Саясий акторлорунун аракеттеринин көбү бийликти алуу, аны күчөтүү жана сактап калуу экенин эстен чыгарбасак. Алардын логикасы боюнча, бийликти колдон чыгарып жиберүүгө алып барган бардык аракеттер иррационалдуу көрүнөт, бийликти сактап калууга алып баргандары болсо рационалдуу деп эсептелет.

Ошондуктан Владимир Путиндин учурдагы аракеттерин ушул логикага салып карашыбыз керек. Сурамжылоолор боюнча, анын рейтинги 2018-жылдан баштап токтобой түшүп кете берген. 2020-2021-жылдарда дүйнөнү пандемия бийледи. Ал кезде Орусияда кандайдыр бир массалык акцияларга, анын ичинде жалгыз бой пикет да бар, тыюу салынган, б.а. оппозициялык саясий аракеттерге жол берилген эмес. Бирок мунун баары орус бийлигине упай алып келген жок. Башында, айрыкча регионалдык аткаминерлерддин рейтинги, бир аз көтөрүлгөнү менен, төмнөндөө токтогон эмес.

Орус бийлигинин рейтинги 2020-жылы күздө тарыхий минимумга жетип, андан төмөн кете баштады. 2021-жылкы негизки оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жана анын структураларына карата чабуул да оңтойлуу ишке жарап берген жок. Ошол кезден тартып, “Левада-центр” изилдөө агенттигинин сурамжылоолору боюнча, орус калкында мамлекеттик бюрократиялык машинанын репрессиясынан коркуу сезимдери жогорулап баштаган. Коркуулар жөнүндө суралганда, “өзүм” жана “жакындарымдын ооруп калуусунан корком” дегенден кийин эле, “согуштан”, “репрессиядан” жана “мамлекеттик алешемдиктен” деген сыяктуу саясий коркуулар биринчи бештикти ээлеп алган. Орусиялыктар 2021-жылды ушул маанайда узатышкан.

Изилдөөгө катышкан респонденттердин “согуштан коркуу” сезими туура экени билинди, башка саясий коркуулары да турмушка ашып жаткансыйт. Бул коркуулардын ишке ашуусу орус бийлигинин рейтингине эки анжы (формалдуу жана чыныгы) таасир бере баштады. Ушул күндөрү, 70%ы загранпаспорт алайын деп ойлонбогон, орус калкы бул абалга адаптация болуу аракетине өттү. Ошондуктан, бирин-серин эле нааразычылык актылары болбосо, калганы орус импердик желегинин алдына чогулгандай абалда.

Батыштын санкцияларынан кийин эч жакка кете албаган мамлекеттик аппараттын мүчөлөрү сыртынан болсо да жогорку бийлигин колдоп, консолидация болду. Калктын калың катмары да аргасыздан аткаминерлерин ээрчип бара жатат, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар чакан тайпалар болсо, массалык түрдө кача башташты.

Ошондуктан Владимир Путин менен анын жанындагы саясий элита, бийлигин сактап калуунун жана рейтингин көтөрүүнүн рационалдуу жолунда кетип бара жатат десек болот.

Таалайбек Маматов