Ажо болуп шайлангандагы болгон биринчи таанышуу чакырууларын эске албаганда, Садыр Жапаровду эч ким чакырбайт да жана ага эч ким келбейт да. Ошондуктан ал ар кандай эл аралык платформаларды колдонуп, бара калып сүрөткө түшүп, ошону ПИАР кылуу адатына өтүп алды. Мисалы, былтыр климат боюнча саммитке (Англия) бюджеттик акчаны коротуп барып, Ангела Меркель, Борис Жонсон сыяктуулар менен сүрөткө түшө калып, тарых музейине чейин илдирип катуу мактанганы бар.

Жыл башында “силер башка президенттер келбейт деп айта бересиңер, быйыл толтура президент визит кылып келет, көрөсүңөр” деген. Токаев эле келди, башка расмий визит менен келгени болгон жок. Ушул эле түрк президенти Тайып Эрдоган расмий визит менен июнда келиш керек эле, бирок келбей койгон.

Эми, өзү көчмөндөр оюнун шылтоолоп, бара калганы мени кызыктырып жатат.

Былтыр Түркияга Орхан Инадыны белек кылып барганы баарыбыздын эсибизде. Белек кылып бергенин Эрдоганга таандык “Сабах” газетасы жазып чыккан. Быйыл Түркияга визит кылар алдында Алмаз Бейшеналиевди “өзгөчө шоу” (видеонун тез чыгышы, көчөөдөгү камералардан алынган кадрлар) менен камашы, садага чалып, ошону белек кылып бардыбы деген ой келди. Анткени, түрк өкмөтүнүн “Сапат” лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү бийликте отурат деп критикалап, кепке келбей жүргөнү бар.

“Владимир Путин менен мамилеси начар, Путин даярдап жатат бул кадрды, мына келет”, – делип ачык айтылып жатканы, Путиндин Кыргызстандагы бийликти алмаштырууга кирише баштагандагысы, ички саясат болсо абдан оор болуп турганда:

– Баткен окуялары;

– Өзбекстан менен чек ара келишими, өтүп кеткен Кемпир-Абад;

– ийгиликсиз парламент;

– доссекретардын дардаңбай саясаты, парламентке көтөрүп келген 2 куту автоматы;

– активисттерге болгон чабуул, сөз эркиндигин басмырлоо;

– уурулар менен күрөштүн уурулардын пайдасына чечилип аткандагысы;

– экономикалык оорчулуктар;

– сыртка агып жаткан мигранттар;

– Жапровдун ишке ашпаган, толгон токой убадалары;

– начар кадрдык саясат ж.б.

Жапаров Эрдоганга “жаңы белек” менен, көчмөндөр оюнун себеп кылып бара калганынан улам, Эрдогандан Путинге каршы колдоо издеп барды деген ой келип жатат. Баягы эле, бийлик сактап калуу далалаты.

Соодалашуу кандай болгонун убакыт көрсөтөт, бирок колдоого абдан муктаж болуп турган Садыр Жапаров, “Сапатка” куугунтук баштаса, анысы Эрдогандын колдоо көрсөтүүгө макул болгондугунан ишарат берет.

Тилекке каршы, Эрдоган да Жапаровду сыйлабайт. Ага чоң мисал, Эрдоганчыл газетанын “Жапаров Орхан Инадыны белек кылып берди” деп жазып чыкканы. Ал убакта, биздин бийлик эч нерсе билбээрин, издеп жатышканын айтып турушкан. Б.а. түрк бийлиги кыргыз бийлигинин калпын чыгарган.

Быйыл да өз максатына жетип туруп, кидать этип койушу толук ыктымал…

Ушундан улам, Жапаров далбастап колдоону сырттан издебей, элден издесе жакшы болмок…

Нурбек Мухтар