Акыркы сурамжылоолор боюнча орус калкынын үчтөн биринен жогорусу орус-украин согушун колдоору билинген. Бирок чын эле колдойбу же мамлекеттик репрессиялардан чочуганы үчүн ушинтип айтып жатабы?

Орус изилдөөчүлөрү жана эксперттери, Орусиянын жакынкы тарыхын эске алып, учурдагы согушту колдогондордун саны өсөрүн божомолдошкон, бирок мынчалык колдоо болоорун күткөн эмес. Мисалы, Владимир Путиндин популярдуулугу буга чейин үч ирет катуу жогорулаган жана үчөө тең согушка байланыштуу болгон. Биринчиси – Чечен, экинчиси – грузин, үчүнчүсү – “Крым наш” согушунан улам шар өскөн.

Орус бийлиги тарабынан “чет элдик агент” катары жарыяланган “Левада-центр” респонденттерине ай сайын “Өлөдө иштер туура багытта кетип бара жатабы” деген жалпылама суроо берип келет. Бул суроого 2021-жылдын декабрында 47% орусиялык “туура багытта бара жатат” деген, 2022-жылдын январында 50% (ОДКБ Казакстанга кирип-чыккан ай), февральда 52%, мартта болсо “туура…” дегендердин пайызы 70тен жогору кеткен. Бул өсүү Украинага кол салууга түздөн-түз байланыштуу экени шексиз.

Бирок бир маанилүү нерсени – социологдор жарандардын оюн эмес, алардын айтканын өлчөөрүн, унутпаш керек. Карапайым калктын көбү ошол учурда коомдо кандай ой-пикир кубатталып жатса, б.а. эмне норма деп эсептелсе, ошону билдирээри социопсихологияга белгилүү. Орус калкында учурда “ата-мекен оор абалга кабылганда, аны кош колдоп колдоо керек” деген сезимдерге артыкчылык берилип атканын айтууга болот.

Сурамжылоодо, орус бийлигинин учурдагы аракеттерин колдобой, “туура эмес багытта бара жатат” деген 14%дын басымдуу көпчүлүгү рационалдуу ой жүгүрткөн шаардын тургундары, айрыкча жаштар экени белгилүү болгон. Бул изилдөө телефон аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, учурдагы согуш абалы жана куугунтук кырдаалында, бийликти колдобойм деп күчтүү гана кишилер айта алаарын эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан бул 14%га “бул боюнча пикирим калыптана элек” деп жооп берген 4%ды да кошо берсе болот.

Ошол эле учурда, “көбүнчө колдойм” дегендерди кошкондо, 80%дан ашык орус калкынын бийлигин сөз менен болсо да колдогону, Владимир Путиндин тегерегине чогулган “согуш шумкарларынын” ишин легитимдештирүүгө жетиштүү болоорунда шек жок.

Таалайбек Маматов