Лейлектеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштерди көтөрүп, элди топтоп чыккан эки экс-айыл өкмөт башчы, Кемпир-Абаддын четинен жер берилет дегенде, элди жыйнап чыккан Ынтымак айылынын жаштары, кайра эле Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн стадионуна элди чогултуп, Ташиевди чакырган демилгечилер ж.б бир катар ушул сыяктуу маселенин орток өзгөчөлүгү – жаңы муун.

Байкасаңыздар, демилгечи болгон же уюштуруучулардын көпчүлүгү 30-40 жаштын тегерегиндеги муун. Алды СССРдин перестройка убагында төрөлүп же мектепке барса, калганы баары эгемендиктин балдары.

Биздин ата-энелерибиз СССРде төрөлүп, жашагандыгы үчүн дагы деле ошол мезгилди сагынышат. Бизге “укмуш болчу” деп айтып бергенден тажабайт. Бирок, алар канчалык кооз кылып айтып, бизге таңууласа да, биз ал доорду жашабаганыбыз үчүн, сиңбейт, таасирлентпейт. Мезгил жана жашап жаткан система баары бир өзүнүкүн бербей, азыр Кыргызстанда советтик доордон калган “кой тынч отур”, “жөн эле жүр балам”, “тынч эле жашайлы” деген коркутуучу түшүнүк акырындык менен өз таасирин азайтууда. Эң азында ага баш ийбеген муун пайда болду.

Буга албетте, эгемендүү өлкөдө өсүп жатканыбыздын таасири чоң. Эмне үчүн:

-Ата-энелерибиз “Ленин атабыз, интернационализм” деп окуса, биз көп окшошпосо деле Манастын жети осуятын жаттап, жок дегенде дүйнөдөгү эң чоң эпосубуз бар экенин билип чоңойдук;

-Улуу муун басымдуу бөлүгү орус жазуучуларын окуп чоңойсо, биз Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдорду окудук;

-Мектепте “Ак мөңгүлүү, аска-зоолор талаалар” деп өзүбүздүн гимнди ырдап келе жатабыз;

-Эгемендиктин алгачкы жылдарында 31-августту түшүнүп-түшүнбөй эле КТРден көрүп, бүгүн майрам экен десек, азыр бала-бакчаларда, мектептерде майрамдалып баштады. Жок дегенде статустарыбызга желек менен түшкөн сүрөттөрүбүздү коюп калдык.

Кыскасы санай берсек дагы бир канча мисал чыгат. Башка негативдүү геосаясий таасирлер, тил маселеси ж.б карабай, эгемендүү өлкөдө өскөн муун баары бир эгемендүүлүктүн кадырын жакшыраак сезет окшойт деген пикирдемин.

Ооба, ошол эле Лейлектеги контрабандалык иштерге аралашкандар да көпчүлүгү жаштар, бирок чек арадагы кол салуудан кийин контранбанда менен күрөшүп, элдик кошуундарды түзгөндөр да жаштар болду. Мамлекеттик масштабда алганда да популист, кошоматчылары да бар. Бирок Ковид, жардам ж.б иштерде да ыкчам мобилизация болгондор 20-40 жаш арасындагылар.

Экс-депутат Абдувахап Нурбаевден маек алганымда: “Ар бир коомду кардиналдуу өзгөртүү үчүн калк толугу менен өзгөрбөсө да, 15-20% прогрессивдүү ойлонгон, жигердүү адамдардын тобу өсүп жетилген болсо, ошолор өзгөртүү жасап коет. Менин жеке баамымда, Кыргызстанда азыр ошондой муун 5%ды түзөт. Жакынкы 5-6 жылда бул 15%га жетип калат деп үмүт кылам”, – деп айтты эле.

Эгемендиктин чыныгы баркын билген муун алмашуу өлкөбүздө эртерээк болсо экен.

Орозгүл Арстанова