Адам баласы үчүн кенебестиктен өткөн мүшкүл жок. Кайдыгерликчелик адамзаттын башына балээ болгон мите куртту көрбөдүм. Ушундан улам Алла Таала бизди кайдыгер кылбай, жан дүйнөбүзгө ушундай бир санаа отун салсын дейсиң, анын күйүтүнөн ыйман келтирбеген, туура жолдон адашкан, окубаган, билбеген кишилердин абалын өз абалыбыздай түшүнүп, өзүбүз адашып жүргөндөй сыздайлы

     Баса, муну туура эмес түшүнүп албагыла! Бул “жасалма күйүткө баткыла, же башыңарды атайылап балээге салып кайгыргыла» дегенди билдирбейт. Тескерисинче, ыймандын кубаты, руханияттын кеңдиги, жан дүйнөнүн байлыгы менен бүтүндөй адамзатты кучагына алган көөдөндүн күйүтүн, санаасын айтып жатам. Бул мал-мүлктүн кайгысы, айрылуунун күйүтү же ажыроонун санаасы эмес. Жүрөктүн түпкүрүнөн, рухтун тереңдигинен оргуп чыккан санаанын күйүтү.

     Ооба, «мен санаа тартышым керек» деп эле күйүткө батып калууга болбос. Бул өз алдынча максат кылып, атайын сурап алчу маселе эмес. Тетирисинче, бул ишенимдин жыйынтыгы, ыймандын тубаса натыйжасы. Тиги дүйнөнүн биз үчүн канчалык маанилүү экенин аңдоого байланыштуу маселе. Алла менен байланышы бекем, ыймандын жогорку баскычтарына (якын) жеткен киши бардык макулукка ушундай мээрим төгүп калат дейсиң, ал тургай сууда агып бараткан кумурсканы көргөндө да жүрөгү дикилдей согуп, жан дүйнөсү сыздайт. Жаза тайып тебелеп алган курт үчүн кудум өзү тепсендиде калгандай жаны кейийт. Эми жан-жаныбарлар үчүн ушунча мээрим төккөн момундун тозокко түшчү кишилер үчүн кандай кайгыга батарын өзүңөр бир ойлонуп көргүлөчү. 

     Ыйман каатчылыгына тушуккан, Аллага өлмөсөк болуп араң-араң байланып, убактылуу мусулманчылыкта жашагандардын муну түшүнүүсү өтө кыйын. Мындай кишилер кутула алышпайбы? Албетте, кутулушу мүмкүн. Алла Таала бизге окшоп ээрчиме ыймандын чеңгээлинен кутула албаган, санаасыз, күйүтсүз немелерди да бейишке киргизиши мүмкүн. Бул башка маселе. Биз жетик (кемел) инсан болуу, нак ыйманга жетүү жана ушунун баары күйүттүн жолу болору тууралуу  айтып жатабыз. Мына, ушул жагынан алганда санаа тартуу Аллага чын жүрөктөн ишенүүнүн, ак ниет жашоонун көрүнүшү.

     Кээде ушундай учурлар болот, санаа тартуу белгилүү бир деңгээлдеги кишилер үчүн жагымдуу лаззатка айланып, киши тарткан санаасынан руханий ырахат ала баштайт. Бирок мусулман кишинин жашоосу мындай лаззатка байланбашы керек. Бадиуззаман устат Аллага жана Анын сыпаттарына ишенүү, Аллага Куранда айтылгандай ынануу, Алланы сүйүү жана руханий жыргалчылык сыяктуу тизмени айтып кеткен. Сыртынан караганда руханий жыргалчылык сөзсүз жетиле турган мара катары көрсөтүлгөндөй сезилиши мүмкүн. Болбосо, киши белгилүү бир даражадан кийин туюу сезимдери (көрүү, угуу, татуу, жыттоо, сезүү) менен ички дүйнөсүндө (акыл, жүрөк, рух, жан дүйнө, сезимдер) руханий жыргалчылыкка жетсе да, кулчулугун да, санаа тартуусун да мындай ырахатка байлабашы керек. Ыйман, кулчулук, Алланын улуулугун даңктоо жана сыпаттарын таануу, Аны сүйүү, Алла Тааланын акысы жана биздин милдетибиз экенин туюнткан түшүнүк менен жашап, буларды эч кандай материалдык жана руханий сыйлыктар менен байланыштырбоо зарыл. Себеби, бул Аллага доомат коюуну билдирип калышы мүмкүн болуп, ушундан улам өтө кылдат каралчу маселе.

     Сахабаны Алла жолунда тыным алдырбай чуркаткан нерсе – алардын ушул күйүтү, Алла Тааланын улуулугун даңазалаган ой-пикирлери эле. Абу Аййуб ал-Ансари (р.а.) санаа тартпоо менен бейкапар жашоо өлүмдүн бир түрү экенин билгени үчүн ошончо жашына карабай Стамбулдун кыйырына чейин барган. Дагы канчасы өздөрүн улоосунун үстүнө байлатып алып жихадга чыкпады дейсиң. Себеби аларда Жараткандын атын ааламга жайылтуудан өткөн максат болгон эмес. Алланын Элчисинен (с.а.в.) ушуну көрүп, ушуну үйрөнүшкөн. Андан мураска алып калган түшүнүк жана философияны жашоосунун акырына чейин колдонууну каалашкан. Мындай жолдо башка түшкөн кыйынчылыктар, машакаттар, тартылган санаалар өздөрүнө башка жолдор аркылуу кайтып келерине ынанышкан. Бекем ишенип, иштин акыйкатын илгиртпей түшүнүп, Куран менен Сүннөттүн кабарларынын түпкүрүнө чейин сүңгүп, Алла сүйүүсүнө жык толгон өмүр сүрүшкөн жана дайыма аркы дүйнөгө даяр жашашкан.

     Биз деле Куран окуйбуз, китептерди талкуулайбыз, устаздардын насаатын угабыз, бирок, канча кылсак да кутман сахабалардын күүсүнө жетпей келебиз. Балким алар китепканаларыбызды көрсө «Алланы таануу үчүн ушунча көп сөз керек бекен?!» деп күлүшмөктүр. Ооба, алар өтө бекем ишенишкен. Ишенимдери ошончо бекем болгондуктан биз дөбө-дөбө болуп жыйылган китептер менен чече албаган маселелерди чечишкен. Тамга тааныбаган сабатсыздыктан укмуштуудай илимдүүлүккө секирген коом алардан башка эч бир доордо болбосо керек. Караңгы коомдон чыгып Пайгамбарыбыздын артынан орун алышкан соң, өздөрүн таап, өздөрүн угуп, өзүлөрүн окуп, илим-билим жана сүйүү жаатында типтик жогорулап отуруп аркы ааламдарды даана көрүшкөн жана ошол көркөм дүйнөгө өздөрү да тезирээк жетип, башкаларга да жол көргөзүү үчүн колдорунан келгенин кылышкан. Бүгүн алардын жашоосунун ондон бирин да башыбыздан өткөрбөгөнүбүз үчүн, алардын тарткан азаптарын, санаасын, түйшүгүн, ал тургай руханий ырахатын да элестете албайбыз.

     Бизде көп сүйлөө, кайсы тема болбосун билерман болуп бежирей берүү өтө көп! Сүйлөөгө келгенде өзүбүздү кармай албай калабыз. Демагогия менен кимдин болсо да жаагын жабабыз. Бирок көбүнчө өзүбүз жөнүндө эле сүйлөй беребиз. Кокус сахабалар биздин бул жоругубузду көрүп калса, «Шумдугуң кур, оой! Булар эмнени эле бажырап атышат?! Ушул кепти да ушунча созсо болобу? Алла гана түбөлүк, калганы бүт бүдөмүк эмеспи», – деп бизге таң калышмак. Эгер андай эле аларды өзүбүз менен салыштыргыбыз келсе, анда таразанын бир табагында жер менен жер болгон таалайсыздар, бир табагында көккө көкөлөгөн нурдуу заттар деп сүрөттөсөк жарашмак.

     Алланын мээриминен үмүтүм өтө чоң болгондуктан, өзүм да бейишке кирем го деген үмүт менен жашап келем. Өзүм тууралуу ушундай илгери үмүтүм болгон соң, башкалар үчүн мындан да артыгын ойлоп, «Кылынган амалдардын сапатына жараша ачылган бейиштин сегиз каалгасы бар. Бирөөнөн кире албасак, башкасынан кирербиз», – дейм. Бирок ушул кебетебиз менен бизди ал жерге киргизишеби, жокпу, буга анчалык ишене албайм. 

     Эч кимди жерип, тил тийгизгенге акыбыз жок. Ар ким өзүн билиши керек. Өмүрүмдө канча ирет үммөтүн абалы үчүн түн ичинде башымды жайнамазга коюп бир саат ыйладым? Кишилерди ыйманга чакыруудагы аракетим канчалык?… Ар ким өзүнө ушундай суроолорду сурап, абалын ушулар менен өлчөсө болот. Мында эч кандай апыртуу жок. Чынында кишинин ыйманы канчалык бышып жетилгени, анын жаратылгандарга көргөзгөн мээрими менен өлчөнөт. Бул башкаларды Алланы карай жетелөөсү, Пайгамбарыбызды таанытуу жаатындагы аракети, чечкиндүүлүгү, эмгеги, дилгирлиги жана санаасы канчалык терең болсо, адамгерчилиги да ошончолук терең дегендик. Баам-парасаттуу кишилер силерди караганда ушул өңүттөн баа берет. Силер өзүңөрдү кандай көрсөтүп, кандай ийгиликтерди багынтып, канчалаган мектептерди ачсаңар да, чыныгы деңгээлиңерди аныктай турган фактор бул ыйманыңар, Алла менен болгон байланышыңар жана ушуларга байланыштуу пайда болгон жаратылгандарга төккөн мээримиңер, санааңар, күйүтүңөр жана дилгирлигиңер. 

     Куран Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үммөтү үчүн тарткан санаасын «Бул сөзгө ишенбей жатышат деп кайгырып жатып өзүңдү жок кылып жибергиң келет!» (Кахф сүрөсү, 18/6), – деген сөздөрү менен сыпаттайт. Ошондой эле Пайгамбарыбыз: «Сага буйрук кылынгандай туура жүр» (Худ сүрөсү, 11/112), – деген аятты ишарат кылып,  «Худ сүрөсү чачымды агартты» (Тирмизи, тафсиру сура 56 (6)), – деген. Бактылуулук доорундагы (Асры Саадат) Ислам дининин ушунчалык тез тароосунун артында эң биринчи кезекте Пайгамбарыбыздын, андан соң Анын ар бир кадамын жазбай эрчиген кутман сахабалардын күйүтү, санаасы, мусулмандык жашоосу турат.

     Мына ушул себептен кишинин Алла Таала менен байланышы, ыйманы, Кудайдын улуулугун жана улуу акыйкаттарды жеткирүү багытындагы дилгирлиги, тарткан санаасы, күйгөн күйүтү канча болсо, айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасири менен себепкер боло турган чөйрөсү да ошончолук кеңейет десек болот. Маселе барып-барып бышып жетилген ыйманга, анык ыкласка, такыбалыктын эң жогорку баскычына, Алланы таанууга жана сүйүүдөгү тереңдикке, Ага жетүүдөгү арзуунун бекемдигине такалат. Ушул жагынан канчалык тереңдесеңер, пайда кылган толкунуңар да ошончолук күчтүү болуп, дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин тарайт.
***
Бул макала Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 22-ноябрындагы баянынан алынып, даярдалды.

Которгон: Тойчубек Сагындыков

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев