2016-жыл, 15-февраль

Кумурзстанда өзгөчө чуудулдар пайда болду. Башында күлдүрөт десе эле чанжырап ылдый-ылдый сого беришчү. Уялбай эле түндө эмне кылганын деле айтып, жыргап калышар эле. Ошолордун арасында бир бирдиги түгөнгөн чуудул бар. Бечара айтар кеби түгөнүп, күлдүрө албай калгандан бери ойчул болуп пыр жазып кеткен. Жазганда да жөн жазбай бирөөнү бирөөнө кайраштырып, бирөөнүн арына тийип, укулап-чукулап жазат экен. Кыскасы, ошолор кумурскаларды күлдүрөбүз деп чакырып алып, кайра бүлдүрүп кетиришиптир. Мына ошонун акыркы пыры Кумурзстанда катуу чыр жаратты. Себеби, ал ошол пыры менен баягы, илгерки Бакс тукумун кууп чыккандарга тийишкен имиш. Эмнеге тийишкени белгисиз? Же анын да Бакс тукумуна кудалыгы бар беле?. Кудалыгы бар беле дегеним, так ошол Бакс уяхан болуп турганында ургаачыдан ургаачы тандап жыргап эле калган. Деги Кумурзстан Кумурзстан болгону андай уяхан көргөн эмес. Алдынан чыкканды жалгыз жеп, андан ашканын үкасы жеп, андан кийин акасы жеп, аларга кошулуп бала-чакасы, биринчи ургаачысы, экинчи ургаачысы, үчүнчү ургаачысы, утурумдук ургаачысы, өткөн ургаачысы, келе турган ургаачысы, ургаачысынын ургаачысы жеп отуруп, башкаларга эч нерсе калчу эмес. Мына ошол ургачыпозду кууп чыккандарга тийишип пыр жазып атпайбы тиги чуудул-муудул. Деги, чуудул жазган пыр дагы ушунча чуу чыгарат деп ким ойлоптур. Бул жакта канчалаган окуган-чокугандар жазып атса, эч ким унчукпайт да, так ушул чуудулдун пыры баарынын көңүлүн бурганы кызык… Көрсө, бир келесоонун ыргыткан ташын, кырк акылман чыгара албайт деген да ошол тура.

Кыпкыскасы, так ошол чуудулдун чыгарган пыры кайсы бир кыларга иши жок отурган данекбаштын башына тык дей түшөт. Чынында эле, ал муну кайдан укканы да таң калычтуу. «Чуудулдар пырдаган жерге бардың беле?» десе, «жок» дейт. «Чуудулдар менен байланышың барбы?» десе «жок» дейт. Же кайдан укканын айтпайт ачык. Кыскасы, күңк-мыңк деп сыр кылат да турат. Болду-болбоду бу данекбаш бул жакта толгон-токой маселе чечилбей жатса, баары түгөнүп калгансып так ошол чуудулдардын пырын тыңшап отурат окшойт. Андан көрө, чегирткенин сайраганын, эшек курттун айкырганын укса болмок кургур. Ушу азыркы чуудулдарга да убакыт коротобу, чиркин? Бирок, бу данекбашка эмне? Керээли кечке бош отурса. Жанындагылар калжырап ар кайсы тезекти жегенден башканы билбесе. Уккандыр да бош отуруп. Айласы кеткенде уккандыр да…

Кыппкыскасы, ошентип чуулдулдун пырына териккен данекбаш так секирип ыргып туруп ишке киришти. Башка башы чоңураак данекбаш болсо да балким тиги чуудулдар дымырап калат беле, же ычкырдан ылдый согуп көнүп алган немелер баары бир тийише берет беле, айтор, капкайдагы мадыра баш данекбаш тийишкенине чыдабай сес көрсөтүп сестеңдеп калышты. Айрыкча, Папылданын үтүрөңдөгөнү бир укмуш. Гюмандор чуудул айтмакчы, та-та-та-та деп патыратып атат, патыратып атат. Салаңдаган эки бети чыдабай ысып кетти эле, нары жактагы карга чыз-чыз эткисе басып-басып алып, кайра патыратып атат, патыратып атат. Токтобой патыратты го чиркин. Токто дегенди билбейт экен. Билбейм дегенди да билбейт экен.

Кыппакыскасы, данекбашы да, чуудулу да бовой калыптыр. Андан көрө, ушу Кумурзстанда намыстуу бирөө болгондо ушунча адамды сыздатып, ушунча чырды баштап кеткен Кутурман бекти кайдан болсо да таап, башын жулуп келсе болмок. Илгери, так ушу кумурзстандыктардын бабалары ошондой эр болгон экен. Так ушундай кан төгүп качып кеткен кумурсканы Чайнадөңдөн болсо да таап, башын жулуп келишчү имиш. А азыркылары негедир башкача. Бири кууп чыкса, бири куттуктап келет. Бирөө ыйлаган немеге, бирөө жыргайт. Капуста болсо болду да дегени бар. Сага жакпасам жабышпай ары отур дегени бар. Ары жок пыр жазса күлгөнү бар. Ары жок кеп-сөздү сүйгөнү бар. Мындан да кыскасын айтпай эле коёюн эми… Мындан кыскасы уят…

Насыпбек Асанбаев