Жараткан бул дүйнөнү сыноо катары берген экен. Бул кыска сапар кең жана түбөлүктүү жашоого алып барат. Ошондуктан дүйнө жашоосу кыска болгону менен өтө маанилүү. Эң соңку жана натыйжа чыгаруучу сынак болсо – өлүм
Суицид түшүнүгү
Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.
Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу.
Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.
Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат.
Суициддин себептери жана алдын алуу жолдору
Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, – дешет окумуштуулар.
Буга негизги себеп катары мектепте рэкеттик жана абак субмаданиятынын жайылышы, бала тарбиялоонун түркөй аракеттер менен коштолушу, үй-бүлөдө атанын же эненин жоктугу (толук эмес үй-бүлөлөр), суицид чегине келип калган баланын эч кимге кайрыла албашы, мектеп психологдорунун жетишсиздиги жана алардын чылкый материалисттик көз-карашта болушу сыяктуу чиркешкен себептер кирет. Бул себептерге чара катары үйдүн улуулары айрыкча, ата күнүнө балдарына эң кеминде 20 мүнөт убактысын бөлүүсү өтө маанилүү. Балдар үчүн эбегейсиз чоң жана чечилгис болуп көрүнгөн көйгөй чоң адамдын жардамы менен тез эле чечилип, улууларга болгон ишеними менен сүйүүсүн арттырат. Албетте, бул проблемаларды тоготпоо да туура эмес.
Коомдогу жалпы үмүтсүздүк дагы суицидге алып баруучу негизги себептерден болуп саналат. Коомдо жана үй-бүлөдө өкүм сүргөн жалпы депрессивдүү жана агрессивдүү тенденциялар, “биз (биздин мамлекет) эч качан оңолбойбуз”, “булар да болбой калды”, “жалган дүйнөдөн өлүп эле кутулбасаң” сыяктуу сөздөр баладагы жашоого болгон негативдүү көз-караштын калыптанышына алып келет. Бара-бара бала өлүмдү гана туура чечим катары көрө башташы мүмкүн. Ошондуктан тарбия берип жаткан адам Жараткандын табиятка койгон мыйзамдарын жакшы түшүнүшү керек. Мындан сырткары коомдо, мамлекетте жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуш жана тенденциялардын нугунда болуп, баланын курагына, чөйрөсүнө жана интеллектуалдык деңгээлине жараша кеп-кеңештерин бере алышы зарыл. Мектептеги сынактар сыяктуу катаал деп саналган күндөр адам баласынын тагдырында сейрек эле кездешерин, анан калса, алар адамдын мүнөзү курчутуп, акылды курчутарын эскертип туруш керек экенин адистер айтып келишет.
Адистер дагы бир суициддик себеп катары азыркы ата-энелер менен педагогдордун балдарга өтө жогору талап коюусун жана маалыматты “кынтыксыз чагылдыргандыгы” үчүн гана баа алгандыгын белгилешкен. Мындай талап адилетсиз аракеттер менен коштолгондо, тагыраак айтканда, бир балага “көкүрөк күчүк”, башкасына “барынан жогу” катары мамиле кылынганда ого бетер оорлошот. Ушундан улам, биздин министирликтин аталышына бир гана билим берүү эмес, тарбия берүү деген сөз жана маани да кошулуп, мектепте бир гана билим үчүн эмес, тарбия үчүн да баа берүү зарылдыгы туулгандай.
Ыйманга байланыштуу маселелер
Жин-шайтан, албарсты, үйдүн же бир чөлкөмдүн ээси, азыткы, жез тумшук, жалгыз аяк ж.б.у.с. көбүбүз көрбөгөн, бирок далай уккан нерселер азгырып, адамдын жанын кыюуга себеп болушу мүмкүн. Анткени жалпы коомдун адал-арам, туура-натуура, кирлик-тазалык маселесинде толук билим жок. Жакында эле тааныштарыбыздын 1-класстагы уулун адам кебетесиндеги эки жин шифоньердин ичине кирип асылууга азгырган. Үйүңүздүн жанындагы мечитке барсаңыз мындай окуянын далайына күбө болосуз. Бул албетте массалык психоз эмес, адамдарга Жаратканын таануу үчүн сунулган дагы бир себептерден. Эгер бул айтылгандарга ишенбегендер болсо Гогольдун “Диканькадагы хутор кечелери” (Вечера на хуторе близ Диканьки), Островскийдин “Жиндер” (Бесы), Есениндин “Кара киши” (Черный человек), Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” (Мастер и Маргарита) чыгармаларын жана албетте, “Манас” эпосубузду жакшыраак окуп чыксак болот.
Буга статистика дагы бир далил сунат: суициддин 48% белгисиз себептерден улам ишке ашса, дагы 18%ы психологиялык оорулардын айынан жүзөгө ашары айтылып келет. Демек 66% адамдын өз жанын кыюусуна жогоруда айтылган далил толук себеп болушу мүмкүн. Ушундан улам Ушинский айткандай, адамды ар тараптан изилдеп, ошого жараша тарбия берүү туура болчудай. Анткени материалисттик идеология 20-кылымда бурмалоо жолу менен табылып, күч менен таңууланган идеология экени азыр айдан ачык далилденип отурат. Ошондуктан динибиздин негизги булактары болгон Куран менен хадистерде келген дубаларды жаттап, алар менен сактанууну ар бир жараныбыз эсине түйүп койсо жаман болбочудай.
Корутунду, же коом менен мамлекеттин милдеттери
– психолог жана педагогдорду Ислам дининин адам, үй-бүлө, билим жана тарбияга болгон көз карашы менен тааныштыруу,
– Манас эпосубуздун (Бүбү Марьямдын вариантын эмес) баалуулуктарын билим берүү структураларынын бардык тармактарында окутуу,
– жамааттык дубалардын кылынышы (түлөө өткөрүү, курмандык чалуу сыяктуу),
– суицид боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү,
– маселенин мамлекеттик деңгээлде каралышы жана коомдун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жапырт көтөрүү,
– балдарга жардам берүү үчүн адистердин ыкчам бригадаларын түзүү,
– балдарга зулумдук кылган адамдардын кылмыш иштерин аягына чыгаруу,
– үй-бүлөлүк көйгөйү бар өспүрүмдөрдү убактылуу жайларга жайгаштырып, үй-бүлө конфликти бышып жетилип баратканда кандай аракеттер кылыныш керектигин үйрөтүү,
– теологиялык илими бар педагогдордун ата-эне жана балдарга туруктуу сабак берүүлөрүн мамлекет тарабынан каржылоо,
– жаштарга кумир боло алчу адамдар, үлгүлүү үй-бүлөлөр тууралуу фильмдер тартылып көргөзүлүшү жана каармандары менен чыгармачылык кечелерин уюштуруу,
– окуу жайларда жана аскердик бөлүктөрдө атайын психологиялык кабинеттерди уюштуруу,
– суицидден арылуу темасында кызыктуу китептердин жазылышы,
– жогорудагы иш-чаралардын ММК аркылуу кеңири чагылдырылышы.
Кыскасы, суицидди чечим катары көргөзгөн бардык нерселердин баалуулугун, кызыктыруучу кооздугун жокко чыгаруу керек. Адамдарга жана жаш муунга өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, тескерисинче, чыныгы жашоонун башталышы экенин, тагырак айтканда, акырет түшүнүгүн берүү өтө зарыл.