Бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Ошондуктан пенде бул жашоодо үзгүлтүксүз сыналып турарын эсинен чыгарбашы керек. Жашооң түшкүр сыноого кекиртегине чейин толо жана ар кимдин сыноосу ар башка. Ошол эле маалда бул дүйнө тер төгүп мээнет кылчу дүйнө. Мындай айтканда, тынымсыз эмгектенчү, кызмат көрсөтчү жай. Эсептешчү, кылган-эткениңдин акысын алчу, сыйлык күтчү жай эмес. Азирети Бедиуззаман: «Бул дүйнө маңдай терди төгүп мээнет кылчу жай, акы доолачу жай эмес. Жакшы амалдардын акысы, жемиши, жарыгы барзахта, акыретте берилет. Ал эми түбөлүктүү жемиштерди бул дүйнөдө алуу, аларды бул жашоодо эле татканга умтулуу акыретти бул дүйнөгө алмаштыруу дегендик», – деп айткан. (Bediuzzaman, Kastamonu Lahikasi, 105-бет)

     Чынында биз жоктон бар болуубуз менен, адам болуп жаратылуубуз менен, ыймандуулук шарапатына жетүүбүз менен, азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) үммөт болуу менен, Куран менен таанышып, бул ааламды Курандын нуру аркылуу кароо нематына ээ болуубуз менен рахматын да айтып бүтө албай турган акыбызды, сыйыбызды эчак эле алып койгонбуз. Жараткан Алла ушунчалык баа жеткис нематтарга кошумча кылып, берген милдеттерин, озуйпаларын орундатуу аркылуу бул дүйнөнүн сыноосун жеңип чыккан кулдарына акыл-эсибиз жетпей турган кооздуктарга, жакшылыктарга чылк толгон чексиз Бейишти берүүнү убада кылат.

     Сыноо, мээнет кылуу жана эсептешпөө

     Бул жаатта Куранга, динге кызмат кылам дегендер үчүн төмөнкү негиздер өтө маанилүү: 
1. Сыноодо экенин сезүү жана аны ийгиликтүү өтүүгө аракет кылуу; 
2. Алланын буйруктарын орундатуу үчүн мээнет кылуу;
3. Кылган мээнети үчүн бул жашоого таандык кандайдыр бир акы, сый-урмат күтпөө; 
4. Капыстан, же күтпөсө да келип калган Алланын белектеринен уруксат берилген чекте, Жаратканыбыз белгилеген өлчөмдө колдонуу. 
Мына кулчулук деген ушул! Сыноо, мээнет кылуу жана эч нерсе күтпөө… Кулчулуктун негизин түзгөн үч түшүнүк.

     Адамзаттын Даңазалуу Устаты (саллаллаху алейхи васаллам) бул жагынан өзүн ээрчигендер үчүн эң сонун үлгү. Ал бул дүйнөнү мээнет кылчу жай катары көрүп, диндин буйруктарын жүзөгө ашыруу жана ага чакырууда бардык кыйынчылыктарга чыдаган. Ошол эле маалда аткарып жаткан укмуштуудай кулчулугу жана пайгамбарлык милдети үчүн Алланын ыраазылыгы менен сүйүүсүнөн башка эч нерсе каалаган эмес. Башынан өткөн эң оор учурларда да сыноодон эң татыктуу өтүп, ар бир кыймыл-аракети, ар бир абалы менен момундарга: «Силер дагы сыноолорго даяр тургула. Мен кабылган сыноолор менен алардан өтүшүмөн сабак алгыла», – деп тургансыйт.

     Бул маселени мындай да карасак болот: Бүткүл аалам бир өзүнүн урматына жаратылган, Алланын сүйүктүүсү деген наамга татыган жана төрт тарабы төп келишкен Адамзаттын Даңазалуу Устаты (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу жашоосунда дайыма кысым көрүп, зулумдуктарга, катаалдыкка, жанды жеген жалаага кабылган болсо, анда анын артынан калбай ээрчийм деген эрендер дагы ошондой эле азап-тозокко, бут тосууларга кабылам деп болжой бериши керек. Эгер Алла Таалага чын жүрөктөн ишенген болсоңор, анда ар түркүн сыноолор үзгүлтүккө учурабай келе берет. Ыйманыңардын деңгээлине, Алла менен мамилеңердин тереңдигине, Пайгамбарыбызга моюн сунганыңарга жана дин мүдөөсүнө дит койгонуңарга жараша түркүн-түстүү сыноолорго дуушар болосуңар.

     Ошону менен бирге, бул дүйнөнү мээнет кылуучу жай катары карап, ошого жараша талаптары орундатылса жана дуушар болгон сыноолорго кабагым-кашым дебей каршы турса, анда бүгүн болбосо да эртең акыйкат сөзсүз жеңишке жетерин унутпагыла. Анткени Алла Тааланын وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَاَنْتُمُ الْاَعْلَوْنَ اِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ «Шаабайыңарды суутуп, кайгыга батпагыла! Ыйман келтирген болсоңор жеңиштесиңер» (Ал-и Имран сүрөсү, 3/139), – деген убадасы бар. Аллага чындап ишенгендер жеңүүчүлүк потенциалын алып жүрүшөт жана бул потенциалы бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз өзүн көрсөтөт.

     Бир хадисте айтылгандай, адамзаттын ичинен пайгамбарлар баштаган Алланын сүйүктүү кулдары эң көп кыйынчылыкка кабылат. (Тирмизи, Зухд 57; Ибн Маажа, Фитан 23) Эмнеге? Эмнеге адамзаттын сыймыгы болчу кишилер эң чоң сыноолорго дуушар болушу керек?

     Курандын бир-эки жеринде айтылганы боюнча, ушундай жол менен жакшылар жамандардан, чийкилер бышкандардан ажыратылат. (крңз.: Ал-и Имран сүрөсү 3/179; Анфал сүрөсү 8/37). Темирдин даты от менен тазалангандай, башка түшкөн кыйынчылыктардын да кишинин тазалануусуна, көр дүйнөгө байланган боолору чечилип, акыретке байлануусуна, Жаратканына жакындоосуна тийгизген таасири өтө чоң. Бедиуззаман устат айткандай, кишинин көңүлү акыретке бурулуп, анык ыкласка жетүүсү үчүн же пенде дүйнөгө таарынышы керек, же дүйнө пендеге таарынышы керек. (Lemalar, 10. Lema, 3. Şefkat tokadı)

     Ооба, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тарткан кыйынчылыктар тоого түшкөндө, тоонун тозоңу чыгып, бырчаланып жок болмок. Анткени ал азап-тозоктун бардык түркүмүнө кабылып, эң оор сөздөрдү угуп, маскараланып, жектелип, коркутулуп, миң бир түркүн жамандыкка учурап, кубаланып, журт которууга мажбурланып, жанкечтилер жалданып, мал-мүлкү таланып, Бадрларды, Ухуддарды, Хандактарды башынан өткөргөн. Алланын акыйкатына сыртын салып, көр дүйнөгө арбалып калган заалымдар аны жана аны ээрчиген ыймандууларды жок кылуу үчүн колунан келген бардык аракетин кылышты. Бирок ал ошондо да бир чым этип койгон жок. Жолунан кайтпай, үмүтсүздүккө кабылбай, оң-тетири басып кетпей жолун улай берди. Бекемдиги, чыдамкайлыгы, сабыры менен алдыдан чыккан жамандыктарга, бут тосууларга кандай каршы туруш керек экенин үйрөттү.

     Кыйынчылыктарга каршы момундук мүнөз

     Пайгамбарлык жолдун жолоочуларынын милдети – башка түшкөн кыйынчылыктан улам багытты өзгөртпөө, көздөгөн мүдөөдөн кайтпоо. Сыноо канчалык оор болбосун, тагдырга таарынбоо, Аллага нааразы болуу сыяктуу абалдарга түшпөө. Алла маңдайыбызга жазган жамандыктарга, жазмышка ыраазы болбогондой мамиле кылбоо. Мындай сөздөр оозубуздан чыкмак тургай, түшүбүзгө да кирбесин. Албетте, пендебиз, башка түшкөн иштерден таасирленишибиз мүмкүн. Айтылган акаараттар, жабылган жалаалар эңги-деңги кылат. Бирок, буларды да сыноонун бир түрү катары санап, булардын айынан эч качан Аллага каршы келе турган кылык-жоруктарды, мүнөздү көрсөтпөшүбүз керек. Уулу чарчап калган күнү көзүнө жаш алган Пайгамбарыбыз: «Жүрөк эзилет, жаш куюлат, бирок Жаратканыбызды нааразы кыла турган бир да сөз оозубуздан чыкпайт», – деп айткан эмеспи. (Бухари, Жанаиз 42; Муслим, Фадаил 62)

     Куран وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ «Улуулугум менен Жалалыма ант, алар айткан сөздөрдөн улам көөдөнүң кысылганын эң сонун билип турабыз» (Хижр сүрөсү, 15/97), – деген аяттары менен Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) башына түшкөн кыйынчылыктардан улам тарткан кайгысына, күйүтүнө ишарат кылган соң, ага: فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّى يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ «Бирок сен Жаратканыңды ыраазылык менен улуула жана сажда кылгандардан бол. Башыңа өлүм келгенге чейин Жаратканыңа ибадат кыл» (Хижр сүрөсү, 15/98-99), – деп буйрук берет. Алла Таала каапырлар кылган-деген кылыктардан улам Алла Элчисинин жан дүйнөсүн жаралаган күчтүү күйүттү айтып өткөн соң, ага Өзүн улуулоосун жана акыркы демине чейин кулчулук кылууга бекем туруусун тапшырат.

     Бул дүйнө сыноо жайы болгондуктан, ким болбосун белгилүү бир өлчөмдө кыйынчылык тартат, кысталышка кабылат. Кыйынчылыктын эң оорун болсо улуу инсандар тартат. Бир аз мурда айтылган Пайгамбарыбыздын кеби боюнча, азап-тозоктун эң катаалына, эң ооруна улуу пайгамбарлар дуушар болушкан. Канчалаган пайгамбарлар өлтүрүлүп, арааланып, жыгачка керилип, кордолуп, ташбараңга алынган жана Алла берген өмүрдү жашап өтүү да алар үчүн ыраа көрүлгөн эмес. «Сыноонун эң оору алгач пайгамбарларга, андан кийин олуяларга, анан даражасына жараша башкаларга келет», – деген хадистен да байкалып тургандай, пайгамбарлардан кийин эле даражасына жараша Алланын салих кулдары сыноого кабылат. Ушундан уламбы, айтор азирети Абу Бакирди шайтандын желдеттери бутага алып, азирети Умарды намаз окуп жатканда мыкаачы кул канжарлап, азирети Осмонду шайтандын азгырыгына кабылган бир топ наадан айоосуз шейит кылып, азирети Алини бир мунафык жайлап тынды. Андан кийин азирети Хасан ууланып, азирети Хусайнды жакындары менен Кербалада Йазиддин жоокерлери кылычтап шейит кетирди. Ошондой эле арам иштер түшүнө да кирбеген аруулуктун үлгүлөрү – азирети Марьям менен азирети Айша энелерибиз да сыноонун эң ооруна кабылышты.

     Бул инсандардын жолу менен жүрсөңөр силер дагы непир майда электерден өтөсүңөр. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айткандай, динге жакындыгыңарга жараша сыноолорго кабыласыңар. Алмаз менен көмүр бири-биринен ажыратылат. Эгер киши дини үчүн, ыйманы үчүн, акыйкаттык үчүн бул дүйнөдө бир да жолу жабыр тартпаган болсо, анда буга шүгүр келтирүүдөн мурун санаа тартсын. «Менден мурун бул жолдо жүргөндөр ар түркүн кыйынчылыктарга кабылган болсо, анда мага эмнеге шайтан менен анын желдеттери тийишпейт? Эмне мен мурункулардай эмесминби?», – деп өзүн-өзү суракка тартсын. Бул жашоодо дайыма бейпилдикте жашагандар акыретте көрчү жыргалчылыгын бул жактан эле колдонуп салдымбы деп корксун. Кудси хадисте Жараткан Алла эки тынчтык менен эки коркунучту бир бербей турганын айтат. (Абдулла бин Мубарак, Зухд 50-б.; Ибн Хиббан, Сахих, 2.406) Демек бир кишинин бул жашоосу да, акырети да толук бейпилдикте, жыргалчылыкта, май көл-сүт көл болуп өтүүсү мүмкүн эмес. Курандагы «Силер жакшылык катары эмне жасаган болсоңор, баарын дүйнөдөгү жашооңордо жеп түгөттүңөр» (Ахкаф сүрөсү, 46/20), – деген аят да ушул маселеге көңүл буруп турбайбы.

     Башында да айтылгандай, бул дүйнө сыналчу жана мээнет кылчу жай, сый акылар, кайтарымдар, белектер болсо акыретте. Адам пенде Алланын буйруктарына, тыюуларына көңүл бурбай, жыргалчылыкта, шаң-шарапатта жүрүп колундагы нематтарын бул дүйнөдө эле түгөтүп албасын. Жашоосун акыретке ылайык өткөрүп, ал жакка берилбей калган эсептер, төлөнбөй калган карыздар, өтөлбөй калган милдеттер менен барбагыдай болсун. Башка түшкөн оор сыноолорду кулчулуктун жана тазалануунун ачкычы катары көрүп, аларды сабырдуулук менен, ыраазылык менен кабыл алуу аркылуу акыреттик жемишке айлантсын. Анан калса, ыймандуу киши жалаага кабылганы, зулумдукка учураганы үчүн бирөө-жарымга таарынбашы, башын сайган мүдөөдөн жүзүн бурбашы жана жеңиш жолунда жүрүп жоготууга учурабашы керек. Кыйынчылык башына качан келбесин, «Жараткан катары Аллага, пайгамбар катары азирети Мухаммедге, дин катары Исламга ыраазымын» (Муслим, Салаат 13), – деп жолун уласын.


Которгон: Насыпбек Асанбаев