Бардык абалда жана жагдайларда ыймандын, ак ниеттин, ыкластын, термелбес ишенимдин жана Жаратканга ыраазычылыктын каарманы болууга умтулушубуз керек. Ушундай өзгөчөлүктөр аркылуу жашообуздун ар бир көз ирмемин көрккө бөлөйлү. Бул биздин жан үрөп умтулган негизги максатыбыз, көздөгөн зарыл ишибиз болууга тийиш. Ар бир иш-аракетибиз Улуу Алланын ыраачылыгына төп келсе экен деп, көп дуба кылып, жалбарышыбыз зарыл. Анын ыраазычылыгына төп келбеген эч нерсеге жол бербөөгө тийишпиз. Мисал үчүн башкаларды жаннатка баштап барууда, Фирдаус бейишинин дарбазасын ачууда Алланын ыраазылыгы болбосо, анда аны да максат кылбашыбыз керек. Чындыгында бул биздин колубуздан келбей турган маселе болсо да, “мисал үчүн” деп баса белгилөө менен чындыктын маңызын баяндап берүү туура эле болсо керек деп ойлойм.

     Алла Тааланын кылган иштерибизден ыраазы болушу – биздин ар бир ишибизге байланышы бар эң маанилүү маселе. Демек бул дайыма артынан сая түшүүбүз керек болгон башкы максат. Бирок, бул жаатта дайыма эле ийгиликтүү боло бербешибиз да мүмкүн. Биз пенде катары кээде эмоцияга алдырып, жаңылыштык кетиришибиз мүмкүн. Бирок, кетирген жаңылыштыктарыбыз мындай бийик максатка эч качан тоскоол болбошу керек. Мүдүрүлүп жыгылсак да дароо кайра туруп, “Аллахым, ыйман, ак ниет, ыклас жана ыраазычылыгыңды жан-дилден каалайбыз”, – дешибиз керек. Ушул максатты өмүр бою туу тутуп, Алланын ыраазылыгына жетүүнү жападан жалгыз максатыбыз деп билишибиз керек. Жатсак да, турсак да: “Аллахым, Өзүңдү көрүп тургандай кулчулук кылууга, Сенин көзөмөлүңдө турабыз деген ой менен жашоого, Сен каалаган жакка кадам таштоого жардам бере көр! Көз-ачып жумганча болсо да ушул багыттан тайдыра көрбө!” – деп жалбарып тилешибиз керек.

     Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хадисинде ар бир адам баласы ката кетирерин, ката кетиргендердин эң жакшысы тообо кылгандар, б.а., катасынан кайта алгандар экенин айткан. (Тирмизий, Кыяматтын сыпаттары, 49). Кыязы, ар кимдин табиятында аны жаңылыштыкка түртө турган кандайдыр бир “ген” бар сыяктуу. Бирок, улам-улам ката кетирип, күнөөлөргө байма-бай жол берген күндө да кайратыбыздан жазбашыбыз, эч качан туура багытыбыздан тайбашыбыз зарыл. Жаратканга кул болуунун талабы мына ушул. Адам баласы ойлобогон жерден эмоцияга алдырып кемчилик кетириши мүмкүн. Бирок эч качан кайдыгерликке жол бербей, дароо Жараткан Аллага тообо кылып, кечирим сурашы керек. Алла Таала бизди адам кылып жаратып, ошого жараша мүмкүнчүлүк тартуулаган. Мындай мүмкүнчүлүк аркылуу өнүгүп-өсүүгө болот. Башкача айтканда, толук кандуу адам болуу баскычынан көтөрүлүү, андан ары да «кынтыксыз адам болуунун» туу чокусуна чыгуу (себеп-натыйжа планында) биздин эркибизге, күч-аракетибизге, сергектигибизге жана дымагыбызга байланыштуу. 

     Биз жалпы адамзат катары оор мезгилди баштан кечирип атабыз. Обу жок иштер менен күнөөлөргө алып бара турган жолдор ээн-эркин ачылып турат. Шайтан болсо тынымсыз иштеп жатат. Ал эптеп бутубузду тайдырып, бизди Жараткандан алыстатыш үчүн жанталаша аракет кылууда. Алланын жолуна чакырган үндөр үзүл-кесил, араң эле угулат. Жалганды көздөй жол баштагандар көбөйүп кеткен, болгондо да тим эле чынчыл кейпинде. Башы адашып, айласы куругандар арбын. Коогалаңдар менен чыр-чатактардын басылчу түрү жок. Көр дүйнөгө берилип, утурумдук жашоо кызыгына баткандар толуп кетти. Ушунчалык башаламандыкта адам жан дүйнөсү ойгоо, аң-сезими тунук жана акылы сергек калыбында аракеттениши жана Алланын ыраазычылыгынын чыйрынан чыгып кетпеши абдан эле кыйын.

     Жооп кайтарчу болсоңуз…

     Айрыкча, мындай абалда калайыкты ыйман жолуна баштоону башкы максат кылган пенделер чоң сыноого кабылышат. Анткени ыймансыз душмандардын тынымсыз чабуулдары да, достордун ишенимсиздиги менен көралбастыгы да токтоосуз улана берет. Ыйман жолундагылар ойго келбеген ар түрдүү кыйынчылыктардын сыноосуна кабылышат. Мындай абалда багыттан жазбай туура кадам таштоо абдан маанилүү. Шайтан андай кишилерди жөн койбойт. Бедиуззаман устат айткандай, «Маанилүү, чоң жакшы иштердин алдында көптөгөн залалдуу тоскоолдуктар болот. Шайтандар андай ишке аттангандарды жөн койбойт». (Бедиуззаман , Лемалар, 200-бет) Мисалы, шайтан башкалардын жамандыгына, чабуулуна туш болгондорду: «Силер деле өзүнө жараша жооп кайтаргыла да. Алар эмнени кылса, силер деле ошону кылгыла. Мындай адилетсиздикке үндөбөй тура бересиңерби?!» деп козутат. Эгерде алар эмоцияга алдырып, шайтандын мындай азгырыгына көнүп беришсе, ийгиликке жетчү жерде деле жоготууга учурашат.

     Чындыгында, бүгүнкү күнгө чейин кимдир бирөөлөр кайталап айтууга да ооз барбаган нерселерди сүйлөп келди. Оозунан чыкпаган жаман сөзү, жаппаган жалаасы, айтпаган жалганы калган жок. Сөздүктөрдө да кездешпеген акаараттарды айтып, каргыштарды жаадырышты. Ойго келбеген орой, адепсиз сөздөрдүн түрүн айтып чыгышты. Сөз менен гана чектелбей, ар кандай куугунтуктар менен ырайымсыздыктарды да жасашты. Өз ыктыяры менен иш кылып келгендерди күнөөлүү деп жарыялап, бардык кылмыштар менен күнөөлөрдү алардын мойнуна артууга аракет кылышты. Жаппаган жаалалары калбай калганда, акылга сыйгыс айыптарды коюшту. Кийинки кездерде канча кылмыш жасалган болсо, ошонун баарын өздөрү бутага алган топтун мойнуна жүктөп туруп, өздөрүн актап кутулуп кетүүгө аракет кылышты. Алардын жалаасынын жанында Амнофистин азирети Мусага айткандары жеңил эле болуп калат. Ленин да, Сталин да, башка диктаторлор да элди мынчалык сөгүп, кемсинтпесе керек.

     Эмне демек элек, ар ким өзүнүн мүнөзүнө жараша иш кылат. Кээ бирөө ичине сактаган кектин ачуусун чыгарып, өч алуу сезими менен аракет кылышы, ырайымсыздык менен мерездикке барышы мүмкүн. Бирок башкалар кокосуна дейре күнөөгө батканын көрүп туруп, сен андай күнөө кыла албайсың. Башкалар сага оозго алгыс сөздөрдү айтса да, сенин оозуңду булгаганың туура эмес. Ким эмне десе да, эмнелерди жазып чыкса да, биз өзүбүздүн алган тарбиябызга жараша ойлонуп, мүнөзүбүзгө төп нерселерди жазышыбыз керек. Адебибиз менен туура жолубузду бузууга жол бербешибиз керек. Буларды ар-намысыбыз менен кадыр-баркыбызды коргогондой коргоого тийишпиз. Башкалар бул жаатта жоопкерчиликсиз болушу мүмкүн. Ага биздин эч тиешебиз жок. Анткени, Куранда айтылгандай, эч ким башка бирөө үчүн жоопкерчилик тартпайт. (Караңыз: Анаам Сүрөсү, 6/164; Исра Сүрөсү, 17/15; Фатыр Сүрөсү, 35/18; Зумар Сүрөсү, 39/7) Ар ким акыретке өз күнөөсү менен кетет. Ошондой эле, Куранда айтылгандай, биз өзүбүздү көзөмөлдөөгө тийишпиз. Биз Туура жолдо болсок эле, адашкандар бизге залал келтире алышпайт. (Караңыз: Маида Сүрөсү, 5/105).

     Оройлордун сөзүнө сынба

     Эмне болгон күндө да, биз эч качан калыстыктан тайбай, таамай иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Башкалардын зөөкүрлүгү менен жамандыгына туш болгонубузда да эмоциябызды туура башкарып, Жараткандын ыраазычылыгына төп келбеген сөздөрдөн, иш-аракеттерден алыс болушубуз зарыл. Бизге каршы айтылган сөздөрдү Алла Таала биздин рухубузга, жан дүйнөбүзгө жайгаштырган моралдык ферменттер менен эритип жок кылышыбыз керек. Биз дуушар болгон мындай терс көрүнүштөр бизди өз чыйырыбыздан чыгарып жибербеши керек. Ыйман, ыклас жана ак ниеттүүлук менен эч айкалышпаган ар кандай жүрүм-турумдан алыс болушубуз зарыл. Өз позициябызды туура карманып, баалуулуктарыбызды татыктуу сактай алсак эле шылуундардын күн сайын коомдук абийирдин алдына жайгысы келген товарлары өтпөй калат. Анткени ал эч нерсеге жарабайт.

Алвар Имамы мындай деген:

Дербиштердин асыл сөзүн тыңдагын:
“Оройлордун айтканына сынбагын!
Өз баркыңды кетиргениң эмеспи?
Орой сөзгө көңүлүңдү бурганың”.

     Башкалар орой сөздөрүн айта беришсин. Биз орой сөз айтпаганга, ал тургай, колдон келишинче сынбаганга, өз көңүлүбүздү оорутпаганга аракет кылышыбыз керек. Анткени биз бул утурумдук жашоонун кызыкчылыктарын көздөгөн жерибиз жок. Көр дүйнөдөн бир нерсе  күткөндөр, жеткен мартабасына алымсынбай, дайыма дагы чоңураак орунга умтула бергендер  көздөгөн максатына жетиш үчүн ар кандай арсыздыкка барышы мүмкүн. Жетем деген максаттарына тоскоол болот деп ойлогон кишилерге карата ар кандай жамандыктарды жасашы мүмкүн. Бирок, Алланын ыраазылыгынан башка эч нерсени ойлобогон, Алланын динин бийик көтөрүүнү көздөп, Пайгамбардын улук ысмын төгөрөктүн төрт бурчуна жеткиришти максат кылган, ушул ыйык жолго өздөрүн арнаган инсандар эч качан жогорудагылардай болбойт.

     Буга чейин деле ар кандай учурларга байланыштуу айтып жүргөнүмдөй, илгертен бери мага каршы ар кандай сөздөрдү жазып келген кишилерди кечиргем. Жанымда чогуу жүргөндөрдү да буга күбө туткам. Бизге жасабаган жамандыгы калбаган залимдер акыретте башкалардын күнөөлөрүн артынып, оор кылмыштарын көтөрө албай кысталганын көрсөм да ага жүрөгүм чыдабайт. Ошондуктан алардан алчу акымды да кечирип жиберем. Ал эми Аллага таандык, же дагы башкаларга таандык акыларды кечирүү биздин колубуздан келбейт. Кимдин акысы болсо, ошол гана кечире алат.

     Ооба, биздин бирден-бир максатыбыз – жүрөктөрдүн төрүнөн орун алган улуу Пайгамбардын асыл жолун кайрадан ар бир жүрөккө туташтыруу. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) тээ башта эле жүрөктөрдүн Султаны катары жаратылган. Аны бардык жүрөктөргө жеткирүү биздин негизги милдетибиз. Эгерде биз мындан башка максаттарга умтулсак, кайсы бир жерде жарыбаган жетекчи бололу, депутат бололу, же бийликке жетели дегендей ойлорубуз болсо, анда өзүбүз да сезбей Алладан алыстайбыз. Биздин туткан жолубуз андайга эч төп келбейт. Бирок биз Алланын жолунда жүрө берсек, Алла Таала Өз жолунда жүргөндөрдү шерменде кылбайт деп бекем ишенишибиз керек.

     Албетте, бул ыйык жолдун жүргүнчүлөрү да бороон-чапкынга, цунамилерге дуушар болушу мүмкүн. Анткени бул жолго түшкөндөрдүн жазмышында балээлер, кырсыктар сөзсүз боло келген нерсе. Андай болорун билип туруп ушул жолго түшкөн болсоңор, анда чыдашыңар керек. Кээде Фараон менен Намруд сыяктуулардан, кээде дин душмандарынан, кээде мунафыктардан, кээде болсо силер менен чогуу бир кыбыланы карап, бирдей эле саждага жыгылган, же ошол сыяктуу көрүнгөндөрдөн азап чегесиңер. Жамандык көрүү силердин жазмышыңар болсо, жамандык кылуу алардын адаты.

     Биз Аллага убада бердик, эч качан артка кайтпайбыз. Кокус, күндөрдүн биринде артка кайтчу болсок Алла жаныбызды алсын. Мунун баарын билип туруп ушул жолдо жүргөн болсоңор, анда кандай күнгө кабылсаңар да кыңк этпей чыдашыңар керек. Анткени сабырдуулук – ийгиликтин укмуштуу ачкычы.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2014 -жылдын 4 -августундагы баянынан алынды.

Которгон: Алмамбет Осмон уулу

Редактор: Насыпбек Асанбаев