Түркияда былтыртан бери бир феномен пайда болду. Криминал дүйнөсүнүн иерархиясынын эң күчтүү үч кишисинин бири – Седат Пекер деген вор өлкөдөн сыртка чыгып кетип, президенти Тайып Эрдоганга жакын кишилердин бетин ачып баштаган. Ютубдагы видеолорун миллиондогон киши көрүп, учурда Твиттердеги жазууларын жүз миңдеген киши окуп жаткан кез
Азыр ал Тайып Эрдоганды да тикелей сайгылап, жүдөтүп кирди. Кримавторитет ажосунун кошелектору, баш кесерлери жана жакындары тууралуу жылдап катып жаткан материалдарын чекесинен чыгарып, Эрдогандын айласын алты кетирүүдө. Эмдиги жылкы президенттик жана парламенттик шайлоого эки ай калганда, абийирин айрандай төгөм деп касам да ичип салды.
Седат Пекердин соцтармактар аркылуу жайып жаткан маалыматтарына комментарий берген түрк саясат жана коом таануучулар вордун аркага кетенчиктеп кетпесин жана коомчулукка Эрдоган тууралуу чын эле өтө кир жана коркунучтуу нерселерди билдирет деп күтүүдө. Себеби, кримавторитет, жаргон менен айтмакчы – ва-банк кетип атат, б.а. өчөгүшкөн саясий оюнга, колунда эмнеси бар болсо баарын, жада калса, өз башын да сайды.
Седат Пекер Тайып Эрдоган тууралуу кандайдыр бир компромат чыгарары менен Эрдоган тарап соцтармактар аркылуу ырчылар, саясатчылар, оппозиция лидерлери тууралуу, алдын ала топтоп койгон, жагымсыз материалдарды таркатып, элдин көңүлүн ошолорго буруу менен алек. Мындай тактика чын эле ишке жарап, компроматтар чыккан кездеги бийик маалыматтык толкунду ортосунан кесип, таасирин бир топ азайтып кетип жатат.
Андан сырткары жылдар бою ар кимдин аркасынан аңдып жыйып койгон, белгилүү кишилердин Эрдогандын өзү, партиясы жана тарапташтары тууралуу ашкере апыртылып айтылган сөздөрүн таркатып, сындаган кишини шаан-шөкөттөп соттоп, капаска тыгып, өздөрүнө жан тарткандарга: “Мына, биз бийликтен кетсек, ушундай жеме жана шылдыңды угуп, куугунтук жейсиңер”, – дегендей пикир таратышууда. Күн санап экономикалык туңгуюкка кептелип бара жаткан өлкөдө Эрдоган жана анын АКП партиясы башка жол менен бийликте калуусу мүмкүн эмес болуп жатат.
Кандай болбосун, жүз миңдеген, миллиондогон киши учурдагы биликти колдоп келет. Себеби эрдоганчыларга жакын болсоң, мээси тартпаса да, атайын даярдалган сынактар аркылуу мамлекеттик кызматтын майлуу жерине бара алышат, аябай жакын болсо, 3-4 жерге жумушка катталып, анда-санда көз көрсөтүп коюп төрт маяна алып жүрө берсе болот. Коррупцияга белчесинен малынса да, тергөө, прокуратура, сот сен тарапта болгон соң кылың да кыйшайып койбойт.
Бирок учурдагы ажо менене бийликти колдогон даканцалар жылдар мурун аларды мазактаган же сүйгөн бийлиги тууралуу компроматтарды ортого төккөн кишиге эмес, чынында, өздөрүн ар шайлоодо же коомдук нааразычылыктарда кум тыгылып, селди тоскон кап катары колдонуп жаткан бийлигин күнөөлөшү керек эле. Анткени, Эрдогандын бийлиги тыгын сыяктуу колдонгон исламий көз-караштан, мусулман түрк жаштары тажап, баарынан үмүт үзүп, топ-тобу менен агностицизм, теизм жана атеизмге кете баштады. Бул бир жагынан караганда, учурдагы бийликтин шайлоочулары күн санап азайып бара жатат дегендик.
Кайра Седат Пекерге кайтсак, анын бийликке каршы чыгарган компроматтарын түрк тергөөсү, прокуратурасы жана соту көрмөксөнгө салып келет. Ошол эле убакта, чыйп этип каршы үн каткан блогер, журналист, коомдук активист жана саясатчыны будалап баса калып, чала-була соттоп, алып барып капаска солоп жатат.
Эрдогандын АКПсынын, кол-бала болуп калган медиасынын, эки тизгин бир чылбырды мыкчып отурган атка минер-эл теберлердин бири да Седат Пекердин компроматтарына “бул жалган” деп айта албай турган кез. Себеби, Пекер жалган же ката сүйлөй албайт. Анткени аны миллиондогон исламчылар аңдып, бир жаңылыш кылса баса калып, тытып кеткенге даяр турат. Ошондуктан жети өлчөнүп бир кесилген нерселерди гана чыгарууга мажбур.
Мындан 20-30 жыл мурун көчөлөргө төгүлүп демократия, сөз-эркиндиги, адам укуктары жана адилеттүүлүктү талап кылган исламчылар андан бери күчкө толуп, саясий жана өкмөттүк макамдардын баарын ээлеген соң, жогорудагы талаптын баарын унутуп, алар жөнүндө эскерткен ар бир оозду скотч менен чаптап, караңгы камераларга тыгуу менен алек.
Себеби, балыктын бийликтеги башы да, мамкызматтагы макамдарды куйтулук менен ээлеп алган жүз миңдеген тулку бою да, ар жерге татыксыз келип алган миллиондогон узун куйругу да сасып саңырсып кетти.
Эрдоган Пекерден өч алуудан башка айласы калбады. Өзүнө, бала-чакасына жана жакындарына колу жетпей калгандыктан, анын тээ илгери салынган, атасынан калган үйүн “туура эмес жерге салынып калыптыр” деп улутташтырып тынды. Өчүн ала албай калган кишинин жоо таркаган соң кылычын бокко чапкан сыякуу айла…
Жансакта Сарбашов