Түркиянын экономикасы гиперинфляция кургуюна куласа да, Эрдоганды колдогон 44% түрк жараны, буга чейинки светтик бийлигинин дин карманган жарандарын экинчи сорт кишилер катары карап, ондогон жылдар басмырлаганын эмдигиче унута элек. Албетте, мындай феномендин башка себептери да бар…    

Метрополь изилдөө борборунун сурамжылоосундагы: “Сот чечими менен саясатчыларга тыюу салууну туура көрөсүзбү”, – деген суроого

  1. Ооба, туура көрөм – 38,2%
  2. Жок, туура көрбөйм – 51,4%
  3. Жооп бере албайм – 10,5%

“Жооп бере албайм” дегендер, пикиринин тыюу салынган киши ким экенине байланыштуу экенин билдирип, “эгер мага жакпаган бирөө болсо, капаска тыккыла!” деп ойлогондор дейт экперттер. Бул суроого жооп бергендердин кайсыл партияны жактаганына жараша бөлүп караганда, бийликтеги АКП партиясын жактагандардын 58,9%’ы, “ооба, туура көрөм” деген. Ошого жакын пайызды АКП’дай эле исламчылар менен ултраулутчулдардан турган “Саадет” жана “Ий” партияларын жактагандар берген. Саясатчыларды соттого келгенде “ооба, туура көрөм” дегендердин эң азы негизги оппозициялык “светтик” ЖХП партиясында чыккан (15%), бирок, кызыгы, учурдагы бийликтен эң көп запкы чеккен күрддөрдүн ХДП партиясын жактагандардын 32,3%’ы да “туура көрөм” деген.

МАК изилдөө борборунун: “Учурдагы жылдык инфляцияны жон териңиз менен канча деп сезип атасыз”, – деген суроосуна:

  • 121-150% арасында дегендер 13%;
  • 111-120% арасында дегендер 41%;
  • 91-110; – арасында дегендер 23%.

Ошентип, түрк жарандарынын 75%’нан жогорусу жон териси менен гиперинфляцияны сезип жатканы билинген жана президенти Тайып Эрдогандын буйругу менен “жылдык инфляция 69,9%” деген өкмөттүн калп айтып жатканын тастыктаган.

Сурамжылоодо, бул суроо такталып суралганда, 61% респондент: “Өкмөт айтып аткан инфляция туура эмес экенин билем”, – деген, а 17%’ы: “Өкмөт айтып аткан инфляция такыр туура эмес экенин билем”, – деп жооп берген.

Демек, түрк калкынын 80%’га жакыны Эрдоганга жагалданган мамлекеттик мекемелер калп сүйлөгөнүн билээрин айткан. Бирок булардын, жок эле дегенде жарымы, баары бир добушун Эрдоганга берем дегендер экени белгилүү.

“Талапкер ким болбосун жакынкы президенттик шайлоодо кайсыл коалицияга добуш бересиз?”, – деген суроого:

  • Оппозициялык блокко ой берем дегендер 43%;
  • Бийликтин блогуна ой берем дегендер 36%;
  • Талапкерге карап көрөм дегендер 8%;
  • Башкаларга берем дегендер 8%;
  • Азырынча билбейм дегендер 5% болуп чыккан.

Ошондуктан келечектеги шайлоонун тагдырын “талапкерге карап” жана “башкаларга берем” деген 16% чечээри анык дейт түрк билермандары. Эгер оппозиция бул 16%’дын жарымын эле алса, биринчи турда талапкерин бийликке отургузат. Мында күрддөргө таандык 8-9% ой чечүүчү мааниге ээ. Күрддөрдүн лидери Салахаддин Демирташ эки твити менен бул ойлорду оппозиция тарапка оодуруп бере аларын баары билет. Бирок ал үчүн оппозиция түрк улутчулдугунан оолак болгон талапкерди сунушташы керек.

“Алдыдагы шайлоодо Тайып Эрдоган талапкер болсо ой бересизби?”, – деген суроого:

  • Ой берем дегендер 37%;
  • Ой бербейм дегендер 46%;
  • Атаандашына карап көрөм дегендер 7%;
  • Бир чечимге келе элекмин дегендер 10%. – болгон.

Акыркы жоопту берген 10% өз оюн ачык айтуудан корккондор. “Ой бербейм” деген 46%га 5% кошулса, Тайып Эрдоган үчүн шайлоо матчы биринчи таймда бүтөт дегендик. Бул жерде МАК’тын да, Метропольдун да сурамжылоолорунда Эрдоган ала алчу максимум 40-44% ой  бири бирин тастыктаган.

“Өлкөнүн проблемаларын чечүүдө оппозицияга ишенсе болобу?”, – деген суроого:

  • 39% ишеничтүү деген;
  • 36% ишеничтүү эмес деген.

“Өлкөнүн проблемаларын чечүүдө бийликке ишенсе болобу?”, – деген суроого:

  • 32% ишенсе болот деген;
  • 39% ишенүүгө болбойт деген.

Демек өкмөтүнүн составы ачыктала элек оппозицияга берилчү добуш Эрдогандын учурдагы өкмөтүнө караганда 7-8% алдыда.

“Өлкөнүн экономикалык проблемаларын Эрдоган же оппозиция чечеби?”, – деген суроого:

  • 41% оппозициянын кишилери чечет деген;
  • 33% Эрдогандын командасы чечет деген.

“Өкмөттүн экономикалык саясатын ийгиликтүү деп ойлойсузбу?”, – деген суроого 81% түрк респонденти жок деген.

81% жаран экономиканын чөккөнүн айтып, бактысыздыгын билдирген өлкөдө Эрдоган дагы эле 44%га чейин добуш алып атканын эксперттер “учурдагы түрк ажосунун харизмасы, ЖМКларды толугу менен өзүнө каратканы, мурунку светтик бийликтин дин карманган кишилерди эзгени менен тушүндүрсө болот” дейт. Демократиясы кылымдар бою тыкыр иштеп келген өлкөдө 81% нааразы болсо, бийлиги мынчалык жогору пайыз добуш ала алмак эмес.

Акыркы сурамжылоолор боюнча ЖХП партиясы бийликтеги АКП’га жетээрине 1,2% гана калган. Эгер мындан нары да Эрдогандын партиясы аз-аздан төмөндөп, ЖХП бирткеден жогорулап кете берсе, жакынкы айларда негизги оппозициялык партия биринчи орунга чыгышы мүмкүн.

Жансакта Сарбашов