Түрк саясатынын закымдарынан Эрдогандын жеңилгени көрүнө баштады. Жеңилип калбаш үчүн кайнаса каны кошулбаган партияларды тегерегине жыйнап кирди. Бирок эмне кылса да, президенттик шайлоодо керек болгон 50%+1 добушту ала албачудай…

Учурдагы президент исламчыл Тайып Эрдоган ультра-улутчул Девлет Бахчели менен биригип алып, эч кимди көзгө илбеген саясат кылып жатышкан. Эрдоган “алты чоочун” деп шылдыңдаган оппозиялык лидерлер болсо, суперпрезиденттик режимден күчөтүлгөн парламенттик башкарууга өтөбүз деп, эки жылдан бери чогулуп майын чыгара кеңешип келет.

Тайып Эрдогандын эч кимге кеңешпей, чыгарган чечимдеринен улам Түркиянын экономикасы оңко-тоңко болуп, анын үстүнөн зилзала да басып калды. Ошентип, Эрдоган кандай аракет кылбасын, президенттик шайлоодо жеңчүдөй көрүнбөйт. Оппозициянын өткөн эки аптадагы чекишип, кайра бекишкенинен кийин, эң алсыз делген Кемаль Кылычтароглу да учурдагы президентти чаңында калтырганы турат.

Саясат талдоочулардын айтымында, түрк оппозициясы олуттуу ката кетирип албаса эле, 14-майда деп белгиленген датада, президенттик да, парламенттик да шайлоону жеңип чыгаары шек жаратпай калды. Ошондон улам Эрдогандын айласы түгөнүп, бир пайызга жетпеген радикал жана маргинал партиянын баарын өзүнүн “Жумхур иттипагына” чакырып, жандалбастай баштаган кез.

Мисалы, Эрдоган жеңип чыгыш үчүн, бир нече пайыздык добуш ала алчу, Хизбут-Тахрир идеологиясын карманган жана кеңири федерализмди каалаган радикал исламчыл күрттөрдүн “Худаапа” партиясы менен ичине түрк улутчулдук ити өлүп калган Девлет Бахчелинин МХП партиясы бириктирмекчи. Бирок ошол эле Бахчели либерал-демократ күрттөрдөн турган жана 10%дан ашык добуш ала алчу ХДП партиясы оопозициянын “Алтылык үстөлүн” колдоп койсо: “Түрк улуту коркунучта”, – деп бакырып жүрөт. Муну эч нерсени ылгабаган түрк саясатынын парадокстары десек болот.

Ошентип, оппозиция “Эмне болсо да Эрдоганды кетирели”, башкалары болсо “Эмне болсо да Эрдоганды алып калалы” деген слогандардын алдында биригип жаткан кез.

Ал арада Түркиядагы табигий жана саясий зилзаладан кийин жүргүзулгөн социологиялык сурамжылоолордун натыйжалары келе баштады.

“Аксой” сурамжылоо компаниясы эки айдан кийин өтчү шайлого аттанган партияларга жана Эрдоган менен Кылычтароглуна берилчү добуштарды өлчөгөн. Ал боюнча:

Партиялар жарышында:

  1. Эрдогандын АКП’сыныкы – 31%;
  2. Девлет Бахчелинин МХП’нысыныкы – 7,2%.

Демек АКП + МХП = 38,2%;

  • Кемаль Кылычтароглунун негизки оппозициячыл, социалист ЖХП’ныкы – 28,4%’га жеткен;
  • Мераль Акшенердин оппозициячыл ультра-улутчул ИЙИ’дики – 12%;
  • Либерал-демократ күрттөрдүн ХДП’сыныкы – 10,3%;
  • “Алтылык үстөлгө” отурган калган 4 партияныкы – 5%.

Оппозицияныкы = 55,7%. Калган калк добушун кимге берээрин али тандай элек.

Президенттик жарышта болсо:

  • Кемаль Кылычтароглу – 55,6%;
  • Тайып Эрдоган – 44,4%, – алмакчы.

Башка сурамжылоо компаниялары да ушуга жакын натыйжага келсе, эки ай ичинде мынчалык айырма жабылып калбайт дейт түрк серепчилери.

Чындап келгенде, мыйзам боюнча Эрдоган 14-майда өтчү шайлоого катыша албайт. Бирок, ийгиликке жеткен мушкер напсисин тыя албагандай эле, ал да көшөрүп тымтыракайы чыгып утулмайынча саясий рингден кетейин деген түрү жок. Экономикадагы абал, зилзаланын кесепеттери жана башка негизги көрсоткүчтөргө караганда, Эрдоган демейки шарттарда утуп чыгуусу мүмкүн эмес.

“Бул шайлоону Эрдоган утуп чыга албайт, бирок оппозиция чоң ката кетирип уттуруп жибериши мүмкүн”, – дейт саясий серепчилер. Мындай ыктымал аз болсо да, андан чочулагандар көп.

Ал арада ИЙИ партиясынын лидери Мераль Акшенер, Стамбулдун жана Анкаранын мэрлери Экрем Имамоглу менен Мансур Яваш Кемаль Кылычтароглунун талапкерлигин жактап, Туркиянын аймактарын түрө кыдыра баштады. Бул Түркияда өөн көрүнүш. Анткени сунний түрктөрдүн эң күчтүү үч лидери өздөрүнүн мазхабы менен улутундагы Тайып Эрдоганга каршы алеви күрт Кемаль Кылычтароглуну колдоп, жүгүрүп жүрөт.

Кээ бир аналитиктер, Эрдоган түрктөрдүн Боршайкомуна: “Кечиресиз, сиз бул президенттик шайлоого аттанууга укугуңуз жок”, – дедиртип, Кылычтароглуна каршы башка талапкер чыгарып, саясий сахнадан жеңилбеген бойдон кетсе болот дей баштады.

Жансакта Сарбашов