Азирети Бедиуззаман китептеринде ыйман жана Куран кызматын аркалаган азаматтар бири-бирине кылган мамилесинде “тафааний сырына” карманышы керектигин баса белгилейт. Ал тафаанийди бири-бири үчүн баарына даяр туруу, өзүнүн жыргалчылыктарын унутуп, жан дүйнөсүндө боордошторунун жетишкендиктерин, жакшылыктарын ойлоп жашоосу деп түшүндүрөт. (Бедиуззаман, Лемалар, 204-бет) Бир аз кененирээк айта турган болсок, тафааний − бири-бирибизге муктаж экенибизди сезүү, бир туугандарыбыз жеткен ийгиликтерге кубануу, учуру келгенде аларды өзүбүздөн артык көрүү. Мындай ой, мындай түшүнүк Ислам дини буйруган диний боордоштуктун абдан жогорку деңгээли болуп саналат. Мындай ойдо болгон кишилер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, бир имараттын кыштарындай бекем кыналып, бири-бирин кулап кетүүдөн сактайт. 

     Кураны Карим бул биримдикти төмөндөгүдөй сүрөттөйт: اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِهِ صَفًّا كَأَنَّهُمْ بُنْيَانٌ مَرْصُوصٌ  “Алла Өз жолунда таштары бири-бирине кыналган имараттай катарлаша туруп салгылашкандарды жакшы көрөт” (Сафф, 61/4)

     Сахихайнда (Бухари-Муслим) келген бир хадисинде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айткан: الْمُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِ كالْبُنْيانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا “Момундун башка момун менен байланышы бир имараттын таштарына окшош, бири-бирин колдоп, кубаттап турушат”. (Бухари, Салаат 88; Мазалим 5; Муслим, Бирр 65)

     Ооба, мындай бекем биримдик чоң күчкө айланат. Ийин тирешип ынтымакташа иш кылган кишилер жеке мүмкүнчүлүгүнө караганда өтө чоң ийгиликтерге жетишет. Буга салыштырмалуу өз алдынча жүргөн, башкаларга көңүл бурбай өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бир нерсе кылууга аракет кылган кишилер белгилүү бир деңгээлде ийгиликке жеткени менен, анысы көпкө узабайт жана анчалык таасирдүү боло бербейт. Мына ушундай жөндөмдүү кишилер башкалар менен биригип, өздөрүндөгү шыкты, жөндөмдү, күч-кубатты, мүмкүнчүлүктү бириктирсе жана бир максатка умтулса канчалаган тоскоолдуктарды жарып өтүп, канчалаган аска-зоолорду ашып өтүшү мүмкүн. Тарых барактары мунун мисалдарына толо эмеспи.  

     Мындай биримдик бизди моралдык жактан да чыйралтып, кулап калбай, чачырап кетпей келечекке кадам коюшубузга өбөлгө болот жана башкаларды да өзүнө тарткан тартылуу күчүнө айланат. Көп кишинин бирдей ойдо, бирдей максатта жүрүшү башкалардын да көңүлүн буруп, айрыкча көпчүлүктүн шары менен жүргөн кишилерди өзүнө тартат. 

     Эң негизгиси, мындай биримдик аятта баяндалгандай, Алланын сүйүүсүн, Алланын сүйүүсү болсо Алланын колдоосун алып келет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде: “Алланын ырайымы менен колдоосу жамаатта” деп айткан. (Тирмизи, Фитан 7; Насаи, Тахрим 6) Эгер Алла Таала бере турган жардамын, колдоосун биздин ынтымагыбызга байланыштырып жаткан болсо, а биз андай ынтымакта боло албасак, анда ал жардамдан куру калганыбыз ошол. Ынтымакта болсок гана Алланын колдоосу бизди кучагына алат. Ошондой эле Анын колдоосуна жеткендерге эч ким зыян келтире албайт. Алар бардык тоскоолдуктарга карабай, Алланын колдоосу менен токтоосуз максаттарына жетет. 

     Маселенин башка өңүтү да бар. Кээ бир аяттар ишарат кылып, кээ бир хадистерде ачык айтылганы боюнча, Мухаммеддин үммөтү туура эмес иш үчүн бирикпейт. Диний өкүмдөрдү тактоодо көпчүлүк аалымдардын пикирин далил катары кабыл алуунун бир себеби да ушул. Ошондой эле, “кеңешүү” Куранда момундардын эң негизги сыпаттарынын бири катары көрсөтүлүшүндө да ушул маани жатат. Анткени маселелерди биргелешип кеңеш менен чечкендер жеке чечкендерге караганда алдаганча аз жаңылышы ыктымал. Кээде бир кишинин пикиринен жүздөгөн киши пайдаланат. Топтогу ар бир мүчө ортодогу маселеге өз маалыматына, жөндөмүнө жараша салымын кошот. 

     Көздөгөн максаттарына жетүү − бир имараттын кыштарындай бири-бирине кыналып, жамааттык сезимге толгон топко Алланын өзгөчө тартуусу болушу мүмкүн. Тагырак айтканда, биримдик менен иш кылгандарга Алла өзгөчө мээримин, колдоосун көрсөтүп, ийгиликке жеткирип, ар кандай адашуудан, чоң-чоң катачылыктардан сактайт. 

     Ал эми өз алдымча жүрөм, өз алдымча иш кылам дегендер көп жаңылыштыктарга туш болот. Андайлар канчалык гений болсо да, натыйжа өзгөрбөйт. Анткени ал канчалык зээндүү, канчалык билимдүү болбосун,  анын илими, акыл-эси баары бир жалгыз кишинин илими жана акыл-эси бойдон калат. Алдында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгын майда-баратына чейин дайыма эле байкай бербейт. Анан калса алар чыгарган чечимдеринде, тандоолорунда напсилеринин, жеке каалоолорунун таасирине моюн сунуп калышы мүмкүн. Мына ошондуктан ишене турган болсок, өзүн укмуш сезгендердин пикирлерине, укмуштуудай долбоорлоруна эмес, бир максаттын айланасында бириккендердин кеңешүү менен жеткен натыйжаларына ишенели. 

     Сөздү тафаанийден, биримдиктен, боордоштуктан баштаган элек. Дин үчүн, Куран үчүн, эл-жер үчүн кылынган кызматтарда ийгиликке жетүүдө булар өтө маанилүү сапаттар, өтө маанилүү эрежелер. Бирок мындай биримдиктин, мынчалык бекем боордоштуктун пайда болушу жана анын арты менен келе турган ынтымактын сакталып калышы да оңой эмес, карууну казык, башты токмок кылгыдай күч-аракетти талап кылат. Ага жетүү үчүн боордош болчу кишилер салмактуу таалим-тарбия көрүшү керек. Абайлабаса акырындык менен ортого көрө албастык, кызганыч, текеберлик аралашып, пикир келишпестиктер, бөлүнүп-жарылуулар пайда болушу мүмкүн. Кандайдыр бир пайданы, же бир чоң кызматты каалагандар тымызын көздөгөн максатына жетүү үчүн элге көрүнүп калууга, билинип калууга, өзүн көрсөтүүгө аракет кылышы ыктымал. Жеткен ийгиликтерине элдин көңүлүн буруу менен өзгөчөлөнүүгө умтулушу мүмкүн. Мындайлар акыреттен кабары жоктордун арасында көп кездешкендей эле, ыйманга, Куранга кызмат кылам дегендердин арасында да кездеше берет. Мени эң көп ойлонткон маселелер ушулар. 

     Момун пенде өзүнүн артыкчылыктарын жашырып, башкалардын эң кичинекей ишин көрсө да алкаганды, баалаганды билиши керек. Өзүнө каалаган, өзүнө жаккан жерге өзүн эмес, башкаларды сунуштасын, материалдык жана руханий бийиктиктерди дайыма өзүнө эмес, боордошуна бергенди билсин.  

     Көрө албастыктан, анын артынан келе турган жек көрүү, өчөшүү сыяктуу душмандыктардан сактануу үчүн эч кимди кызганычка түртпөй, өзүбүздүн артыкчылыктарыбызды, жөндөмүбүздү көрсөтүүгө аракет кылбайлы. “Мен ушундай сөз сүйлөдүм эле, баландай дедим эле, түкүндөй деп жаздым эле, баланча ишти кылдым эле”, – деген сыяктуу нерселерди айтканыңызда кай бирөөлөрдүн жүрөктөрүнүн тереңиндеги кызганыч сезимдерин козгошуңар мүмкүн. Анткени силердин өзүңөрдү бир аз алдыга чыгарганыңар башкалардын кыжырын келтирээр. Пенденин өтө талуу, өтө алсыз жери ушул. Ал өзүн алдыга чыгаргысы келгендей эле, башкалардын да алдыга чыгып баратканын жактырбайт. Силер өзүңөр тууралуу айта баштаганда ага ичи тарыбаган, кызгануу сезимдерин ооздуктай алган кишилер өтө аз болот. 

     Бирөөлөрдүн эмгегин баалай билүү, ийгиликтерин айтып мактоого алуу, ушуну менен аларды дагы көбүрөөк жакшы иштерди жасоого үндөө негизги принцибибиз болгондой эле, Алланын алдында эч кимди актап периштеге айлантпоо, мактоону көтөрө албай турган кишилерди мактап-жактап отуруп жонуна көтөрө албай турган жүктү жүктөбөө да негизги принциптерибизден. Бир нерсе тууралуу айтып жатканда аша чаппоо, эч кимге татыктуу баасынан артык баа бербөө жана бардык сөздөрүбүздүн чындыкка дал келишине көңүл буруу… Эгерде динибиз койгон ушул өлчөмдөргө туура келбеген иш кыла турган болсок, анда көздөгөн максатыбыздын тескери натыйжасы менен сокку жешибиз (жазаланышыбыз) мүмкүн. 

     Мусулмандык кулк-мүнөздүн, мусулманча жашоонун маанилүү негиздеринен болгон туура жолду тутунуу – ифрат жана тафриттен (аша чабуудан жана эптекейликтен), ар кандай көбүртүп-жабыртуулардан оолак болуу жана бардык нерсеге өзүнө ылайыктуу өлчөмдө баа берүү, урмат көрсөтүү дегендик. Мына ушул маанидеги “сират-ы мустакимдин” (туура жолдун) жолоочулары бардык нерсени өз орду менен аткарат. Апыртмалардан, кишини көтөрө албай турганчалык мактоодон оолак болгондой эле, кылынган жакшы иштерди да көрүп, ал жакшылыктарга ортомчу болгондорду жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмгө жараша баалаганды да билет. Анткени башкалардын жакшы иштери тууралуу кеп кылуу, аларды мактоо, ыраазылык менен эскерүү жана дубаларыбызда алардын да атын атоо башкалардын баркын билүүнүн көрсөткүчү. Баркын билүү, кылган иштерин баалоо кишини ого бетер жакшылыкка шыктандырып, демине дем, күчүнө күч берет. Булар көралбастыктын алдын-алуу жана боордоштукту сактоо үчүн маанилүү жосундар. 

     Бир жерде Алланын атын даңазалоо жолунда чуркап жүргөн бир тууганыңар бар дейли. Чынында эле баарын кубанта турган жакшы иштерди жасап жүргөн киши болсун. Силер бир ыңгайын таап, анын кылган иштери, жетишкендиктери тууралуу башкаларга айтып бергиле. Ушундай бир айтып бергиле дейсиң, эми бул тууралуу айтып беришимдин деле кереги жок деп калсын. Балким ал өзүнүн кылгандарын элге айтып берейин деп жүргөндүр. Керек болсо баландай жерде баландай айтайын деп ойлонуп да койгондур. Мына ошондойдо силер баарын айтып берип, ага өзүн-өзү мактаганга жол бербей койгула. 

     Азирети Бедиуззаман да ыкластуулуктун талаптарын санап жатып, “боордоштордун өзгөчөлүктөрүнө шүгүр келтирүү катары сыймыктануу” принцибине токтолот. Ооба, кайсы бир артыкчылык тууралуу айтып, аны менен сыймыктангыбыз келсе, анда ал артыкчылык өзүбүздүн артыкчылык эмес, бир туугандарыбыздын артыкчылыктары болсун. Өзүбүз жөнүндө айтуунун ордуна бир туугандарыбыз жөнүндө айталы. Кимдир бирөө алдыга чыгыш керек болсо, ал өзүбүз эмес, боордошубуз болсун. Мындай жосун көралбастыктын алдын алып, өзүбүздү менменсинүүдөн, текебердиктен сактап, ортобуздагы ынтымакты бекемдейт. 

     Буларга көңүл бурбачу болсок, көралбастыкка, менменсинүүгө, жаакташуу менен уруш-талашка каршы бөгөт койо албайбыз. Ортобуздагы биримдикти, боордоштукту сактай албай, ынтымагыбызга, жолдоштугубузга доо кетиребиз. Анда эле тапкан соопторубуздан, кылган иштерибиздин берекесинен ажыраганыбыз ошол. Канчалык жан үрөп, канчалык тытынсак да ишибизде ийгилик болбойт. 


Бул макала 2007-жылдын 21-июнундагы жана 6-августундагы баяндардан алынды

Которгон: Канатбек Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев