Макаладагы темалар: Эрдоганды колдогон калктын жарымы анын калпычы экенине ыраазы… Эшегине жараша молдокеси жана президенти… Түрк бийлиги кокаин-халифалыгын куруп атат… Көтөрүлгөн минималдык маянаны инфляция 3 айда жеп түгөтөт… Эрдогандын “чыныгы дини” жана “пайгамбарлары” жөнүндө…

Эрдоганды колдогон калктын жарымы анын калпычы экенине кайыл

“Метрополь” коомдук сурамжылоо борборунун: “Мамлекетке караштуу Түркиянын статистикалык мекемеси (TÜİK) туура маалымат берип жатабы же көз-карандысыз Инфляцияны изилдөө тобубу (ENAG)?”, – деген суроого түрк жарандарынын

  • 23,9%ы – TÜİK;
  • 69%ы – ENAG туура маалымат берип атат деген.

Биринчи натыйжадан, түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын АКП партиясын фанатикче даканса колдогондордун пайызы 23,9’дан төмөн түшпөсү көрүнүп турат. Түркиядагы гиперинфляция жана салык пайызы апта сайын артып баратканын калктын дээрлик бардыгы жон териси менен сезип турган кезде, “TÜİK туура маалымат берип жатат” дегендик, Түркиянын экономикасы жер менен жексен болсо да, АКП’ны колдогондор 23,9%’дан төмөн түшпөсүнө түрк оппозициясы кайыл болуп, ошого жараша шайлоого даярдануусу керек.

Экинчи натыйжадан, экономикалык реалиялар түрк жарандарынын 70%’га жакынын “ENAG туура айтып атат”, – дедиртип, АКПга добуш берип келгендер үчүн да ачуу чындакка айланганын көрсөтүп турат. Себеби, ушул эле суроонун партияларга карата жооп бергендерге караганда:

  • Эрдогандын АКПсына таандыкмын дегендердин 45,8%ы; “Көз-карандысыз ENAG туура маалымат берип атат”, – деген;
  • Эрдогандын өнөктөшү Девлет Бахчелинин МХПсын колдойм дегендердин 39,6%ы “Көз-карандысыз ENAG туура маалымат берип атат”, деген.

Мындан бийликке добуш бергендердин жарымына жакыны “Көз-карандысыз ENAG туура айтып атат, мамлекеттик TÜİK калп айтып атат”, – дегенин билсек болот.

Эшегине жараша молдокеси жана ажосу

Жакында Түркиянын Каржы жана экономика министри Нуреддин Небати Лондонго барып: “Бизде оозунан чыккан сөзү мыйзамга айланган президентибиз бар. Келгиле, өлкөбузгө инвестиция кылгыла, президентибиз өзү кепилдик берет”, –  деген. Бул сөздөн кийин сокур тыйын инвестиция келбегени аз келгенсип, 10 млрд доллар Түркиядан ыкчам чыгарылып кеткен.

Айласы кеткен түрк бийлиги “Байлык келишими” деген арам акчаларды адалдаган мыйзамдын мөөнөтүн 2023-жылдын 31-мартына чейин узартты. Бул: “Акчаны кандай тапканың бизди кызыктырбайт. Наркотиктен, коррупциядан, эл кырылып жаткан жерге курал сатуудан түшсө түшсүн, Түркияга киргизип, адалдай бер”, – дегендик. Муну Түркиянын жогорудагы 23,9%’ы да колдойт. Алар Эрдоган жана анын табакташтарындай эле, мусулман болгону менен исламдын принциптерин каалагандай калчаган динчилдер.

Түрк бийлиги менен аны колдогон калктын өздөрүнө жараша молдокелери да бар. Алардын бири Хайреддин Караман жылаан чакпай, ат теппей эле: “Согуш – бул амалкөйлүк. Түркия учурда согуш кырдаалына өтүп жатат”, – деп салган. Андан көп узабай, Тайып Эрдоган: “Менин сөзүмү эки кылбаган бюрократтар иш-кагаздарына койгон колдору үчүн көзөмөл, укук-коргоо жана сот тарабынан жоопко тартылбайт”, – деген  Мыйзам өкүмүндөгү токтом чыгарып салды.

Динчил молдокенин фатвасына негизделген мындай мыйзам, оппозициянын лидери Кемаль Кылычтароглу Ютубдан түрк чиновниктерине: “Жакын арада бул бийлик кетет. Ошондуктан ушул күндөн тартып укуксуз чечим чыгарганды токтотуп, мыйзамдын негизинде иш алып баргыла. Антпесеңер жоопко тартыласыңар”, – деп кайрылгандан кийин кабыл алынып турат.

Ал арада Түркиядагы чет элдик инвестиция тарыхта биринчи жолу 30%’дан төмөн түштү. Андан сырткары, Түркияга узун, орто, кыска мөөнөттүк бир да инвестиция кирбей калды.

Эрдоган кокаин халифасы болгон кез

Түркиянын жана анын президенти Тайып Эрдоган менен өкмөтүнүн эл-аралык баңги зат контрабандасына байланыштуу атагы чыга баштады. Анткени, өзүнүн супер-мусулмандыгы менен сыймыктанган түрк жетекчилиги, бийлигин сактап калыш үчүн, кандай болбосун арам акчага да муктаж абалга келди.

Жогорудагы сүрөттө Туркияга кокаиндин аба, суу жана кара жолдору менен кантип келип жана тарап жатканы көрсөтүлгөн. Анда Латын Американын төрт-беш деңиз порту менен төрт-беш аба майданынан Түркияга келген кокаин, андан нары Россия, Кавказ жана Орто-Чыгышка кара жолдор менен тараганы көрүнүп турат. Ошентип Түркия дүйнөнүн эң ири баңги-зат хаббдарынын бирине айланды.

Көтөрүлгөн минималдык маянаны инфляция 3 айда жеп түгөтөт

Декабрда, учурда Кыргызстандагыдай болуп, Туркияда минималдык маяна 50%’га көтөрүлгөн. Бирок, курулай акча басууга негизделгендиктен, анын таасирин инфляция кыска мөөнөттө жеп салган.

Жогорудагы график декабрдан кийинки инфляция эске алынып, учурда да 30%’га көтөрүлгөн минималдык маяна 1-2 айдан кийин инфляциядан төмөн түшүп калаарын көрсөтүп турат. Графиктин жогору жагындагы сары аймак, ай өткөн сайын инфляция маянадан канча пайыз артаарын сүрөттөп берүүдө.

Кийинки графикте өлкөлөргө карата минималдык маянага иштегендердин пайызы берилген:

Эң аз кишиси (калкынын 3%’ы) минималдык маянага иштеген мамлекеттерге Голландия, Дания, Бельгия жана Швеция кирген. Калкынын 20%’ы минималдык маянага иштеген өлкөлөр – Португалия, Венгрия жана Румыния. Түркияда алардан эки эседен жогору пайыздагы калк (57%) минималдык маянага иштейт. Минималдык маяна болсо Туркияда ачарчылык чегинен 1000 лирага төмөн түшүп турган кез.

Эрдогандын “чыныгы дини” жана “пайгамбарлары” жөнүндө

Ошол эле убакта: “Эрдогандын дини – байларды дагы байыткан, кедейлерди ого бетер кедейлеткен дин”, – деген экономисттер, буга далил катары, быйыл түрк банктарынын тапкан кирешесин мисал келтиришкен. Быйылкы беш айдын ичинде банктар, былтыркыга караганда, 800%га жакын жогору киреше табышкан.

Төмөнкү графикте банктардан сырткары, Эрдоганга жакын болуп, атаандашсыз тендерлерди уткан фирмалардын кирешеси жыл санап артып, ошол эле учурда карапайым калктын кирешеси кантип төмөндөгөнү салыштырылган:

 Жогорудагы ийри сызык ири компаниялардын үлүшүн көрсөтүп турат. Төмөндөгү жашыл ийри сызык болсо калктын үлүшүн сүрөттөп жатат. Эгер 2015-2016-жылдары компаниялардын үлүшү бир аз төмөндөп, жумушчулардыкы өскөн болсо, 2019-жылдан тартып тескери тенденция башталып, учурда байлар менен кедейлеринин үлүшүнүн арасында эбегейсиз ажырым бар экени көрүнүп турат.

Жогоруда болсо Түркиянын лидер компанияларынын кирешеси 2021-жылы 137%га артканы менен калктын маянасы болгону 33,4%’га жогорулаган. Ошол эле убакта иштеп жаткан калктын орточо үлүшү андан да аз – 26,3%’га көбөйгөн. Эстете кетсек, учурда Түркиядагы инфляция 70-160% деп өлчөнүп атат.

Кийинки графикте Түркиядагы айлык маянанын жалпы экономикалы үлүштөгү пайызы көрсөтүлгөн:

Эгер 2012-2019-жылдар арасы айлык маяна жалпы улуттук кирешенин 50%’ынан төмөн түшпөсө, 2020-жылы 44,5%, былтыр болсо болгону 32,1% болуп калган.

  Жансакта Сарбашов