштин арасынан чыйт түкүрүп бир заматта борбордун ичине толуп калды. Чын-чынына келгенде булар тиги эки маймылды деле тоготмок эмес. Тиги зоопартка жатканда деле, андан кийин деле бул шыйпаңдаган немелерди далай бурчка такап, бутун чоюп, мойнун кайрып ары-бери тоголотуп ойноп коюшчу. Эми эмне, борборго кирсе эле күчкө толуп кетмек беле? Азыр деле шыйрактан алып жерге чаап койгонго жарашмак. Бирок, ушулардын арасынан адам кептенген немелер ушул экөө эле болуп жатпайбы.

Киши дегениң оңой менен жан жаныбарга баш ийбей турган жандык болот тура. Мына буга чейин канча жаныбар башчылыкка келди. Баарын кууп чыгышты. Акылдуу, боорукер, билимдүү деген шылтоо менен ыржактай күлгөн түлкү башчылыкка келди эле, кийин аны кууп чыгышты. Түлкүгө караганда дос, өзүбүздөн чыккан деп итти коюшту эле, үйүгүшкөн күчүктөрүн алып келе берип толуп алганда, аны кууп чыгышты. Андан кийин минтип келемишти талкалашты. Эми бул адам пенделерди амал менен жайгарбаса болбойт. Демек, буларга өздөрүнө түспөлдөшкөн маймылдар гана жарайт. Ошондо гана булар жан-жаныбар катары аны менен табакташ болуп, чогуу сайрандап, чогуу тайраңдай алышат. Болбосо, бийликке келип алган киши буларды кырып жоготпойбу. Мына ушул ой күрсүйгөн аюу менен миллиондук териси жылт жулт эткен суусардын экөөсүндө тең турду….

Бороон үчүнчү күнү да басылган жок. Башкаруу борборун кайтарып жаткан кишилердин деми сууп, чыдамы кете баштады. Шаар тургундары чогулуп келип бир кишини шайлап, бекитип беришсе жакшы болбойт беле. Дагы канчага чейин тура беришет… Акырындап катарлары суюла баштаганы ого бетер тынчты ала баштады го, чиркин…

Ичте болсо күн-түн дебей күрү-гүү. Сапырылган бороон сырттагы кишилердин айласын кетирип турганы менен, буларга бир да кедергисин тийгизген жок. Кедергисин тийгизмек тургай, ушунчалык ыңгайлуу болуп турду дейсиң, керек болсо мантайган суурларга, мантуу кулак кашкулактарга топу кийгизип, чапан жаап эшикти кайтартып коюшканын да эч ким байкаган жок. Ал тургай алар ошондой кебетеси менен эшикке чыгып тамак алып келгенге, керектүү жаныбарларды чогултканга да жарай башташты. Адамдар дегеле байкаган жок. Ансыз да чаң-топо көздү ачырбай турганда, баса кийген топулардын ичиндеги мантуу кулактар билинмек беле. Баары ойдогудай жүрүп жатты.

Эки маймыл болсо, барган сайын өздөрүнө ишеними артып, барган сайын иши оңолуп келатканын сезип жыргап отурат. Күрсүйгөн аюунун гана каарынан коркуп, ошондон гана сестенишет..  Ушундан улам өздөрүн кармай албай чалчактап кеткени менен, аюунун кыжыры келе баштаганын көрүп сестене калышат. Анткени менен ушул отургандардын арасынан адам пендеге эң окшош экөө эле экенин ичтеринен туюп, булар канча күчтүү болгону менен экөөнө муктаж экенин түшүнүп жылмаңдашат. Аюудан башкасын көзгө илбей чакчырылышат. Дегеле жер менен баспай шыпка секирип, жүккө секирип, анча мынча жаныбарды тебелеп өтүп, бананды учкай тиштеп таштандыга ыргытып калышканычы. Бир заматта көөп чыга келишти. Аюу менен ушунча баалуу тесирин өтө митаамдык менен сактап келаткан суусар алардын бул кылыгына ичтеринен кыжынып турганы менен, тиштенип унчугушпайт. Көрсө да көрмөксөн болуп нары бурулушат. Бир гана узун тумшук келемиш чыдабай кетти. Кечээки күнгө чейин өзү отуруп, өзү бийлеп жүргөн тактысына тиги эки маймыл нары бери секирип заңдап атканын көргөндө түтпөй кеттиби, же ызаланып турганбы, айтор кой-айга келбей, «Кетем коххуй! Кетем!» деп кыйкырып алып чыгып кетти. Эки маймыл анда деле эсине келбеди. Тымызын аюунун кабагын карап коюшат деле, кайра баягысын башташат.

Кыскасы, ошентип отуруп сырттан далай жаныбарды чогултушту. Келемиштер келди, чөөлөр келди, иттер келди, түлкүлөр келди, карышкырлар келди. Ал эмес адам болуп турганына карабай айбандар менен теңелип калган, ал тургай алардан да төмөн түшүп кеткен тандалма кишилер да келди. Буларды бир кезде кантсе да киши эмеспи, кишилердин таламын талашат, бир нерсе болсо бизге кабар берип турат деп шаардын эли өздөрү тандап, өздөрү шайлап ушул борборго киргизишкен. Бирок, бул эки жүздүүлөр сыртынан зымпыйган, кыйын, акылдуу көрүнгөнү менен нары жагынан мурундун суусундай ыплас, балжырак, жүүнү бош немелер жеке курсактарынын айынан жан-жаныбар менен табакташ болуп кетишкен. Арасынан гана анча мынча заадисин  бербеген, чыныгы кишилер, же аз да болсо кишилигин сактап тургандар болбосо, көпчүлүгү айбандан да төмөн түшүп, айбандан да пас болуп, ит-мышык, эшек-мешек, түлкү-пүлкү, келемиштердин көзү менен тең айланып калышкан. Бирок, алар баары бир адам кейпинде туулуп, адамча баскан немелер эмеспи. Сырттагы тургундар бул төрт аяктуу немелерге караганда, мына ушул адам сымал айбандарга көбүрөөк ишенип, ушулардын сөзүн сөз деп эсептейт. Демек, сырттагы элге ушуларды тосуп, ушулардын арты менен мобу сыраңдаган эки маймылды бийликке отургузуш керек. Мына булардын эки-үч күндөн бери жасап аткан иши ушул. Ушул адам кептенген суумурундарды чогултуп, жылуу жумшак жаткан үйлөрүнөн бир-бирден чакыртып, сый менен келгенин сый менен келтирип, сый менен келбегенин мантуу кулак суурлар менен мантаңдаган кашкулактардын сүрү менен келтирип жатышты. Улам бирин борборго киргизип алган соң, аларга эртең эл алдында айтчу кепти үйрөтүп, башка-көзгө койгулап жаттатып чыгышты.

Айтмакчы, бул шаарда канча жаныбар бийликтен кулап, канча жандык куулса да борбордон кетпеген бир чөө боло турган. Бул иштерде ошол өтө чоң роль ойноду. Бул башы төрт чарчысынан келген, жалпайган чөө сыртынан ит кептенип тургандыктан, адамдар ага оңой алданып калышчу. Ит адамдын досу деген кеп баары бир элдин оозунан түшпөйт тура.

Ошентип жүрүп акыры баары даяр болду. Эң акырында алар эки маймылды чыкыйта кийинтип, чыкчырылта жасантып алып элдин алдына чыгарышты. Артта топуну баса кийген, калың күрмө жамынган суурлар, кашкулактар жүрөт. Баягы борборду тегеректеп тургандар алгач түшүнбөй калышты. Бул кимдер, кайдан чыга калышты деген ой турду алардын мээсинде. Бири «Мынча киши кайсы убакта кирип кеткен борборго?» деп сураса, бири «Өлөр тирилерибизге карабай келемиштерди кууп, суукка тоңуп, шамалга уугуп сыртта турган бизбиз. А булар мынча жасанып түзөнүп алып кайдан чыга калышты?» деп таң калат. Анан акырындап баары белгилүү боло баштады. Тигил жасана кийинген немелер киши эмей эле маймылдар экени белгилүү болду. Ал тургай алардын артында кара үңкүрлөрдү байырлаган мантуу кулак суурлар менен майпаңдаган кашкулактар экенин да көрүштү. Албетте, аны деле көргөн көрдү, көрбөгөн дагы эле көргөн жок.

Аңгыча элдин арасынан бирөө «Бийликти токойдон келген маймылдар басып алды!» деп кыйкырып кирди. «Биз силерди алып келиш үчүн келемиштерди кууган эмеспиз» деп ага улай дагы бирөө чаңырды. Ошентип кыйкырык чуу күч алып, адамдар каршылык кыла баштады. Бирок, беркилер муну да ойлонуштуруп коюшкан болчу. Шаардын сырттарында жүргөн жолбун иттерди бир жерге чогултуп, үч күндөн бери жылуу жугунду, жаман кийиз берип жаткырып багып жүрүшкөн. Так ошол күнү аларды туш туштан чогултуп келип, жанагы кыйкырып турган кишилердин артына тынымсыз үрдүрө башташты. «Дагы канча турабыз!», «Дагы канча турабыз!» деп чуулдап жатты алар. Эч кимдин кеби сөзүн угузбай, эч кимге сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей ажылдап үрө беришти. Алар бул сөздү деле түшүнүп-түшүнбөй кыйкырып жатышкандыктан, «Дагы канча турабыз» деген сөз улам кыскарып отуруп, «Да-канча турабыз!» деп айтылып калды. Жаман кийизге жатып бойлору жибип, ысык жугундуга курсактары кампая түшкөн иттер бул ишти жан дили менен аткарып, ал тургай атырылып келип кишилерди тиштеп кеткенге чейин барышты.

Бирок, алар андан нары кеткенге деле даашкан жок. Себеби, кокус булар катуу кетип ыза кылып жиберсе шаар тургундары кайра ынтымакташып кетиши мүмкүн. Бороондон улам үй жайына тарап кеткен кишилер намыстанып кетчү болсо, кайра келе калышы мүмкүн. Ошондуктан буларды көп кызытпай алдаш керек. Жалпак чөө мындайды далай көргөн эмеспи. Эки маймылдын кулагынын түбүнө отуруп алып ушуларды шыбырап турду. «Болду, көп ызылдата бербеңиз. Эми тиги суумурундарга сөз бериңиз. Алар кантсе да ушул кишилердин колу менен шайланып келген немелер. Баягы биз тараптык кептерди айтып, сизди бийликке алып келсин», – деди ал зоопарктан чыккан сулуучумак маймылга. Ошол замат берки ачуулуу маймыл аны үтүрөйө карады. Кыязы, ушунун баарын ойлоп таап, муну бошотуп келген мен болсом, анан мага эч нерсе тийбей калабы деген ой турду окшойт. Муну илгиртпей түшүнгөн чөө ага ыржаңдай күлүп, «Эми бул эл сизге караганда бул маймылды сүймөнчүк менен карайт. Өзүңүз деле аны ошон үчүн бошотуп келбедиңизби. Анан калса, бул досуңуз деле жакшылыгыңызды унутпайт. Өзү бийлигин бекемдеп алган соң сизди сөзсүз бир майлуу жерге отургузат», – деди. Ачуусу жалпайган мурдунунун учунда турган маймыл бул сөздү туура көрүп жибип кетти.

Кыскасы, антип минтип отуруп эки маймыл тактыга отурду. Жанагы былжырбайлар үйрөтүлгөн сөздөрдү айтып, маймылдарды мактап жактап отуруп элди көндүрүп тынышты. Баягы жолбун иттер эл ичине тарап, «Элди ушулар куткарат. Акыркы үмүт ушуларда. Буларды маймыл деп кемсинтпегиле. Булар биздин бабаларыбыз. Бабаларыбыздын тукуму күчтүү», – деп мактап-жактап жүрүштү. Шаар эли болсо бороондун басылганына сүйүнүп, «Кыскасы келемиш кетсе болду да. Тиги деле жаман маймыл кептенбейт. Анын үстүнө зоопаркта жатканда да көп запкы жеп калды бечара» , -деп шыпшынып тим болушту.

Мына ошону менен шаарды маймылдар башкарып келет. Бирок булар заадиси киши болбогон соң, баары бир лимонго, бананга кызыга берет турбайбы. Ошондуктан колуна тийген немени сатып, лимон, бананды мол алып туш-тушка жыйнай беришти. Бүгүн дагы шаар четиндеги суу жыйналган көлмөнү кошуна шаарга берели деп чамынып турган кези. Негизи, «Бизде суу көп, туш тараптын баары ансыз да көлчүк болуп жатат. Анан калса тиги шаарларда деле кишилер жашайт. Аларга да кайрымдуулук кылалы», – дешкени менен, эчак ал жактан бир кап банан, бир кап лимон алып бир жерге бекитип коюшкан. Эптеп ушул сууну сатып алышса, кезек шаардын тиги четиндеги жолго келет. Баса, эптеп сатып алса деп кыпылдашканынын себеби, шаар тургундары акырындап булардын кишиге кайнаса каны кошулбай турганын, эч кандай деле түпкү аталары эмес экенин биле башташты.

Жансакта Сарбашов