Украинадагы согуш жөнүндө туура тыянакка келип, туура позиция кармануу оңой эле: Россия менен Украина деген эки сөздү колдонбой, аты-жөнү жок карап көрсө эле баары дайын болот. Эгер керт башка эмне тарапта болосуң деген суроо келсе, мобулардын кайсы жагын колдомоксуз?

Согуш ачып, баскынчылык кылып, кирип кирген тарапта болосузбу же өз жеринде, өз элин, жерин, эркиндигин коргогон тараптабы?

Маалыматты бекем контролдоп, бир гана ооздон чыккан, бир гана көз көргөн маалымат «чындык» деп табылган тарапта чындык болобу же миң түркүн эркин маалымат булактары эч кимдин көзүн карабай эле, маалыматты жеринен барып сүрөт-видеосуна чейин тартып келген тарапта болобу чындык?

Башка элдин жарандарын чалгы менен чөп чапкандай кырып салган тарапты колдойсузбу же ошо чалгычыны сүрүп чыгып, артында калган кырылып жаткан өз жарандарынын сөөгүн таап кан жутуп турган тарапка жан тартасызбы?

Аскерлерин тымызын башка элге согушка жиберип коюп, алардын өлгөнүн да мойнуна албаган, сөөгүн өлгөн жеринде калтырып кеткен тараптыкы туурабы же аскерине жардам кылалы деп жаш-карысы, бай-кедейи, аял-эркек, баарысы жабыла колуна курал алып коргонуп жаткан тарап туура жолдо көрүнөбү?

Аскерлери чет мамлекетке, өз жетекчисинин буйругу менен куралын көтөрүп барып ошол мамлекетти бүлгүнгө салган тарапка жан ооруйбу же миллиондогон энелери, балдары, карыялары аргасыздан чет мамлекетерде башпаанек издеп жургөн тарапка жан тартасызбы?

Башка өлкөнүн ондогон шаар-айылдарын жер менен жексен кылып талкалап салган тарап туура кылуудабы же өз эркиндиги, эгемендиги, улуттук намысы үчүн ошол кыйроодон майышпай, багынып бербей бекем турган тараптыкы туурабы?

Жетекчисин камалып кетпейин деп коркконунан колдогон, туура эмес сөз айтып албайын деп абайлап калган элдин колунда чындык барбы же согушка чейин сындап келген жетекчисин эми жабыла колдоп, ал жетекчиси күн сайын бир жөнөкөй футболкачан эли менен бирге жургөн тарапта чындык орун алуусу көбүрөөк ыктымалбы?

Эн башкысы, өз элиңиздин баалуулуктары, багыты, мүдөөсү кайсыл тараптыкына окшошураак болуусун каалайт элеңиз? Кандай болгондо элиңиз менен, өлкөңүз менен, өзүңүз менен сыймыктанмаксыз?

Дегеним, бул жерде «демократия эмеспи, ар ким өз каалаган тарабын колдойт, ар кимдики өзүнчө туура, пикирлердин көп түрдүүлүгү» деген эзели орунсуз, аны моралдык жактан омурткасыздык деп бааласа болот. “Эки тарап эзели бирдей эмес, каалаган жагымды колдойм” деген бул жерде адамдык адилеттикти жокко чыгарууга барабар.

Бүгүнкү оокат үчүн мүмкүн терс тарапты оң деп саноо ыңгайлуу чыгаар, бирок кененирээк караганда, өзүңдөн, балдарыңдан кийин өзүң уялып калчу абал бул. Жүрөк менен, ариет-намыс менен, акыл менен караңыз. Анткени ошол сапаттар биздин элдин эзелтеден бийик туткан нарктары. Алар азыркы күндө да суудай керек болуп турган, зарыл сапаттар.

Эмилбек Жороев