СЫР АЯК

     Социалдык, саясий жана экономикалык оош-кыйыштар тынымсыз болуп турганы менен, менимче бүгүнкү күндөгү адамзаттын эң негизги көйгөйү – ыйман проблемасы. Бул Ислам дүйнөсүндө, ошону менен бирге христиан жана иудейлердин дүйнөсүндө да өтө олуттуу руханий кризис болуп жатат. Бул жердеги максатым кимдир бирөөнү басмырлап, кимдир бирөөнүн ыйманын кеп кылуу эмес. Тескерисинче, биз жашап жаткан шарттарды бир сыйра карап чыгуу. Баарыбыз туш-тарабыбызга абай салып көрөлүчү. Айланабызда Алла Тааланы көрүп тургандай ибадат кылган, же Алла Таала көрүп турат деген ой менен иш кылган канча киши бар? Маселен, Ислам дүйнөсүндөгү бир жарым миллиард мусулмандын жүз миллиону Алла көрүп турат деген түшүнүк менен жашап, напсин күн сайын таразалап, суракка алып турат деп айта аласыңарбы? Акысы болбогон бир арпанын даны үчүн да эсеп берем деп түйшөлүп, тынчы кеткен канча киши бар? Ар бир маселесин Алла Тааланын каалоосуна жараша чечип, жашоосун Алланын буйругуна ылайык өткөрүүгө аракет кылган, Анын ыраазычылыгына жетүүдөн башка максаты болбогон мусулмандардын саны канча? Мына, бүгүнкү күндөгү адамзаттын негизги көйгөйү ушул. 

     Негизинен көптөгөн проблемаларыбыздын түпкүлүгүндө ишенимдеги ушундай алсыздыгыбыз жатат. Адамзат Жараткан Эгесин таба албагандыктан, максатын туура аныктай албагандыктан, Алладан келген ыйык кабарга кулак сала албагандыктан коммунизм, капитализм, социализм сыяктуу ар кандай системалардын, ар кандай «измдердин» артынан чуркап жүрөт. Башына түшкөн кыйын кырдаалдан кутулуу, көйгөйлөрүн чечүү үчүн айласы жок мына ушуларга кайрылууда. Бирок мындай аракеттери да көбүнчө туура эмес натыйжа берүүдө. Коммунизмди эле алгылачы! Болуп турган кезинде калктын калың катмарына эң мыкты система катары сунушталганы менен, жер бетинде көпкө өкүм сүрө алган жок. Себеби ал адамзаттын табиятына таптакыр тескери келген түзүлүш болчу. Эл капитализмдин, феодализмдин жана да башка басмырлоочу режимдердин ынсапсыздыгынан,  эзүүсүнөн тажаганда, “эми муну да көрөлүчү” деп коммунизмге баш багышкан. Бирок бара-бара анда деле бакубаттык жоктугун түшүнүштү. 

     Арийне, алгач адамзат үчүн таштала турган кадамдын ийгиликтүү болоор-болбосу, башкалар буга канчалык ыраазы болуп, канчалык чыдай алышары абдан жакшы ойлонулуп, мерчемделиши керек. Сунушталчу системалар узак убакыт өкүм сүрөрүнө жана жалпы эл туура кабыл аларына толук ишенбей туруп ишти баштабай турган оң. 

     Коммунизм дүркүрөп өнүгүп турган жылдары Ислам дүйнөсүндө да “Ислам социализми” деген китептер жазылган. Мен илимдүү, билимдүү, аң-сезими жетик деп ишенген кишилер да бул жаатта бир нерселерди чиймелеп көрүштү. Арасында мусулманчылык капитализмге караганда коммунизмге жакын деп айткандар да болду. Болбосо анча-мынча окшоштуктары үчүн Алладан түшкөн динди экономикалык системага салыштырып жиберүү кантип туура болсун. Баарынан мурун Ислам дини – ишеним, Алла Таала менен байланыш, пайгамбарга жана Алладан түшкөн ыйык кабарга ишенүү, таухид, кулчулук, өлгөндөн кийин кайра тирилүү сыяктуу негиздердин үстүнө орногон. Эгер маселени бир гана экономикалык жактан карай турган болсоңор, анда жаңыласыңар. Мындай салыштыруу жасалган күндө да, бир катар шарттарды, эрежелерди эске алып туруп анан жасоо керек. Мындан тышкары, кээ бирөөлөр жоопкерчилиги жок «батыш эркиндигине» алданды. Кээ бирөөлөр тарыхизм[1] түшүнүгүнө ишенип Курандын күчтүү өкүмдөрүн көз жаздымда калтырды. Дагы бирөөлөрү болсо Куранды заманбап билимдерге балдак кылууга аракет жасады. 

 Өзүбүздүн булактарыбыздын баркы 

     Мунун баары мусулмандардын өз булактарына, баалуулуктарына жана мурастарына ишенбей калуусунан чыккан көйгөйлөр болуп саналат. Ошондуктан, башка жолдорду издөөгө өтүп, люкс жашоого, жомоктогудай кыялдарга арбалып ээрчип кетишти. Эртең деле ушундай көйгөйлөргө туш болушубуз мүмкүн. Муну бүгүн коммунизм, капитализм же либерализм деп атасак, эртең алардын ордуна башка “измдер”, башка идеологиялар келет. Калктын калың катмары “эми муну да көрөлүчү” деп өкүм сүрүп турган ыргакты бузуп, ордуна жаңы системаны алып келиши мүмкүн. Чынында мындай башаламандыкты, тартипсиздикти жеңүүнүн жолу бышкан ыйманда[2]. Куран менен Сүннөткө аябай бекем ишенишибиз керек. Алланын ыйык кабарына таянбаган, адамзат ойлоп тапкан системаларга күмөндүү карап, вахийдин элегине салышыбыз абзел. 

     Эгер өзүбүздүн булактарыбызды жакшылап өздөштүрсөк, анда кандай идеяларга туш болбойлу кыйынчылыкка кабылбайбыз. Куран менен Сүннөттүн элегинен өткөргөн соң, алчуну алып, албачуну албай койсок болот. Алладан түшкөн ыйык кабардын жолунда болсок, Чыгыш менен Батышта укмуштай улуу көрүнгөн кишилердин да эмгектерин сын көз менен карап, ал тургай алардын да укмуштай чоң каталарды кетиришкенин көрүп таң калмакпыз. Өзүбүзгө тиешелүү чен өлчөмүбүз, критерийлерибиз болсо, ар кандай ой-пикирлерге сүңгүп кирип, иликтеп, аларды каалагандай таразага тартмакпыз. Өзүбүз бир калыпка түшүп алган соң, андан кийин каалаган нерсебизди кылууга шарт түзүлмөк. Болбосо, өзүнүн түпкү булактарынан күмөндөнгөн, алар менен байланышы алсыз, маалыматы жетишсиз кишилер түрдүү изденүүлөргө кирип, адашып кетиши мүмкүн.

     Айрыкча коомубуздун окумал катмары, интеллигенциясы өзүбүздүн маданий баалуулуктарыбызды бекем карманып, барктап-баалоосу өтө маанилүү. Себеби элдин калың катмары айдыңдардын  артынан жүрөт эмеспи. Эгер ар кандай жолдор менен алардын аң-сезимине өзүбүздүн булактарыбызды сиңирип, Алла Таалага ишенимин бекемдей алсак, анда алар аркылуу калк катмарынын шөкөттөлгөн жашоого, жомоктогудай турмушка арбалуусунун алдын алат элек. Болбосо, эл дегениң “жаңынын даамы да жаңы” деген түшүнүк менен алдынан чыккан улам бир идеяга, улам бир системага азгырылып кете бериши мүмкүн. Эң акылдуу деген кишилер да бул жагынан алданып калары турган иш. Ушундан улам коомдун сабаттуулугун сөзсүз арттыруу зарыл. 

     Бул жаатта колубуздагы мүмкүнчүлүктөр аздык кылышы мүмкүн. Күч-кубатыбыз да алсыздык кылаттыр. Бирок алсыздыгыбызга карабай коомдун сабаттуулугун арттыруу үчүн күрөшүп, колубуздан келишинче аракет жасоо – биздин мойнубуздагы милдет. Ким билет, балким Алла Таала биздин алсыз аракетибизди да таасирлүү кылып, башкаларды ойлонтуп койоор. Кээде бир багытта жүгүрүп бараткан атаандаштар менен да биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, алда канча ирдүү, алда канча ишенимдүү долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз. Чогуу демилгелеп, чогуу мерчемдеген иш-чаралар менен адамзаттын алдына жаңы пикирлердин кыйырын ачсак болот. Эң мыкты жаратылган, дайыма улуулукту самаган адам баласын улуу инсан болууга багыттап, аларда катылып жаткан уруктардын өнүп чыгышына себепкер болобуз.

     Буларды жасап жатканда башкаларды күмөнгө салбаш үчүн чын ниетибизди, адал оюбузду ар бир мүмкүнчүлүктө билдирип, иш жүзүндө да көрсөтүүгө тырышканыбыз оң. Ыңгайы келген сайын Алла Тааланын ыраазычылыгын көздөөрүбүздү, кылган аракетибиз, жасаган иштерибиз менен ошого жетүүгө жан үрөгөнүбүздү, андан ылдыйкы нерсенин баарына кол шилтегенибизди жана Алланын ыраазылыгынын жанында бүткүл дүйнөгө падыша кылганың да арзыбаган нерсе болуп каларын айтып, ушундан улам алардан баш тартканыбызды айтып турганыбыз дурус. 

  Ыйманга кызмат кылуу мүдөөсү 

     Биз Алланын ыраазычылыгына жетүүнү Анын улуу ысымын даңазалоого, муктаж болгон жандарга жеткирүүгө байланыштырабыз. Жан дүйнөбүздөгү илхамдарды өндүрүп, уруктандырып, бүткүл адамзаттын жан дүйнөсүнө себүү жолунда чуркайбыз. Ошону менен бирге, бардык өлкөлөр куралдануу жарышына түшүп, ар кандай жырткычтык көрсөтүлүп жаткан мезгилде, жалпы адамзаттын диалогго, мээримге, бөлүшүүгө жана жакындашууга муктаж экенин ойлоп, анык тынчтык, бейпилдик мына ушунда деп билебиз. Ошондуктан, адамзатка адамча жашоо жолдорун көрсөтүүнү Аллага ыйман келтирүүнүн талабы деп эсептеп, бул биздин милдет дейбиз. Бул дүйнөнү бейиштин босогосуна айлантуунун жолу бөлүшүүдөн, жуурулушуудан өтөрүнө ишенебиз. Мына ошондуктан ушундай ой-пикирлерибизди урук сыяктуу баарына жеткиргибиз келет. Адамзат аны кандай кабыл алып, кандай өркүндөтүп кетет, кантип жүзөгө ашырат, аны биле албайбыз. Бул аларга тиешелүү маселе.

     Акырында мына муну да белгилей кетүү керек. Биз башкалар менен диалог көпүрөлөрүн куруу аркылуу алардан да ала турган баалуулуктар бар экенине ишенебиз жана өзүбүздү андан куру калтыргыбыз келбейт. Өзүбүз ээ болгон баалуулуктарды жеткирүүдө зыкымдык кылууга жана колубуздагы пайдалуу маалыматтардан башкалардын куру калышына көңүлүбүз чыдабайт. Ошол эле маалда башка элдер, башка маданияттар ээ болгон жакшылыктардан өзүбүз да куру калгыбыз келбейт.

     Кээ бир шекчил кишилер бул оюбузга такыр ишенбеши мүмкүн. Чынында ишенишпейт. Эмне кылсак да ынанбаган жандар болот. Бейишке жеткире турган шаты коюп берип бейишти көргөзсөк да: “Нары жагында бизге көрүнбөгөн чуңкур бар болуш керек. Бизди ошол жакка түртүп ийели деп атышат го”, – деп күмөндүү карап, бир учу бейиштин каалгасына жетип турса да силер койгон шаты менен чыккысы келбейт. Мындай кежир, терсаяк кишилер ар бир доордо болгон. Мындан кийин да жок болуп кетишпейт. Душмандардын душмандыгын, кекчилдердин кекенүүсүн алдын алууга күчүбүз жетпейт. Колдон келсе алардын таасири тийчү аймактарды гана азайтууга аракет кылабыз. Бирок андайларга карап, милдетибизден баш тартууга болбойт. 
***

Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 24-ноябрындагы баянынан алынып, даярдалды.

Которгон: Сейитбек Идирисов

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] XIX кылымдын орто ченинде өзгөчө Германияда тарых илимдеринин көз карандысыз өнүгүү процессинде пайда болгон философиялык агым. Булар бардык нерсени тарыхка, тарыхый окуяларга байланыштырышат.

[2] Бышкан иман – тахкики иман, ээрчиме ыйман – таклиди иман. Ээрчиме ыйман − ата-энеңден, айланаңдан, жакындарыңдан көргөнүң боюнча ыйман келтирүү. Бышкан ыйман – өзү изилдеп, иликтеп, далилдерди таап ыйман келтирүү.