Жорум. 17 сентября 2020 г. 16:43 400
Ажыдаар – бул саясий-психологиялык архетип, башкача айтканда, бийликтин күчүн сүрөттөгөн метафора.
Акыркы он жылдыктарда кыргызда бийликке келген ажо тууралуу “ажыдаарды өлтүрдүм, мен ажыдаар болбойм деп атып эле, ажыдаарга айланды” деген сөз тарап жүрөт. Бирок бийлик сөзсүз ажыдаарга айланат экен, болгону анын айбаты кимге багытталганы маанилүү.
Ажолук бийликке умтулган киши ажыдаарды өлтүрдү деген да болбогон кеп экен. Башкасын билбейм, бирок 2005-жылы да, 2010-жылы да ажыдаарды болочок ажо да, анын баатыр жан-жөкөрлөрү да эмес, карапайым калк өлтүрдү.
Ажыдаарды, башкача айтканда, бийлик бутактарынын баарын өзүнө камтып алган ажолук бийликти эл өлтүргөн сөң, бардык уламыштардагыдай эле ажыдаардын руханий күчү өлтүргөн тарапка, демек, карапайым калкка өттү. Ал руханий күч – айбаттуулук.
Учурдагы кыргыз бийлиги айбаттуулуктан куржалак калган бийлик. Ошондуктан өлкө ичинде коомдук пикирге, өлкө тышында башка өлкөлөрдүн төбөлдөрүнө көзкаранды абалда.
Өнүккөн өлкөлөрдүн мультфильмдерине же көркөм тасмаларына назар салсаң, албууттуу ар түрдүү ажыдаарды жоошутуп, баш ийдирип, анан минип күчтөнгөн образдарды көрөсүң. Демек, ишке жарап берчү жакшы ажыдаарды өлтүрүү – кара күчкө таянган наадан калктын иши экен.
Мейли, билбестиктен улам эки жолу ажыдаарды өлтүрүп алыппыз. Айрыкча ал ажыдаарлар баш ийип берчүдөй көрүнгөн эмес, ошондуктан өлтүргөнүбүз да эң туура болгондур. Бирок 2020-жылдын 3-октябрында былтыйып семирген, уча албай калган, чокчойгон баштын баарын аймап тынган ажыдаарды эмес, өзүбүзгө ылайыктуу: акыл-эстүү, көп жебеген чапчаң, калкка пайдалуу, ичтеги жана сырттагы зөөкүрлөргө айбаттуу, чет өлкөгө барса сымбаттуу ажыдаарды курап алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Шайлоо алдында акча алуу экинчи маселе. Эң негизкиси, бюллетенди алып кабинкага киргенде, эки ажыдаарды өлтүргөн айбаттуу элдин өкүлү катары эч кимден коркпой, акчаны да, башканы да ойлобой, кандай ажыдаарды каалап атканыңызды элестетип, бюллетенге ишарат коюп, сандыкка салыңыз.
Андан кийин жаңы ажыдаарыбызды (жаңы парламент менен өкмөтүбүздү) минип чыкканыбызда бизден айбыкпаган төбөл да, мамлекет да калбайт, кудай буюрса.
Эсен Өмүракунов
Шайлоодон кийин үчүнчү ажыдарды өлтүрүү керекпи?